Тегерандын тургундары кантип жашап жатат?

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images
Тегерандын тургундары Би-Би-Синин Перс кызматына билдиришкендей, шаарда жарылуулар уланып жаткандыктан, алар тамак-аштын жетишсиздигине жана баалардын кымбатташына тынчсызданышууда.
"Биз тамак-аш камдап алышыбыз керек, себеби бул абал канчага созуларын билбейбиз, — дейт Насрин аттуу Тегерандын тургуну. — Эгерде азыр камдабасак, эң керектүү нерселерсиз калабызбы деп коркуп жатабыз".
Иранда баалар акыркы жаңжал башталганга чейин эле жогору болчу. Жашоо наркынын өсүшү жана эл аралык санкциялар 2025-жылдын декабрында бүткүл өлкө боюнча нааразылык акцияларына себеп болгон. Ал эми Ислам Республикасынын бийлиги бул митингдерди өтө катаалдык менен баскан.
Интернеттин бөгөттөлгөнүнө карабастан, кыска убакытка тармакка туташып, Би-Би-Синин Перс кызматы менен сүйлөшүүгө үлгүргөн айрым тургундардын айтымында, АКШ менен Израилдин акыркы бир нече күндөгү соккулары кырдаалды ого бетер оорлотту.
Эл аралык жаңылыктар агенттиктерине Иранга виза берүүдөн көп учурда баш тартышат, бул алардын өлкө ичиндеги окуялар боюнча маалымат топтоо мүмкүнчүлүгүн олуттуу чектейт. Интернеттин чектелиши кырдаалды чагылдырууну андан бери татаалдаштырууда.
Пуя аттуу тегерандык тургун согуш ишемби күнү башталгандан бери баалар көтөрүлгөнүн айтты.
"Мен азыр эле бааларды текшердим — күрүч учурда 625 туман турат, согушка чейин 530 болчу", — деди ал. Ал ошондой эле баанын өсүшү баарынан да картөшкөгө катуу тийгенин кошумчалады.
Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары "өкмөттүн биринчи кезектеги керектүү товарлар менен камсыздоо чечимине ылайык», бардык тамак-аш жана айыл чарба азыктарын экспорттоого «өзгөчө буйрук берилгенге чейин" тыюу салынганын кабарлашты.
Тегерандан бир сааттык алыстыктагы Караж шаарынын тургуну Шаяндын айтымында, интернеттин баасы да кескин өскөн.
"Азыр интернетке чыгуу абдан кыйын", — деди ал жана Илон Масктын Starlink топтомдорунун баасы "олуттуу түрдө" кымбаттаганын белгиледи.
Тегерандык 26 жаштагы Омид: "Адамдар бул абал канчага созулат деп кооптоно башташты", — дейт.
"Мен алар [өлтүрүлгөн жогорку лидер Али] Хаменеи сыяктуу айрым чиновниктерге сокку урушат да, баары ошону менен бүтөт деп ойлогом", — дейт ал.
Анын айтымында, шейшемби күнү түштөн кийин шаарда жаңы жарылуулар угулган жана соккулар токтобогондуктан, ал эң керектүү азык-түлүктөрдү сатып алган. Бирок бардык дүкөндөр эле ачык эмес.
"Азыр көчөлөрдө коопсуздук күчтөрү көбөйдү, бирок көчөлөр өзү бош калды. Айрым дүкөндөр, өзгөчө сокку тийген аймактарга жакын жерлер жабылды", — деп кошумчалады Омид.
Тегерандан качуу
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Башка тургундар дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү Ирандын борборунда жарылууларды угуп, көрүшкөнүн билдиришти. Тегерандын тургуну Мариям дүйшөмбү күнү кечинде ракеталык чабуул жасалган жерге жакын болгонун айтты.
"Кечээ кечиндеги соккулар үрөй учурарлык болду. Үйүбүз титиреп жатты", — деп жазган ал билдирүүсүндө.
Айрым тургундар борбор калаага жасалган чабуулдардан улам Тегерандан чыгып кетишкенин айтышты. Бирок Мариям калууну чечкен.
"Кээ бирөөлөр Тегерандан качып кетишти, бирок биз үйдөбүз. Эгер бизди өлтүрүп кетишпесе, көчөдө нааразылык акциясына чакырыктар болгонго чейин ушул жерде болобуз, анан мен үй-бүлөм менен аларга кошулуу үчүн чыгабыз. Бул чиновниктердин бутага алынганына абдан кубанычтамын. Алар жок болмоюнча биз соккуларга чыдоого даярбыз", — деди ал.
Ирандын Кызыл жарым ай коомунун 3-марттагы маалыматы боюнча, 28-февралда АКШ менен Израилдин соккулары башталгандан бери өлкөдө 787ге жакын адам каза болду.
Ал эми АКШда жайгашкан ирандык HRANA (Human Rights Activist News Agency) бейөкмөт укук коргоо уюму 1000ден ашык жай тургун набыт болду.
Кырдаал дагы деле туруксуз бойдон калууда. Израилдин аскерлери шейшемби күнү Ирандын президенттик администрациясына жана башка инфраструктуралык объекттерге сокку урулганын жарыялашты.
28-февралдын таңында Израил менен АКШ Иранга аба соккуларын баштаган. Буга жооп иретинде Тегеран да Израилди, Перс булуңундагы мамлекеттерди жана алардын аймагындагы АКШнын аскердик базаларын аткылоодо.





























