"Ысык-Көлдө аял милициянын алдында өзүн өрттөп өлгөн"

Милициянын алдында өлгөн
    • Author, Мээрим Догдурбекова
    • Role, Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын кабарчысы
  • Окуу убактысы: 4 мүнөт

Ысык-Көлдө 41 жаштагы аял милициянын алдында өзүнө өрт коюп, алган күйүк жаракаттарынан улам каза болгону айтылды.

Маалыматка ылайык, маркум 25-февраль күнү 2009-жылкы кызын ооруканага алып барганда, анын кош бойлуу экени билинет. Андан соң Ак-Суу районундагы ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган. Кош бойлуу делип жаткан кыз суракка алынып жаткан маалда апасы сыртка чыгып келүүнү суранып, ошол бойдон кайткан эмес.

"Өспүрүм кызды энесинин катышуусунда суракка алып жаткан учурда энеси "мен эшикке чыгып келейин, суусап жатам" деп чыгып кеткен. Чыгып, милициянын мандайында жайгашкан май куюучу бекеттен бензин алып келип, РИИБнын эшигинин алдынан өзүнө бензин чачып, өрттөп жибергени аныкталган. Судмедэкспертиза изилдөө иштерин жүргүздү – денесинде күйүктөн башка жаракаттар аныкталган жок",- деди Ысык-Көл облустук тергөө кызматынын башчысы Данияр Иманакунов УТРКга берген маегинде.

"Суракты жүргүзүүнүн тактикасы туура болушу керек"

Кыргызстандын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева бул окуяны өз көзөмөлүнө алганы кабарланды. Маалыматта омбудсмен укук коргоо органдарын бул ишти тыкыр иликтеп, калыс укуктук баа берүүгө чакырган. Омбудсмендин Ысык-Көлдөгү өкүлү Ак-Cуу айылына барып, 16 жаштагы кыздын коопсуздугу боюнча мониторинг жүргүзүп келгенин айтты. Ал мындай окуяда, милициянын сурак алуудагы тактикасы туура болушу керек деп эсептейт.

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева

Сүрөттүн булагы, ombudsman.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева

"Бул окуяда Кыргыз Республикасынын 157-беренеси боюнча текшерүү жүргүзүлүшү керек экен. 16 жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер деген статьясы боюнча. Себеби дегенде, бул статья оор кылмыштарга кирет. Бул кыздын көрсөтмөсүнүн негизинде кылмыш иши козголобу же козголбойбу деген суроо тез арада каралышы керек болчу, ошол себептен кыз суракка алыныптыр. Апасы суракка катышпайм деген үчүн ошол жерде баланын ата-энеси жок болсо, тийиштүү кызматкерлер катышышы керек эле. Мен суракка психолог катыштыбы деп сурап көрдүм, алар жанагы берененин негизинде катышуунун кажети жок болчу деп айтышты. Бирок биз баары бир психолог катышса болмок деген ойдобуз. Жаш өспүрүмдөрдүн дал ушундай кылмыштар боюнча суракка алынышы абдан оор. Мунун тактикасын да туура жүргүзүш керек. Биз деле жаш кызды эмне себептен аял кишилер сураган жок дегенде, ошол күнү мөөнөттө эркек тергөөчү тургандыктан, суракты ыкчам түрдө ошол киши жүргүзүүгө туура келди дешти. Мындан ары ал кызга тактоочу суроолор берилет да, ошол учурда биздин рекомендация боюнча аял киши суракка алат деп ойлойбуз", - деди Акыйкатчынын Ысык-Көл облусундагы өкүлү Руслан Бердибаев.

Руслан Бердибаев учурда балдар таежесинин колунда экенин кошумчалады.

"Кызым боюнда болуп калды, элдин бетин кантип карайм"

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы 25-февралда Ак-Суу РИИБге каза болгон келиндин 17 жаштагы кызы 16 жумалык кош бойлуу экени тууралуу маалымат түшкөнүн, бул боюнча тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталганын маалымдаган.

Бул фактынын негизинде Тергөө кызматы тарабынан 17 жаштагы өспүрүм кыз суракка алынган. Сурак алуу учурунда мыйзамдуу өкүлү катары катышуудан анын апасы — 1985-жылы туулган М.А. — баш тарткан (себеби "кызым боюнда болуп калды, элдин бетин кантип карайм" деп билдирген). Буга байланыштуу Ак-Суу райондук Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо башкармалыгынын кызматкеринин катышуусунда жашы жете элек өспүрүм кыз суралган",-деп берилет маалыматта.

