Эксперттер:"Иран солкулдаса, Борбор Азия сергек болушу шарт". Чөлкөм жаңы геосаясий сыноолорго даярбы?

Казак, өзбек, тажик талдоочуларынын пикирине ылайык, Жакынкы Чыгыштагы соңку чыңалуунун эпкини Борбор Азияга да сөзсүз тиет. Буга чейин аймак үчүн негизги опурталдуулук фактору катары Ооганстан аталып, терроризм, маңзат ташуу жана диний радикализм коркунучу башкы маселе болуп келген. Эми Ирандагы туруксуздук региондун экономикалык туруктуулугуна, саясий коопсуздугуна жана тышкы соода байланыштарына жаңы сыноолорду жаратышы мүмкүн.
Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрү кырдаалга кайдыгер карабай, биргелешкен стратегияны күчөтүп, коопсуздук жана экономика тармагында алдын ала чараларды көрүшү керектигин белгилешүүдө.
Би-Би-Си аймактагы саясат таануучуларга кайрылып, Жакынкы Чыгыштагы геосаясий өзгөрүүлөр Борбор Азия үчүн кандай опурталдуулуктарды жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын сурады.
"Ирандагы кырдаал Борбор Азия үчүн сабак"
Париждеги социалдык изилдөөлөр институтунун изилдөөчүсү, Ph.D саясат талдоочу, чыгыш тануучу Парвиз Мулложанов (Тажикстан):
"АКШ менен Израилдин Иранга каршы аскердик аракеттери дүйнөдөгү геосаясий жана экономикалык чоң өзгөрүүлөрдүн белгиси. Дүйнө акырындап көп уюлдуу болуп бара жатат. Ошол эле учурда Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин түзүлгөн эл аралык тартип жана мыйзамдар системасы алсыроодо. Мурда чек аралардын коопсуздугун жана тынчтыкты камсыз кылган келишимдер азыр мурункудай иштебей калды.
Эл аралык уюмдар бардык принциптердин сакталышын толук камсыздай албай жатат. Кош стандарттар көбөйдү, мыйзамдык институттардын кадыры төмөндөдү. Натыйжада жаңжалдар көбөйүп, дүйнөлүк тартип туруксуз болуп калды. Аскердик жана саясий союздар да аларга мүчө өлкөлөрдүн суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн толук коргой албай калды.
Чакан жана өнүгүп жаткан өлкөлөр, анын ичинде Борбор Азия мамлекеттери жыйынтык чыгарышы керек: коопсуздуктун эң ишенимдүү кепилдиги бул - күчтүү экономика жана туруктуу, ынтымактуу коом.

Сүрөттүн булагы, Social media
Ирандагы кырдаал Борбор Азия өлкөлөрү үчүн сабак боло алат. Реформаларды кечеңдетүү, туташ коррупция жана жабык башкаруу системасы барып отуруп чоң кризиске алып келиши мүмкүн. Бул бийликтин алсырашына жана суверенитетке коркунуч жаратышы ыктымал.
Менин оюмча, АКШ менен Ирандын ортосундагы тиреш аймактагы чоң өзгөрүүлөргө алып келет. Иран азыр олуттуу бурулуштун алдында турат. Азыркы бийлик сакталса да, коомдук басым күчөп, ири реформаларга барууга аргасыз болушу мүмкүн. Болбосо, убакыт өтүп бийлик алмашышы ыктымал.
Эгер Иран светтик мамлекетке айланып, санкциялар алынса, өлкө бай ресурстары жана билимдүү калкынын эсебинен тез экономикалык өсүшкө жетише алат. Андай шартта Иран Жакынкы Чыгышта, Борбор Азияда жана Түштүк Кавказда күчтүү жана таасирдүү оюнчуга айланышы мүмкүн.
Жаңы Иран өлкө ичинде, сыртында дагы саясий исламга каршы саясат жүргүзүшү ыктымал. Ошондо ал аймак үчүн гана эмес, жалпы мусулман дүйнөсү үчүн да светтик, экономикалык жана аскерий державага айланып, жаңы феномен болуп калышы мүмкүн".
"Аятолланын өлүмү - мусулмандарга каршы кутум эмес"
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Британияда жайгашкан Central Asia Due Diligence изилдөө борборунун негиздөөчүсү Алишер Илхамов (Өзбекстан):
"Ирандагы жана анын айланасындагы окуялардын Борбор Азиядагы кырдаалга тикелей таасири болушу күмөн. Бирок анын кыйыр таасирин жокко чыгарууга болбойт. Мен мүмкүн болчу эки кесепетин белгилейт элем.
Айрым байкоолор боюнча, Борбор Азиядагы элдердин бир бөлүгү Иран лидери Хаменейдин өлтүрүлүшүн шиит жана миңдеген демонстранттардын өлүмүнө жооптуу авторитардык башкаруучу эмес, мусулман адамдын өлтүрүлүшү катары кабылдап, муну мусулмандарга каршы кутум катары түшүнгөндөр болушу ыктымал. Мындай көз караш аймактагы мусулмандар, өзгөчө тажиктер арасында Батышка , айрыкча, АКШга каршы маанайды күчөтүшү мүмкүн.
Тажиктердин көбү сунниттер болгону менен, этномаданий жактан Иран менен тыгыз байланышта. Тажик тили фарси тилинин негизинде калыптанган. Ирандыктар менен болгон улуттук жана маданий жакындык сезими диний жакындыкты да бекемдеп коюушу мүмкүн.

