Украинанын жаңы куралы Москвага коркунуч келтиреби?
Олег Черныш, Би-Би-Си украин кызматы

Украина теориялык жактан Орусиянын Рязань, Курск, жада калса Москва өңдүү шаарларына жете алчу өзүнүн алыска тийүүчү ракетасын ойлоп тапкан сыяктуу. Би-Би-Синин украин кызматы мунун чын-бышыгын ырастоо максатында өз булактары менен сүйлөштү.
"Узак аралыкка атуучу куралдарыбыз сыноодон ийгиликтүү өттү: 700 километр алыстыктагы бутага сокку урулду", - деди Владимир Зеленский 31-августта. Бирок украин президенти так кайсыл курал жөнүндө айтып жатканы азырынча белгисиз. Болгону украинанын жаңы ракетасы кандай экендиги тууралуу божомолдор бар.
Ушул эле күнү Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Алексей Данилов өзүнүн социалдык баракчаларында ракета учурулган видеону жарыялады. Ушул эле видеону Украинадагы алдыңкы ракеталык жабдууларды иштеп чыгуучу — “Луч” конструктордук бюросу да чыгарган.
"Украин президентинин ракеталык программасы иш учурунда. Сыноолор натыйжалуу жана ийгиликтүү өттү”, — деп жазган Украин коопсуздук кеңешинин катчысы.
Украинанын “Укроборонпром” компаниясынын жетекчилигиндеги Би-Би-Синин маектешинин айтымында, Даниловдун видеосунда Зеленский айтып жаткан дал ошол “жети жүз километрдик аралыкка атуучу курал” көрсөтүлгөн.
Украинанын бул ракетасы буга чейин эле согушта колдонулган, деп кошумчалады Би-Би-Синин булагы, бирок бул тууралуу кененирээк айтуудан баш тартты - атүгүл ракетанын атын да айта алган жок. Ошол эле кезде ал “Нептун” ракетасынын модернизацияланган версиясы болушу мүмкүн экенин четке каккан да, тастыктаган да жок.
"Нептун" кайтып келеби?
Август айынын аягында батыштык маалымат каражаттары, ошондой эле украиналык аскер блоггери жана “Цензор.Нет” басылмасынын башкы редактору Юрий Бутусов “жаңы курал” — украинанын “Нептун” ракетасынын кайра иштелип чыккан түрү экенин жазышкан.
“Луч” конструктордук бюросунда иштелип чыккан жана уч жыл мурда пайдаланууга берилген бул ракеталык система ачык деңизде душмандын кемелерин жок кылууга багытталган.
Бул Украинанын коргонуу өнөр жайынын акыркы жылдардагы эң маанилүү жетишкендиктеринин бири, бирок толук масштабдуу согуш башталганда мындай ракетанын бир нече гана нускасы жасалган эле.
2022-жылдын 13-апрелинде эки “Нептун” ракетасынын соккусу Орусиянын Кара деңиз флотунун башкы кемеси болгон "Москва" крейсерин жок кылганын украин бийликтери ырасташууда.