Ошол эле күнү, 25-февралда саат 21:00 чамасында өспүрүм кыздын апасы "дүкөнгө суусундук алам" деп чыгып кетип, күйүтүнө чыдабай, өзүнүн денесине бензин куюп, өзүн өзү өрттөгөнүн билдирген милиция.

Натыйжада келин Ысык-Көл облустук ооруканасына жеткирилип, алган күйүк жаракаттарынан улам каза болгону жазылган.

Бирок Би-Би-Си Ысык-Көл облустук ооруканасына байланышканда, маркум ал жакка жеткирилбегенин айтышты. Тактоо максатында биз Ак-Суу райондук ооруканасына чалып көрдүк:

"Тез жардам чакырышыптыр, барса келин өлүп калыптыр. Дароо эле моргго сөөгү жеткизишиптир. Ооруканага келбептир, ордунан эле өлүптүр",-деди Аксуу райондук ооруканын башкы дарыгеринин орун басары.

Жалгыз бой эне болгон. Артында төрт баласы калды

Маркум аял Ак-Суу районунун Ак-Суу айылында төрт баласы менен турган. Анын бир тууган эжеси менен агасы келинди жанына тың, өз күчү менен үй салдырып, балдарын багып келаткан болчу деп эскеришти.

агасы эжеси
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Маркумдун эжеси Айнура Мукенова жана агасы Эрлан Мукенов

"Өлөм деп айткан эмес да. Үйдө отуруп эле азыр келем деп эшикке чыккан. РОВДга (Райондук ички иштер бөлүмүнө) барган экен, ал жакка эмнеге чакырышканын деле билбейм. Жөлөк пул алчу балдарына. Жакшынакай эле балдарын багам деп жүргөн", - деди эжеси Айнура Мукенова.

"Жакшы эле жүрчү. Эч кимге эч зыяны жок эле. Ушул үйдү тырышып жатып, өз күчү менен салдырды. Өз эмгеги менен оокатын кылып, мал-жайын да курап келаткан. Анан эмне болуп кырсык басты билбейм. Ушундай кырсык болуп кетерин деле билген эмеспиз.",-деди Эрлан Мукенов.

Оор турмуш, акыркы чек...

Ак-Cуу айыл өкмөтүнүн башчысы Талант Кобонбаев Би-Би-Сиге билдиргендей, маркум жалгыз бой эне болгонун, чыйрак, тайманбас мүнөзү менен мындайга барбай турганын эскерди.

"Ак-Сууга келип турганына он жылдай болуп калды. Күйөөсү менен ажырашып кеткен, төрт баланын энеси болчу. 2013-жылдан бери аз камсыз болгон үй-бүлө катары каттоодо турат. Ай сайын жөлөк пул алып келген. Кабарды угуп алып, мен да нес болуп турам. Балдарынын азабын тартып жүрүп, эмне болуп жатканын өзү билбей калды окшойт. Болбосо, төрт-беш күн мурун сүйлөшкөндө андай ою такыр жок болчу. Кош бойлуу болуп калды деп айтылып жаткан кызы улуу кызы. Күйөөсү менен ажырашканына көп эле болуп калган, катышышпайт болчу, мен аны көргөн да эмесмин. Мүнөзү тайманбаган кыз эле, өзүм да ишене албай турам, мындайга бармак эмес ал",-деди айыл окмот башчысы.

аксуу боз уй

Кобонбаевдин айтымында, маркум аял жашоо-шарты начарыраак болуп, өз үйүнө былтыр гана ээ болгон. Аз камсыз болгон үй-бүлө катары өкмөттөн ай сайын жөлөк пул алып, кышкысын отун, көмүр да берилип турган.

Айрымдары бул келин турмуштун оош-кыйышынан улам кызынын кош бойлуулугу тууралуу жаңылык ага акыркы чек болгонун айтууда.

Маркум келиндин жакындары анын боюнан бүткөн кызы тууралуу сөз кылуудан баш тартышты. Кыз кесиптик лицейде окуп жатканы маалым болгон.

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөөгө чейинки териштирүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Коомчулукта бул окуя кызуу талкууга алынып, маркум аял эмне үчүн милициянын алдында жанын кыйган, милиция туура мамиле кылганбы, аялдын жашоо шартынын начардыгы да анын жанына баттыбы жана күйөөсү кайда деген суроолор жаралууда.