Сүрөттүн булагы, Screenshot
Батышка каршы маанай күчөсө, муну орус бийлиги өз кызыкчылыгы үчүн колдонууга аракет кылышы мүмкүн. Айрыкча аймактагы тажиктерди жана батышка каршы маанайдагы мусулмандарды орус куралдуу күчтөрүнө кошулууга үндөө жүрүшү ыктымал. Анткени алар антибатыштык ураан алдында аракеттенет эмеспи.
Мындан тышкары, мунайдын баасынын кескин өсүшү Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасына таасир этиши мүмкүн. Казакстан мунай экспорттоочу өлкө катары жагдайдан пайдаланып, продукциясынын баасын жогорулатып экспортту, айрыкча, Кытайга көбөйтүшү мүмкүн. Ошол эле учурда мунайдын кымбатташы дүйнөлүк экономикага терс таасир бериши ыктымал. Бул болсо аймак өлкөлөрүнүн, мунай секторун кошпогондо, экспортко багытталган тармактары үчүн жагымсыз шарттарга алып келиши толук мүмкүн".
"Иран регион үчүн альтернативалык өнөктөш эле"
Астанадагы Аналитикалык изилдөөлөр борборунун директору Алибек Тажибаев (Казакстан):
"Борбор Азия өлкөлөрү сыртка товар сатууга жана башка өлкөлөр аркылуу өтчү транзиттик жолдорго көз каранды. Ормуз кысыгы же Перс булуңундагы инфраструктурага сокку бул аймактын соодасына тикелей таасирин берет.
Мунай менен газ кымбаттаса, башында мындай жагдай Казакстан менен Түркмөнстанга пайдалуудай көрүнүшү мүмкүн. Бирок импортко көз каранды экономикасы бар өлкөлөрдө баалар өсүп, инфляция күчөйт. Жүк ташуу да кымбаттайт.
Иран аркылуу өткөн түштүк жолдор жабылса же кымбаттаса, бул чоң маселеге алып келет. "Түндүк – Түштүк" коридору, Перс булуңундагы портторго кеткен темир жол жана авто жолдор токтосо, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстан "транспорттук туюктукка" кептелиши мүмкүн. Аймак кайрадан Орусия жана Кытайга, ошондо эле Кавказга көбүрөөк көз каранды болуп калат. Иран аркылуу деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү азаят.
Туруктуулук бар учурда Иран аймак үчүн альтернативалык өнөктөш эле. Ал Орусия, Кытай жана Батыштын таасирин тең салмактоого жардам берчү. Ирандын алсырашы Борбор Азиянын Москва менен Бээжинге көбүрөөк көз каранды кылат. Ошол эле учурда АКШ жана Европанын коопсуздук жана инвестиция маселесинде ролун күчөтөт. Бул жагдай таасир үчүн күрөштү шарттайт.

Сүрөттүн булагы, Social media
Кытай "Бир алкак — бир жол" долбоорун активдүү илгерилетет. Орусия ЕАЭБ, ШКУ, ЖККУ сыяктуу интеграциялык форматтарын кеңейтет. Батыш санкция жана эрежелерди сактоо талаптарын күчөтөт. Мындай шартта Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстан өтө так баланс кармоого мажбур. Болбосо алар чоң державалардын атаандаштык аянтчасына айланып калышы мүмкүн.
Буга чейин аймакта негизги коркунуч катары Ооганстан аталчу: терроризм, маңзат ташуу, радикалдык үгүт кооптуулугу бар эле. Эми Ирандагы туруксуздук дагы буга кошулуп жатат. Эгер борбордук бийлик алсырай турган болсо, радикал топтор күч алышы, мыйзамсыз миграция көбөйүшү ыктымал.
Эксперттер азыртан эле "кош басым" коркунучу бар экенин эскертип жатышат. Түштүк тараптан Ооганстан жана түштүк-батыш тараптан Ирандан бир убакта чыңалуу болушу мүмкүн. Бул Тажикстан менен Кыргызстан үчүн чек ара коркунучун күчөтөт. Казакстан жана Өзбекстан үчүн коопсуздук органдарына жүк көбөйүп, чек ара көзөмөлүн күчөтүү зарыл болот".
"Иран хаостун жаңы аренасы айланбайбы?"
Эл аралык журналист, аймактык маселелер боюнча эксперт Негматулло Мирсаидов (Тажикстан):
"Иран менен Тажикстандын эң жакшы өз ара мамилеси бар. Расмий Иран менен кызматташтыгыбыз улам өнүгүп келе жаткан. Анан албетте, соңку окуялар биздин экономикалык байланыштарыбызга доо кетирет. Борбор Азияда жалгыз биз эле эмес, Казакстандын деле жакында Иран менен жогорку деңгээлде жолугушуулар болуп, расмий бир катар макулдашууларга жетишкен. Иран Ислам Республикасы менен аймактагы бардык өлкөлөр кызматташат. Эми алар ишке ашабы - суроо ачык калды. Мисалы, Иран аркылуу Перс булуңундагы портторго чыкчу темир жолдун курулушу долбоору эмне болот...
АКШ менен Израилдин Ирандагы операциясы качан бүтөт, ал кандай жыйынтыктарга алып келет биз билбейбиз. Иранда режим өзгөрөбү, тараптар ок атышууну токтотууга макулдашабы, Иран АКШнын шарттарын кабыл алабы, белгисиз. Бирок опурталдуулуктар аябай чоң болуп турат.