Сүрөттүн булагы, КБ "ЛУЧ"
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Маалыматтарга караганда, модификацияланган Р-360 ракетасы 23-августта оккупацияланган Крымдын эң батыш бөлүгү – Тарханкут тумшугунда жайгашкан орусиялык жаңы С-400 зениттик-ракеталык комплексин ийгиликтүү жок кылган.
Бута Украин жээгинен болжол менен жүз элүү – жүз сексен километр аралыкта жайгашкан эле.
Кийинчерек Коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Данилов Орусиянын абадан коргонуу системасы украина ракетасынын соккусуна кабылганын ырастап, бирок ракетанын кайсыл түрү колдонулганын айтуудан баш тартты.
"Биз аны жаңы эле чыгардык, ракета өзүнүн кынтыксыз экенин далилдеди" деп билдирген Данилов. Ал ошондой эле, Украинанын коргонуу өнөр жайында жасалган бул курал 2020-жылы бекитилген ракеталык программанын алкагында жасалганын кошумчалады.
Жердеги бутага чабуул жасоо үчүн кемеге каршы ракеталарды колдонууну украина ойлоп тапкан жок. Дээрлик согуштун алгачкы жумаларынан тартып эле орус армиясы ушундай ыкма менен X-22 жана “Оникс” аттуу кемеге каршы үндөн ылдам учуучу ракеталарды колдонуп келет.
Үстүбүздөгү жылдын 14-январында Х-22 ракетасы Днепрдеги көп кабаттуу үйдү талкалап, 46 адам каза болгон.
“Нептунга” келсек, анын жер бетиндеги бутага каршы колдонулушу мурда белгилүү болгон эмес.
Андан тышкары, мындай модификация ракетанын бутага багыттоо системасын олуттуу түрдө кайра конструкциялоону талап кылат. Эгерде чындап эле анын диапазону айтылып жаткан жети жүз километрге туура келсе, анда бул анын кыймылдаткычында да олуттуу өзгөрүүлөр болгонун көрсөтүп турат. Кемелерге каршы жасалган “Нептун” өзү үч жүз километрге чейинки аралыкка жете алчу.
Деңиз үстүндөбү же жер үстүндөбү?
Данилов жарыялаган 20 секунддук кыска видеону талдап жатып, Defense Express’тин башкы редактору Олег Катков ракетанын ылдамдаткычы бөлүнгөн учурду эске албаганда, иш жүзүндө өзгөчө эч нерсе байкалбайт дейт. R-360 “Нептун” да ушундай жол менен учурулат
"Эң прагматикалык түшүндүрмө: бул чындап эле кайра иштелип чыккан “Нептун” ракетасы, анткени ал ракетаны жээктеги бутага сокку урууга ыңгайлаштыруу маселеси эң башынан эле көтөрүлгөн", - деп түшүндүрдү эксперт Би-Би-Синин украин кызматына.
Маселен, эксперттин айтымында, кемеге каршы “Harpoon” ракетасы (Harpoon Block 2 версиясы) ушундай эле функцияга ээ. Бирок, анын башында бутаны өзү таап баруучу радиолокациялык аппараты бар.
Бул, мындай ракета алдын ала жүктөлгөн маалыматтардын негизинде объектти өз алдынча таап, сканерлеп, бутага ала алат дегенди билдирет.
Бирок кургактагы буталарга кемеге каршы ракеталар менен сокку уруунун олуттуу өзгөчөлүгү бар. Алар жээкке жакын объекттерге гана сокку ура алат, анткени ракета аралыктын көп бөлүгүн деңиз үстүнөн учуп өтөт.
Бул жагдай "жаңы жети жүз километрдик украин куралы" Кара деңиз жээгинде жайгашкан объектилерге гана колдонулушу мүмкүн экенин көрсөтүп турат жана Москва үчүн коркунуч туудурбайт (Украина чек арасынан Орусиянын борборуна чейинки аралык болжол менен 420 км).
Ракета кургактыктан учуп өтүшү үчүн рельефтик система менен жабдылышы жана радиоэлектрондук тоскоолдук каражаттарына каршы туруусун жогорулатууга тийиш.
Мисалы, заманбап канаттуу ракеталарга орнотулган DSMAC (Digital Scene Matching Area Correlator) системасы учуп баратып астыдагы рельефти сканерлейт жана аны баштапкы берилген координаттарга байланган сүрөт менен салыштырат.

Сүрөттүн булагы, ГУР МОУ
Андыктан, ракета менен спутниктик байланыш жок болуп кетсе же душман тарабынан тосулуп калса да, ал аймакты өзү талдап, берилген баштапкы сүрөт менен салыштырып, бутага барчу жолду уланта алат.
Украинанын заманбап ракеталарды чыгара турган технологиялары барбы?
Укроборонпромдо бир канча убакыт иштеген Олег Катков бар деп эсептейт. Мисалы, толук масштабдуу кол салуудан бир нече жыл мурун Киевдеги курал-жарак көргөзмөсүндө DSMAC сыяктуу система орнотулган украинанын Коршун-2 канаттуу ракетасынын прототиби көрсөтүлгөн.
Иштеп чыгуучулар “Сапсан” (“Гром-2”) баллистикалык ракетасынын үлгүсүн жасоодо ошол эле иштөө принцибин киргизишкен. Согуш башталгандан бери Россия Федерациясы украинанын Гром-2 ракеталарын "атып түшүргөнүн" бир нече жолу жарыялаганына карабастан, Украин бийликтери аны жасоо боюнча иштер дагы эле уланып жатканын билдирген.
Катковдун айтымында, Украина ракеталык программасын иштеп чыгууда эки жолду тандаган болушу мүмкүн.
Биринчи жол — Нептундун дүрмөтүн жээктеги буталарга сокку урууга ылайыкташтыруу. Экинчиси — кургактагы алыскы буталарга каршы рельефти айланып өтүүчү системасы бар канаттуу ракетаны иштеп чыгуу.
"Биринчи жол - жеңил, ошондуктан реалдуураак көрүнөт, экинчиси татаалыраак, бирок аны деле ишке ашырса болот, болгону технологиялык жактан кыйын болот", - дейт эксперт.
Канчалык узакка жете алат?

