Элдик курултай: күрөштүн күзгү сезону

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргызстанда президент Садыр Жапаровдон оппозиция алтындын отчетун талап кылып жатканда, жер-жерлерге ноябрда болуучу курултайга делегаттарды шайлоонун талкуусу күч алууда.
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов өткөн жума күнү өткөргөн уюштуруу комитетинин жыйында элдик курултайды өткөрүүнүн эреже-тартиби талкууланды. Курултайга тийиштүү календарлык план, иш багыттары, нускамалар, башка документтер кабыл алынды.
5-ноябрда жер-жерлерде жергиликтүү курултайлар өтүп, элдик курултайга делегаттар шайланышы керек деп жарыяланды.
Ага чейин кварталдык, айылдык жыйындар, элдик чогулуштар өтүп, 5-ноябрь күнү бүт Кыргызстан боюнча жергиликтүү курултайлар болот. Жергиликтүү курултайда чоң курултайга делегат шайланат.
“Негизги жоопкерчилик жергиликтүү кеңештерге жүктөлдү. Жобо боюнча коомдук уюмдардан дагы жергиликтүү курултайды уюштуруу боюнча комиссияларга өкүлдөр киргизилип атат. Биз айтып атабыз, бул коомдук институт болгондон кийин көбүрөөк коомчулуктан өкүл киргизгиле, эркин элдик институт катары орнотолу деген сөздү айтып атабыз”,-деди уюштуруу комитеттин мүчөсү Кадыр Кошалиев.

Сүрөттүн булагы, officiale
Квота маселеси
Талаш туудурган маселе курултайга делегаттардын квотасы жөнүндө болуп жатат. Анткени, жобо боюнча ар бир айыл өкмөтүнөн чоң кичине экенине карабай, экиден талапкер шайланышы керек.
“Миңге жетпеген калкы бар чакан айыл өкмөттө бар экен, кээ бир айыл өкмөттөрдө элүү миңден киши бар экен. Баарына экиден деп коюлганы туура болбой калды. Ушуну дагы да болсо президентке жеткирип, мүмкүн оңдоп койсок туура болот беле. 15 миңге чейин эл жашаган айыл өкмөттөрдөн бирден, андан көп жашагандарынан экиден десек. Бишкек, Ош шаарларына квота аябай эле аз берилип калды. Миллиондон ашык эл жашаган Бишкек шаарына он эле орунга квота берилип калды”,-дейт Кадыр Кошалиев.
Элдик курултай президент бекиткен убактылуу жобонун негизинде өткөнү жатат. Анткени, элдик курултай жөнүндө мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш жаратпай четке каккан.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Убактылуу жобо боюнча Элдик курултайга миң делегат чакырылат, анын 960 - административдик-аймактык бирдиктерден, 28 - чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан, 10 делегат конфессиялык коомчулуктан шайланып келет.
452 айыл аймагынын ар биринен экиден делегат, облустук маанидеги 12 шаардын ар биринен экиден жана райондук маанидеги 18 шаардын ар биринен бирден делегат болот. Бишкектен он, Оштон алты делегат келет.
Элдик курултайдын делегаттары бир жылдык мөөнөткө шайланат. Алар курултайдын төрагасын, орун басарларын, катчысын, Аксакалдар кеңешин шайлайт.
“Элдик Курултайдын Аксакалдар кеңеши Элдик Курултайдын жумушчу органы болуп саналат, ал Элдик Курултайдын жыйналыштарынын ортосундагы тыныгууларда Элдик Курултайдын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат жана кезектеги Элдик Курултайдын күн тартибине келип түшкөн сунуштарды чогултат жана жалпылайт”,-деп жазылган жободо.
Кыргыздардын атак-даңк, мансапты аябай жакшы көрөрүн эске алганда, элдик курултайга делегат шайлоо өзүнчө эле кезектеги шайлоо өнөктүгүнө айланып, талапкерлер колдо бар ресурсун аябай чачып, күз айлары күпүлдөгөн саясий күрөш менен өтө тургандай болуп турат.
Саясий максат

Сүрөттүн булагы, President.kg
Элдик курултайга ошентип даярдык кызуу көрүлүп жатканда аны өткөрүүгө президенттин укугу жок эле деген сын пикирлер да болбой койгон жок.
Мындай сөздү Жогорку Кеңештин депутаттары да айтууда.
“Президенттин курултай өткөрүүгө укугу жок”,-деп билдирди ЖК депутаты Исхак Масалиев Би-Би-Сиге. – Булардын администрациясы каалаган эрежени жазып алып, регламент десе, бул туура эмес да”.
Элдик курултай чакыруу менен президент эң оболу саясий максат көздөп жатканы үстүртөн түшүнүктүү. Элдик курултайдын колдоосун алып, саясий упай топтоп, оппозициянын оозун жабуу, туурадан чыгып каяша айткандарды кайра четке сүрүү, жолду тазалоо. Балким, мындан да конкреттүү, стратегиялык максат бар.
Ошол эле убакта өлкөдө бийликтин уйкусун бузуп бакырган деле күчтүү оппозиция көрүнбөйт. Ал эми Жогорку Кеңеш президент менен курултайды кой, бир жылдан бери өзүнүн регламентин кабыл ала албай, убара тартып турган учуру.
“Курултайды топтоп туруп, Жогорку Кеңешти ордуна коебуз деген ою бар. Бирок анын канчалык кажети бар, түшүнбөйм. Себеби Жогорку Кеңеш азыр деле президентке баш ийген орган болуп кетти”, -дейт Исхак Масалиев.
Азыркы кымбатчылык менен каатчылык каптап турганда, социалдык чөйрөдөгү кызматкерлердин эмгек акысы, мамлекеттик жөлөк-пулдардын масштабдуу түрдө көбөйгөнү элге жакшы болду. 1-октябрдан пенсия дагы мурдагыга караганда бир топ эле сезилерлик деңгээлге көбөйтүлөрү жарыяланды. Ырас, көбөйтүлгөн айырманы кашайгыр инфляция жеп коюп атат, бирок эмгек акы, жөлөк пулдар мурдакы бойдон калса, кырдаалды элестетүү кыйын болмок.
Ошол эле убакта өлкөдө балдар көбөйүп, мектеп менен оорукана жетпей турганда, коопсуздук кызматынын имараттары жапырт жаңыланып, улам биринин салтанаттуу ачылышы болуп жатат.
Бириккен оппозиция менен жарандык коом президенттен "Кумтөрдүн" алтыны каякка сатылган деп отчет талап кылууда. Президенттин агасынын Швейцариядан алтын куйма кармап түшкөн сүрөтү шек саноону ого бетер күчөттү. Президент "мындан трагедия кылуунун" кереги жок деп түшүндүргөн менен буга эл канчалык ишенди, ал башка маселе. (КС)





























