Трамп Ирандагы операциянын ийгилиги жөнүндө айтып, Стармерди катуу сынга алды

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images
Дональд Трамп Ак үйдө Фридрих Мерц менен жолугушуудан кийин журналисттер менен маектешип жатып, Ирандагы операциянын жүрүшү тууралуу айтып берди. Ал АКШ менен Израил жүргүзгөн аракеттердин натыйжасында Иранга олуттуу зыян келтирилгенин билдирди. Ошондой эле Израилди Иранга сокку урууга өзү түрткөнүн айтты.
"Израилди мен түрткөн болушум мүмкүн",- деди америкалык лидер журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
"Биз ал акылсыздар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканбыз, бирок алар бизге биринчи кол сала тургандай сезилди. Мен андай болушун каалаган жокмун. Андыктан кимдир бирөө башка бирөөнү шыкактаган болсо, анда ал менмин".
"Дээрлик баары талкаланды",- деди Трамп Ирандагы операция тууралуу айтып жатып.
Андан АКШ администрациясынын "эң жаман сценарий" кандай болушу мүмкүн деп сурашты.
"Эң жаман вариант - биз муну жасагандан кийин бийликке мурункудай эле жаман адамдын келип калганы туурабы?"- деп жооп берди.
Бул сөзү менен ал кагылышуунун биринчи күнү абадан урулган соккудан каза болгон Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи тууралуу айтты.
Трамп Ирандын өлтүрүлгөн жогорку лидеринин ордун баса турган адамдардын көпчүлүгү жок болгонун кошумчалады.
"Жакында биз ал жакта таптакыр эч кимди тааныбай калабыз",- деди ал.
"Ал Уинстон Черчилль эмес": Британия менен Испанияга карата кескин сын
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Журналисттер менен сүйлөшүү маалында Дональд Трамп Британиянын премьер-министри Кир Стармерди Иранга алгачкы сокку урган учурунда Вашингтонго Индия океанындагы Диего Гарсия аралындагы британ базасын колдонууга уруксат бербегени үчүн катуу сынга алды.
"Кайсы жерге конорубузду тактоого үч-төрт күн кетти. Ал жакка конуу алда канча ыңгайлуу болмок",- деди Трамп.
"Ошондуктан биз абдан таң калдык. Бул Уинстон Черчилль эмес",- деп кошумчалады ал, Стармердин аракеттери тууралуу айтып жатып.
Чагос архипелагы тууралуу сөз кылып жатып, чечимдери үчүн Британияны сындап өттү.
"Аралдарды эч качан көрбөгөн айрым жергиликтүү тургундардын дооматынан улам Британия жүз жылдык ижара келишимин түзгөн имиш. Логика кайда? Муну менен алар мамилени бузушту, өкүнүчтүү",- деди ал.
Трамп Британияны жакшы көрөрүн айтты, бирок өлкөнүн энергетикалык жана миграциялык саясатын "коркунучтуу" деп сындады.
Буга чейин Стармер АКШга Диего Гарсиядагы жана Глостерширдеги RAF Fairford базасын колдонууга уруксат бербеген чечимин тарых менен байланыштырган.
"Ирак боюнча каталар баарыбыздын эсибизде",- деген ал парламентте сүйлөп жатып. "Президент Трамп биздин алгачкы соккуларга катышпоо чечимибизге макул эмес экенин билдирди. Бирок менин милдетим - Улуу Британиянын улуттук кызыкчылыгына туура келген чечимди кабыл алуу".
Кийинчерээк британ премьер-министри Ирандын "чектен чыккан" жообу "элибизге, кызыкчылыктарыбызга жана союздаштарыбызга коркунуч жаратат" деп айткан. Бул аракеттер Жакынкы Чыгыштагы британ жарандарына да коркунуч туудурганын кошумчалаган. Ошондон улам Тегерандын ракеталык инфраструктурасына сокку урууда базаларды колдонууга уруксат берилгенин билдирген.
Даунинг-стрит Трамптын билдирүүлөрүнө расмий комментарий берген жок. Бейрасмий түрдө, Би-Би-Синин саясий редактору Крис Мэйсон билдиргендей, булактар премьер-министрдин улуттук кызыкчылыктар жана коомдук пикир тууралуу жүйөлөрүн кайталаган.
Испания да операция учурунда өз базаларын колдонууга уруксат бербегенин эске салып, Трамп АКШ бул өлкө менен "бардык сооданы токтотот" деп билдирди. Ал финансы министри Скотт Бессентке "бардык келишимдерди токтотууну" тапшырганын айтты.
"Эгер кааласак, ал базаны колдонобуз. Жөн эле учуп барып колдонуп коё алабыз. Эч ким бизге колдонбо деп айта албайт. Бирок биз муну кылууга милдеттүү эмеспиз. Алар достук мамиле жасаган жок. […] Эли сонун, бирок жетекчилиги жакшы эмес. Билесиздер, НАТОдо коргонуу чыгымдарын 5%га чейин көбөйтүүгө макул болбогон жалгыз өлкө - Испания болгон. Алар эч нерсеге макул болгусу келбейт окшойт. Алар коргонуу чыгымдарын 2 пайыз бойдон калтыргысы келген, бирок аны да төлөшпөйт. Ошондуктан биз Испания менен бардык сооданы токтотобуз. Биз алар менен эч кандай иш кылгыбыз келбейт",- деди Трамп.





