Сүрөттүн булагы, "УКРОБОРОНПРОМ"
Бийликтер айтып жаткан жети жүз километр аралык да көп суроолорду жаратууда.
Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн карамагындагы батыштын Storm Shadow жана SCALP ракеталарынын ыраактыгы беш жүз алтымыш километр, ал эми Украина алган экспорттук версиясынын ыраактыгы – эки жүз токсон километр.
Буга чейин айтылган “Нептундун” кемеге каршы версиясы да ушундай диапазонго ээ.
Эгер Зеленский менен Данилов чындап эле ушуну айтып жаткан болсо, анда Украина ракетанын ыраактыгын кантип эки эседен ашырып жатат?
Эң белгилүү чечим, дейт Defense Express гезитинин башкы редактору, — ракетанын күйүүчү май бактарын көбөйтүү же кошумча конформдык бактарды колдонуу. Бул учурда бактар ракетанын корпусуна кадалат.
Күйүүчү майдын көлөмүн көбөйтүү ракетага көбүрөөк аралыкты басып өтүүгө мүмкүндүк берет.
Дагы бир вариант - күйүүчү майды үнөмдөгөн кыймылдаткычты колдонуу.
Ачык булактардан белгилүү болгондой, “Нептундун” кемеге каршы версиясында стартер жана колдоочу — эки кыймылдаткыч болгон. Биринчиси — советтик С-125 зениттик ракетасынан алынган стартер. Ал катуу отун менен иштеп, ракетаны учуруучу контейнерден кое берилип, баштапкы ылдамдыкты берүү үчүн модификацияланган, андан кийин негизги кыймылдаткыч ишке кирген.
Ал “Мотор Сич” заводу чыгарган MS-400 турбореактивдүү кыймылдаткычы. Мындай чакан көлөмдөгү кыймылдаткычтар 1982-жылдан бери Запорожьеде ири көлөмдө чыгарылып, совет доорунда Х-55 жана Х-55СМ тибиндеги үн астындагы стратегиялык канаттуу ракеталарда, Х-95М, Х-35 тибиндеги авиациялык тактикалык ракеталарда жана КС-122 тибиндеги кеме ракеталарында колдонулган.
Ал заманбап дрондордо да колдонулат.
Башка жагынан алып караганда, эгерде биз “Нептундан” алыстай турган болсок, анда теориялык жактан айтылып жаткан жети жүз км. аралыктагы кыйратуу диапазонун жердеги буталарга сокку уруу үчүн өзгөртүлгөн советтик S-200 зениттик ракетасы камсыздай алат.
Жайында Украина бул ракеталарды орусиянын Таганрог шаарына жана оккупацияланган Крымдагы аскердик буталарга чабуул жасоо үчүн колдонгон.

Сүрөттүн булагы, MIKE RIGHT/TWITTER
Ошол кезде орусиялык маалымат каражаттары алты жүз километрге чейинки аралыктагы буталарга сокку уруу үчүн ылайкташтырылган S-200 абадан коргонуу ракеталарын колдонуу “теориялык жактагы мүмкүн” деп белгилешкен.
Бирок, бул ракетанын эскилиги жеткен жана анын жүздөгөн километр алыстыктагы бутага даана тийиши үчүн — атап айтканда, багыттоо системасы — бир топ оркүндөтүлүшү керек.
Эгер Украина “Нептунду” ыраактыгы өсүп, багыттоо системасы өзгөрө тургандай кылып кайра жасай алган болсо, анда ал чындыгында жаңы ракета болуп калат, деп эсептейт Катков.
"Мындай кырдаалда биз “Нептун” жөнүндө сөз кылбашыбыз мүмкүн. Анткени, бул жөнөкөй адаптация же модернизация эмес экени анык. Бул чындыгында өзүнчө жаңы система”, - дейт ал. (DO)





























