Баткен жана Чүй облустарынын жетекчилери алмашты

Жетекчи

Сүрөттүн булагы, Official

Окуу убактысы: 1 мүнөт

Президенттин Баткен жана Чүй облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү алмашты. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.

Ага ылайык, Айбек Шаменов президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Анын ордуна Мамыржан Рахимов дайындалды.

Мамлекет башчынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Азамат Осмонов да кызматтан кетти. Бул кызматка Элкинбек Аширбаев дайындалганы маалымдалды.

2026-жылдын 10-февралында Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди кызматтан алгандан кийин өлкөнүн кадрдык саясатында бир катар олуттуу өзгөрүүлөр орун алды.

Ташиев менен катар УКМК жетекчисинин бир нече орун басарлары да ээлеген кызматынан бошотулган. Мындан тышкары айрым министрлер жана шаар мэрлери алмашты.