АКШ: Орусия чегинген аскерлерин өлүм жазасына тартууда

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Орусия Украинанын чыгышындагы кандуу чабуулдан чегинүүгө аракет кылган аскерлерин өлүм жазасына тартууда деп билдирди Ак үй.
АКШнын айтымында, Орус аскерлеринин Авдиевкага жакын жердеги жоготууларынын бир бөлүгү "өз башчыларынын буйругу менен" болгон.
Орус жана украин аскерлери октябрь айынын ортосунан бери фронт тилкесинде турган шаар үчүн катуу салгылашууда.
Ошол убакыт ичинде Орусия “олуттуу” жоготууларга учураганы айтылып жатат.
Украиналык эсептөөлөр боюнча, Авдиевкада орусиянын жоготууларынын саны 5000ге жетет, ал эми АКШ Орусия "кеминде" 125 бронетехникасын жана бир батальонго жете турган аскердик каражатын жоготту деп эсептейт.
Украин армиясынын басма сөз катчысы орус аскерлери Авдиевкагадагы украин позицияларына чоң жоготуулардан улам чабуул жасоодон баш тартып жатканын жана айрым бөлүктөрдө козголоң чыкканын билдирди.
"Өткөн жылдагы ийгиликсиз кышкы чабуулу учурундагыдай эле орусиянын мобилизацияланган күчтөрүнүн машыгуусу чабал, жабдуусу начар жана согушка даярдыгы жок", - деп билдирди бейшембидеги брифингде Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Жон Кирби.
Анын айтымында, “орус армиясы "адам толкуну" деп аталган тактиканы колдонуп, начар даярдалган жоокерлердин массасын жөн эле согушка ыргытып жатат".
"Тийиштүү жабдуулар жетишпейт, туура башкаруу, ресурс жана колдоо жок. Андыктан, орус күчтөрүнүн моралдык абалы начар экени таң калыштуу эмес", - деп кошумчалады Кирби.
Орусия оккупациялап алган Донецк шаарына жакын жайгашкан Авдиевканы алуу орус аскерлерине фронт сызыгын жиреп кирүүгө мүмкүндүк берет. Бул өз кезегинде украин күчтөрүнүн Донецк аймагына алга жылышын кыйындатат.
Орус аскерлери Авдиевканы тынымсыз аткылап жаткандыктан, шаардын 30 000 тургуну жер которгон. Ушул жуманын башында Украинанын президенти Владимир Зеленский кырдаалды “өзгөчө оор” деп мүнөздөгөн.
Бейшембиде АКШ Украинага артиллерия жана ок атуучу куралдарды, ошондой эле танкка каршы куралдарды камтыган жаңы 150 миллион долларлык аскердик жардам пакетин жарыялады.
Бирок ушул аптанын башында республикачы Майк Жонсон АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикерлигине шайлангандан кийин келечекте Украинага жардам жиберүүдө маселе жаралышы мүмкүн.

Республикалык партияда оңчул позицияны карманган Жонсон мырза АКШнын Украинага мындан ары көмөк көрсөтүүсүнө каршы жана буга чейин жардамга бөгөт коюу боюнча мыйзамга түзөтүүлөрдү колдогон.
АКШ Украинанын эң ири аскердик донору болуп саналат, ал буга чейин кырк алты миллиард доллардан ашык каражат жумшаган, андан тышкары ондогон миллиарддык каржылык жана гуманитардык жардам жиберген.
Орусиянын президенти Владимир Путин 2022-жылдын февралында Украинага каршы толук масштабдуу согуш баштаган.





























