ТИМ Жакынкы Чыгыштагы жарандарды эвакуациялоо боюнча Жогорку Кеңешке маалымат берди

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандык жарандарды алып келүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
Айтымында, учурда Перс булуңундагы мамлекеттерде жана ага чектеш өлкөлөрдүн аймагында 20 миңге жакын Кыргызстандын жараны бар.
Министрдин орун басары белгилегендей, азыр эң татаал жагдай Бириккен Араб Эмираттарында түзүлүп жатат. Ал жакта 10 миңге жакын Кыргызстан жараны бар, алардын 1200ү эвакуациялоо боюнча кайрылган. Калгандары туруктуу жашаган же иштеп жүргөн резиденттер болуп эсептелет.
"Президенттин тапшырмасы менен бүгүн, 5-мартка оогон түнү, Бириккен Араб Эмираттарынан рейстерди уюштуруп жатабыз. Ошондой эле Омандан эки учак даярдалып жатат. Учурда Абу-Дабидеги консулдук кызмат автобус уюштуруп, жарандарды чогултуп жатышат. Эки каттам менен 360 жаран келет. Алар аялдар, балдар жана улгайган адамдар",- деди ал.
Сауд Арабиясында 7 миңге жакын жаран бар экенин маалымдады. Анын миңге жакыны туруктуу жашагандар болсо, 5–6 миңдейи зыяратчылар. Бул өлкөдөн да миңге жакын жаран эвакуация боюнча кайрылганын кошумчалады.
"Ал жактагы жагдай туруктуураак. Бүгүнкү күндө эки рейс уюштурулуп жатат. Бири Бишкекке, экинчиси Ошко. 127 жана 90 жаран учуп келет. Кийинки каттам жума күнү болот. Тыгыз иш алып барып жатабыз. Иранда 100 жаран бар, алардын бирөө гана эвакуациялоо боюнча кайрылган. Орусия тарап менен биргеликте эвакуация уюштурулуп, жаран Азербайжан аркылуу чыгарылды. Кувейт, Катар жана Бахрейн боюнча да иштер жүрүп жатат",- деди ал.

























