Элвира Сурабалдиева 8-мартта тилектештик жүрүшүнө уруксат берүүнү суранды

Сүрөттүн булагы, Official
Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева укук коргоо органдарына жана шаар бийлигине кайрылып, 8-март - аялдардын эл аралык күнүнө карата тилектештик жүрүшүн өткөрүүгө уруксат берүүнү өтүндү.
Айтымында, марш аялдар туш болуп жаткан актуалдуу көйгөйлөргө, үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулукка, дискриминацияга, тең укуктуулук маселесине коомчулуктун жана мамлекеттик органдардын көңүлүн буруу максатын көздөйт.
"Бир нече жылдан бери Бишкекте 8-мартта марш өтүп келет. Алар зордук-зомбулукка каршы, айымдардын үнүн жеткирели, аялдарды колдоп берели деген максатта уюштурулуп жатат. Марштын уюштуруучулары мага кайрылышты. Иш-чаранын коомдук мааниси жогору. Ал аялдардын укуктарына байланышкан маселелерди маалымдоого гана багытталган",- деди ал.
Депутат Уркуя Салиеванын эстелигинен баштап, Горький гүл бакчасына чейин жүрүш пландалып жатанын айтты. Улуттук наркка туура келбеген кадамдар болой турганын кошумчалады.
"Урматтуу укук коргоо органдары, урматтуу мэр, бул жүрүшкө көпчүлүгү айымдар жана жаш кыздар катышат. Биз аялдардан коркпойбуз го. Ошону туура кабыл алып, чектебей, уруксат берип коюңуздар. Жүрүштүн башына бир МАИ кызматкерин, аягына бир кызматкерди коюп берсеңиздер жетиштүү. Бул мурда атайын кызматкерлердин провокациясы болгон деген сөздөрдү да уюштуруучулардан уктум. Ошондуктан жаз майрамын жакшы демилге менен тосуп алалы деп суранат элем",- деп кайрылды депутат.
Кыргызстанда 2025-жылдын 11 айында ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 19 миң 995 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2024-жылдын алгачкы 11 айына салыштырганда 27,5% же 4320 фактыга көп.
2025-жылы 25-декабрда ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Данияр Сапарбаев 2025-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктан 31 адам ажал тапканын билдирген.

























