BBC News, Кыргыз КызMATы - Башталгыч бет
Башкы кабарлар
Эксперттер:"Иран солкулдаса, Борбор Азия сергек болушу шарт". Чөлкөм жаңы геосаясий сыноолорго даярбы?
Казак, өзбек, тажик талдоочуларынын пикирине ылайык, Жакынкы Чыгыштагы соңку чыңалуунун эпкини Борбор Азияга да сөзсүз тиет. Буга чейин аймак үчүн негизги опурталдуулук фактору катары Ооганстан аталып, терроризм, маңзат ташуу жана диний радикализм коркунучу башкы маселе болуп келген. Эми Ирандагы туруксуздук региондун экономикалык туруктуулугуна, саясий коопсуздугуна жана тышкы соода байланыштарына жаңы сыноолорду жаратышы мүмкүн.
ТИМ Жакынкы Чыгыштагы жарандарды эвакуациялоо боюнча Жогорку Кеңешке маалымат берди
Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Иманказиев Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандык жарандарды алып келүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
Түз ободо, NYT: Хаменеинин уулу Ирандын жаңы жогорку лидерлиги үчүн башкы талапкер болуп чыкты
28-февралдын таңында Израил менен АКШ Иранга аба соккуларын баштаган. Буга жооп иретинде Тегеран да Израилди, Перс булуңундагы мамлекеттерди жана алардын аймагындагы АКШнын аскердик базаларын аткылоодо.
Элвира Сурабалдиева 8-мартта тилектештик жүрүшүнө уруксат берүүнү суранды
Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева укук коргоо органдарына жана шаар бийлигине кайрылып, 8-март - аялдардын эл аралык күнүнө карата тилектештик жүрүшүн өткөрүүгө уруксат берүүнү өтүндү.
Трамп Ирандагы операциянын ийгилиги жөнүндө айтып, Стармерди катуу сынга алды
Дональд Трамп Ак үйдө Фридрих Мерц менен жолугушуудан кийин журналисттер менен маектешип жатып, Ирандагы операциянын жүрүшү тууралуу айтып берди. Ал АКШ менен Израил жүргүзгөн аракеттердин натыйжасында Иранга олуттуу зыян келтирилгенин билдирди. Ошондой эле Израилди Иранга сокку урууга өзү түрткөнүн айтты.
Күндүн видеосу
Би-Би-Синин WhatsApp каналына катталыңыз
Биздин каналдан дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы күндүн башкы жаңылыктарын жана Би-Би-Синин эксклюзивдүү баяндарын биринчилерден болуп окуңуз
Редактордун тандоосу
"Жети ай жер төлөдө кармашты". УКМКдан ыдык көргөнүн айткандардын иши каралабы?
Акын Аскат Жетиген, журналист Куттумидин Базаркулов жана саясатчы Султанбай Айжигитов. Бул үч адамды бириктирген жалпылык - алардын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлеринен ыдык, кордук жана кыйноо көргөнү тууралуу билдирүүлөрү.
Ирандагы кыргызстандыктар Түркия же Түркмөнстан аркылуу чыга алышат
Ирандан келе албай калган кыргызстандыктар Түркия же Түркмөнстан аркылуу чыгыша алышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Акын Аскат Жетиген айып изоляторунан чыгарылды
Молдовановкадагы абакта жазасын өтөп жаткан акын Аскат Жетиген айып изоляторунан чыгарылды. Ал эки күн мурда абактагы тартипти бузганы үчүн деп 15 суткага айып изоляторуна киргизилген. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) 4-мартта акын айып изоляторунан чыгарылганын маалымдады. Маалыматта ал ЖАМКнын жетекчилигинин көрсөтмөсү менен чыкканы айтылат. Укук коргоочулар Аскат Жетиген абактагы шарттар боюнча арызданганы үчүн басым-кысымга кабылып, айып изоляторуна камалганын билдиришкен.
Баткен жана Чүй облустарынын жетекчилери алмашты
Президенттин Баткен жана Чүй облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү алмашты. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.
Сауд Арабиясынан Кыргызстанга аба каттамдары жанданары айтылды
Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу жарандарды Кыргызстанга кайтаруу максатында, 4-марттан тарта Жидда – Ош багыты боюнча авиакаттамдар кайра иштей баштайт.
Би-Би-Си ТВ жаңылыктары
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын эл аралык жаңылыктарын көрүңүз.
















































