Эксперттер: "Навальныйдын сөөгүн бербей жатышса демек, жашыра турган бир нерсе бар"

Алексей Навальный

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алексей Навальный

Орусиянын Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери Алексей Навальныйдын сөөгүн колониядан Салехардга саясатчынын туугандары менен жактоочусу келээрдин алдында 17-февралдын түнүндө алып кетишкен деп билдирди "Медиазона" басылмасы (Орусияда "чет элдик агент" деп таанылган).

Басылманын журналисттери Лабытнанги менен Салехарддын ортосундагы жолдун видеожазуусун талдап көрүшкөн. Бул Харп менен округдун борборун байланыштырган жалгыз жол (жайкысын чакан кеме менен дарыя аркылуу, кышкысын музу аркылуу өтсө болот).

"Медиазона" (Орусияда "чет элдик агент" деп таанылган) алынган видеожазуулардан төрт унаадан турган кортежди аныктаган. Арасында Жаза аткаруу кызматынын дагы унаасы болгон. Унаалар Салехардды көздөй Обь дарыясын каптаган муз аркылуу кесип өткөн.

Журналисттер бул окуя 16-февралдан 17сине караган түнү болгонун эске алып, дал ушул канвой менен Навальныйдын сөөгүн анын жакындарынан жашыруу үчүн Салехард тарапка алып кеткен деп болжоп жатышат. Навальный соңку мезгилде №3-түзөтүү колониясында жазасын өтөп жаткан.

Андан мурда "Новая газета Европа" басылмасы (Орусияда чектелген уюм деп жарыяланган) өз булактарына таянып, саясатчынын сөөгү Салехарддагы клиникалык оорукананын моргунда деп билдирген эле. Навальный өлдү деген кабар тарагандан бери анын үй-бүлөсү сөөгүн ала элек.

Ошол эле учурда Би-Би-Си сүйлөшкөн дарыгер адистер, орус бийлиги Навальныйдын сөөгүн туугандарынын колуна берүүнү канчалык кечиктирсе, "кадимки себептен эле каза тапты" деген версия ошончолук күчүн жоготот деп жатышат.

Өткөн ишембиде Навальныйдын үй-бүлөсү саясатчынын сөөгүн табууга канчалык аракет кылганы менен майнап чыккан эмес. Навальный эң алыскы Харптагы шарты катаал делген колонияда каза тапканы айтылган.

"Новая газета Европа" басылмасынын (Орусияда чектелген уюм деп жарыяланган) өздүк булактарынын маалыматына караганда, Навальныйдын сөөгүн адегенде Лабытнангиге алып кетишкен. Бирок 16-февралдын түнүндө Салехарддагы аймактык клиникалык ооруканага жеткиришкен.

Харптагы колонияга келген Навальныйдын энеси менен жактоочусуна ал жерде саясатчынын сөөгү жок деп билдиришкен эле.

Өткөн аптанын соңунда Тергөө комитети оппозиционердин тарапташтарына өлүмдүн себебин аныктоо иши уланып жатканын жана бул иш кийинки аптага чейин аяктабай турганын билдирген.

Би-Би-Си чет өлкөлүк атактуу эки реаниматологдоргго кайрылды, алар союп изилдөөнүн жыйынтыгы болмоюн Навальныйдын өлүмү боюнча бир нерсе деп айтуу кыйын деп жатат.

Навальный жазасын өтөп жаткан абак жайгашкан аймак
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Навальный жазасын өтөп жаткан абак жайгашкан аймак

16-февралда Орусиянын Жазаларды аткаруу Федералдык кызматынын Ямало-Ненец округу боюнча бөлүмү Алексей Навальныйдын өлүмү тууралуу билдиген. Навальный Харп кыштагындагы өзгөчө режимдеги колонияда жазасын өтөп жаткан эле. Кремль Орусиянын президентине Навальныйдын өлүмү тууралуу кабарлаганын билдирген.

Жазаларды аткаруу Федералдык кызматынын маалыматына караганда, 16-февралда №3- түзөтүү колониясында камактагы А.А.Навальный сейилдеп чыккандан кийин өзүн жаман сезип, дароо эсинен танганын билдирген.

Колониянын тез жардам кызматынын экипажы окуя болгон жерге дароо келгенин кошумчалаган эле.