Элдик курултай мыйзам долбоору эмнеге каралбай калды?
Жогорку Кеңеш Президент сунуштаган "Элдик курултай" жөнүндөгү мыйзам долбоорун карабай күн тартибинен алып салды. Өткөн жылы дагы бул долбоорду тармактык комитеттен эле өткөрбөй, кайра кайтарып жиберишкен болчу.

Сүрөттүн булагы, DOSALIEV SULTAN
Жогорку Кеңештин шаршембидеги жыйынында Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев элдик курултай жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алып берүүнү өтүнгөн менен депутаттар аны оңдолбой эле чийки бойдон, эч өзгөрбөй эле кайра келди деп сынга алышты.
"Мисалы, бул жерде курултайдын мыйзам чыгаруу демилгеси бар деп жазылыптыр. Анда биз бул жерде эмнеге отурабыз?"-деди Балбак Түлөбаев.
"Курултайды өткөрдүңөр, ошонун негизинде мыйзам жазып келбейт белеңер. Эч нерсе өзгөргөн эмес. Концепция деген жалпы багыт. Ага добуш бердиртип алып кантип экинчи окуудан өткөрөсүңөр? Момундай турушунда мен концепциясын да колдобойм",-деди Элмурза Сатыбалдиев.
Жогорку Кеңеште депутаттар арасында элдик курултай эмне экенин, ал кандай иштей турганы жөнүндө ар башка көз караш, көп түшүнбөстүктөр болуп жатат.

Сүрөттүн булагы, President.kg
Элдик курултайдын төрагасы Кадыр Кошалиев Би-Би-Сиге мыйзам долбоору күн тартибинен убактылуу эле алынганын, макулдашуу комиссиясы менен кайра каралып иштелип чыгарын билдирди.
"Депутаттардын арасында мыйзам чыгаруу укугу менен мыйзамды демилгелөө укугу дегенди чаташтырып түшүнгөндөр да бар экен. Курултайдын, туура, мыйзам демилгелөө укугу бар. Ал эми мыйзам чыгаруу укугу Жогорку Кеңеште. Ушуга окшогон майда-чүйдө суроолор берилди кечээ. Комитеттин мүчөлөрү, башка фракциянын мүчөлөрү кирген комиссия түзөлү да, иштеп чыгып сунуштайлы деген сөз болду. Биз каршы эмеспиз. Жогорку Кеңеш чечет бул мыйзамдын тагдырын. Концепция жөнүндө сөз болду. Мыйзамдын концепциясы Конституцияда турат. 7-беренеде Элдик курултай жөнүндө айтылат. Мыйзамды демилгелөө укугу, Сот системасына, Сотторду тандоо кеңешине өкүлчүлүктү жөнөтүү, жогорку кызмат адамдары жөнүндө сунуш киргизүү жана президент жыл сайын элге кайрылуусун курултай аркылуу жеткирет деген укуктары бар. Ошол эле ыйгарым укуктардын деңгээлинде мыйзамды кабыл алып берүү жөнүндө маселе коюп атабыз ",-деди Кадыр Кошалиев.
"Мындай монстрдын кереги жок?"

Элдик курултайдын мыйзам долбоорун биринчи жолу өткөн жылы тармактык комитетте карап, четке кагышкан. Талкуу убагында долбоорго карата көп сын пикир айтылып, "мындай монстрдын кереги барбы?” деп каршы болушкан.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Долбоордогу "Элдик курултай жергиликтүү жана борбордук мамлекеттик бийлик органдарынын башчыларынын, министрлердин отчетун угуп, керек болсо аларды кызматтан алууга чечим чыгарат" деген жоболору көп депутаттарга жакпай калган.
Комитет төрагасы Медер Алиев Элдик курултай мамлекеттик башка бийлик органдарынын ордун басып, анын милдеттерин аткарбай, коомдук-өкүлчүлүк жыйыны болуп калышы деп билдирген.
Баш мыйзамда Элдик курултай мамлекетик коомдук өнүгүүнүн негизги багыттары боюнча кеңеш берүүчү коомдук жыйын деп көрсөтүлгөн.
Долбоорду иштеп чыккан жумушчу топ өз кезегинде депутаттарга доомат артууда.
“Буларды эч ким көзөмөлдөбөш керек, эч ким текшербеш керек. Эч ким суроо сапкыт салбаш керек. Мамлекет элдин пикири менен эсептешпегендиктин азабын көп эле тартып келатат, бирок сабак албай келатат. Буларга сөзсүз революция кылып, кууп чыгыш керек”,-деген Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов.
“Биринчиден эл кабыл алган Конституцияда эл бийликтин булагы деп так жазылып турат. Бир топ депутаттардын мүмкүнчүлүгү абдан чектелүү, Конституцияны өздөрү окубайт. Бир эле мисал, Сот акыйкаттыгынын кеңешинин мүчөлөрүнүн бири элдик курултай тарабынан көрсөтүлгөн адамдар болот деп турат. Алар муну да окубайт. Бул долбоор тикелей Конституциядан чыгып аткандан кийин аны сөзсүз түрдө кабыл алыш керек”,-деди жумушчу топтун дагы бир мүчөсү профессор Чолпонкул Арабаев.
Биринчи элдик курултай

Биринчи элдик курултай
Биринчи Элдик курултай өткөн жылы ноябрь айында өткөн. Тийиштүү мыйзам жоктугуна байланыштуу президент бекиткен убактылуу жобонун негизинде өткөрүлгөн. Ошондо дагы депутаттар жана бир катар эксперттер аны мыйзамсыз деп каршы болушкан.
"Президенттин курултай өткөрүүгө укугу жок",-деп билдирген ЖК депутаты Исхак Масалиев Би-Би-Сиге. - Булардын администрациясы каалаган эрежени жазып алып, регламент десе, бул туура эмес да".
Убактылуу жобо боюнча Элдик курултайга миң делегат чакырылып, башкаруу органы Аксакалдар Кеңеши түзүлгөн, анын төрагасы болуп Кадыр Кошалиев шайланган .
"Элдик Курултайдын Аксакалдар кеңеши Элдик Курултайдын жумушчу органы болуп саналат, ал Элдик Курултайдын жыйналыштарынын ортосундагы тыныгууларда Элдик Курултайдын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат жана кезектеги Элдик Курултайдын күн тартибине келип түшкөн сунуштарды чогултат жана жалпылайт",-деп жазылган жободо.





