Сүрөттүн булагы, Social Media
Бизди тынчсыздандырган башкы нерсе бул – Иран хаостун жаңы аренасы айланбайт болду бекен деген суроо. АКШ ошол эле Иракка кол салганда, ал жакта эмне болду эле, андан кийин алардын абалы кандай болду. "Ислам мамлекети" тобу пайда болуп, ал көптөгөн жылдар бою элди коркунучта кармап, миңдеген качкындар өз өлкөсүнөн чыга качпадыбы. Эң эле коркунучтуусу биздин аймактан, Борбор Азиядан көптөгөн жарандырыбыз алардын катарына кошулуп, согушкер болуп кетишти. Бул аябай чоң опурталуудулук. Эми террордун, башаламандыктын жаңы толкуну болбойбу деген санаа бар. Коом дагы радикалдашып кетпейби...
Бизде шүгүр, Тажикстанда абал азыр жакшы. Биз коңшулар менен тынчтыкта экономиканы өнүктүргүбүз келет".
Жакынкы Чыгыштагы чыңалуу кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат?
Бишкектеги Бизнес ассоциацияларынын альянсынын төрагасы, экономист Искендер Шаршеев (Кыргызстан):
"Жакынкы Чыгыштагы чыңалуу кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат? Ормуз кысыгы буулса же аймак өтө эле туруксуз боло баштаса, кургакта товар ташыла баштайт. Фуралар мененби же темир жол аркылуубу мультимодалдык жолдор менен товар ташуу күчөйт. Регионго транзиттик экспорт менен импорттон акча түшө баштайт.
Дубайда, Бирикккен Араб Эмираттарында, Оманда жүргөн орус жарандары кайрадан биздин аймакка - Казакстан менен Өзбекстанга кайтып, капиталдарын да регионго бурушу мүмкүн. Алар кайрадан турак жайга акчаларын салышса, бул биздин рынокто ижаранын кымбаттоосуна алып келет. Бул, албетте карапайым адамдарга жүк алып келет.
Инфляция дүйнө боюнча 2-3% өссө, бизде ал сан 4-5% өсүшү мүмкүн.
Мунайдын баасы баррелине 140 долларга чейин көтөрүлсө, аймакта Орусия тарапка импорт-экспорттук операциялар күчөйт. Себеби, андай жагдайда Орусияга кошумча акча түшөт. Бирок ошону менен бирге бензинге баа да өсүшү толук ыктымал.
Ормуз кысыгы бизге мунай маселесинде өтө мааниге эмес, себеби биз аны орустардан ташыйбыз да. Бирок бул Кытайдын экономикасына сокку болот, ал Ирандын күйүүчү майларына көз каранды. Өзүнө керектүү күйүүчү майдын 30-40% ал Ирандан алат эле да. Бул өз кезегинде Кытайда товардын кымбатташына алып келет. Анда биз үчүн Кытайдын реэкспорт үчүн алган товарлардын баасы өсүшү мүмкүн. Бул экономикабызга тикелей таасирин берет.
Бирок, жалпысынан алганда, экономикалык жактан бул жагдайдын регион үчүн мүмкүнчүлүктөрү көбүрөөк болобу деп турам. Бирок, согуш уланса инфляция жогорулайт.
Ирандагы окуялардан улам Борбор Азияда коопсуздук маселеси биринчи орунга чыгат. Регионго качкындар агылат, арасында акчалуу бизнесмендер, элитасы да оошу мүмкүн. Бирок аскердик түзүмдө иш алып баргандарын абайлаш керек, алар террордук коркунуч жаратышы мүмкүн. Борбор Азия мамлекеттери ошого катуу көңүл буруусу зарыл деп эсептейм".
Жыйынтыктап айтканда, эксперттер Иран айланасындагы чыңалуу Борбор Азия үчүн аймактын коопсуздугу менен экономикасына таасир эте турган жагдай экенин айтышууда. Дүйнөдө күчтөрдүн ортосундагы атаандаштык күчөп, эл аралык эрежелердин таасири алсырап турган учурда ар бир өлкө өзүнүн ички бекемдигине, биримдигине көбүрөөк көңүл бурууга жана таянууга аргасыз дешет, алар. Туруктуу экономика, ачык жана натыйжалуу башкаруу тышкы басымга туруштук берүүнүн негизги шарттары катары аталууда.





























