Навальныйдын кабары эң алыскы абактан чыкты

Сүрөттүн булагы, EPA/MAXIM SHIPENKOV/TASS
Алексей Навальныйдын дайыны Ямало-Ненец автономиялык округуна караштуу Харп айылындагы №3 түзөтүү колониясынан табылганын саясатчынын командасы билдирди.
“Ага бүгүн адвокат жолугуп чыкты. Алексейдин абалы жакшы”, - деди Навальныйдын басма сөз катчысы Кира Ярмыш (Россиядагы “чет элдик агенттердин” реестрине киргизилген).
“Коррупцияга каршы күрөшүү (ФБК)” фондунун директору Иван Жданов (Россияда “чет элдик агенттердин” реестрине киргизилген) X (мурдагы Twitter) социалдык тармагында саясатчынын өнөктөштөрү анын жүргөн жери тууралуу маалымат ала алышпай жалпысынан 618 суроо-талап жолдогонун билдирди.
Навальный учурда жайгашкан колония, Ждановдун айтымында, жалпысынан эң түндүктөгү жана эң алыскы колониялардын бири.
Башкалардын арасында ЮКОС мунай компаниясынын негиздөөчүсү Михаил Ходорковскийдин бизнес өнөктөшү Платон Лебедев да бул колонияда жазасын өтөгөн.
“Ал жерде шарттар катаал, адамдар түбөлүк тоң зонасында өзгөчө режимде кармалышат. Ал жакка жетүү абдан кыйын жана анда Федералдык жаза аткаруу кызматынын - Zonatelecom же кат жеткирүү системалары иштебейт. Адвокат бүгүн ошол жерде болуп келди. Ал Алексейге жолугуп чыкты. Жактоочуну да дароо киргизбей, кармап турушту”, - деди Жданов.
Журналист Фарида Рустамова белгилегендей, чындыгында ИК-3 Zonatelecom кызматына туташыпкан. Навальныйга онлайн кат жөнөтсө болот, бирок жооп кагаз түрүндө гана орусиядагы дарегине келет, деп жазат ал.
Ждановдун айтымында, саясатчыны Харпдагы “Полярный волк” ИК-3 абагына которуу чечими апрель айында Федералдык Жаза аткаруу кызматынын башчысы Аркадий Гостев ал жакка барганда кабыл алынган болушу мүмкүн.
“Бийлик Алексейди айрыкча шайлоо алдында изоляцияга алууну каалаганы башынан эле белгилүү болгон. Анын жайгашкан жери жашырылган болчу. Ал тууралуу маалыматтар толугу менен жабык болчу. Бүгүнкү күндө да Жогорку Сот анын кайда экенин билбей турганын айтып жатат”, - деп жазат Иван Жданов.
Учурда Орусиянын Жаза аткаруу федералдык кызматынын буйругу менен ИК-3 абагы үчүн белгиленген чектөө 1085 адамды түзөт, анын ичинде 35 орундуу жатак-абак (колония-посление) бөлүмдөрү жана 50 орундуу камера тибиндеги бөлмөлөр бар.
"Владимир областынан которулуп кеткен"
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Жакынкы убакытка чейин Навальный Владимир облусунда күчөтүлгөн тартиптеги колонияда болчу.
Август айынын башында Москва шаардык сотунун көчмө сот отурумунда саясатчыны “экстремисттик иш” деп аталган кылмыш иши боюнча 19 жылга өзгөчө режимдеги колонияга кескен.
Атайын режимдеги колониялар жаза өтөөнүн эң оор шарттары бар мекемелер болуп саналат. Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык, ал жакка өмүр бою эркинен ажыратылган же “өзгөчө коркунучтуу кылмыштарды кайталап жасап” соттолгондор жиберилет.
6-декабрда Навальный өз арыздарынын бири боюнча өтүп жаткан соттук отурумга видеобайланыш аркылуу чыккан эмес. Ошондон бери аны менен байланышуу мүмкүн болбой жаткан.
Алгачкы бир нече күндө ар кандай шылтоолор менен анын адвокаттарын саясатчы кармалып турган Владимир облусундагы колонияга киргизбей коюшкан. Андан кийин колония Навальный "Владимир облусунан 11-декабрда которулуп кеткенин" билдирген, бирок так кайда экенин тактап айтышкан эмес.
Анын кайда болгондугу тууралуу суроолорго бирден-бир даректүү жооп 12-декабрда Федералдык Жазаларды аткаруу кызматынын тастыктамасы болгон, анда саясатчы 19 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Владимир облусундагы өзгөчө режимдеги колониядан которулуп кеткени айтылган.
Өткөн жекшембиде, 24-декабрда АКШ Навальныйдын тагдырына тынчсыздануусун билдирген.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен X социалдык түйүндөрдө жарыяланган билдирүүсүндө: “Биз Орусиянын түрмөлөрүндө дээрлик үч жумадан бери дайынсыз болуп жаткан Алексей Навальныйдын кайда экенине абдан тынчсызданып жатабыз”, - деп жазган.

Сүрөттүн булагы, SERGEI CHERKASHIN/TASS
Көп күн бою Алексей Навальный тууралуу жаңылыктардын жок болушу Жаза аткаруу тутумунун түпкүрүндө дайынсыз жоголгон туткундардын көйгөйүн эске салды. Камактагы адамдын ордун "этап" учурунда жашырууга уруксат берген эрежелер транспорттук логистика менен түшүндүрүлөт, бирок ал кысым үчүн да колдонулушу мүмкүн. Укук коргоочулар муну “жоготуп жиберүү зомбулугу” деп аташат.
Би-Би-Синин орус кызматы мурда бул практика тууралуу кеңири маалымат берген.
2017-жылы Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму туткундарды Орусиянын түрмөлөрүнө жеткирүү укуктарды одоно бузуу жана адамдык ар-намысты басмырлоо менен ишке ашарын белгилеген.
Соттолгондорду үйлөрүнөн миңдеген километр алыстыкта жайгашкан колонияга жөнөтүшү мүмкүн, ошондо туугандары жана жакындары бир нече жума бою алардын дайынын билбей отуруп калышат.
"Орус бийликтери ГУЛАГдын акыркы калдыктарын жок кылып, өз пенитенциардык системасын эл аралык адам укуктарынын стандарттарына ылайыкташтырууга убакыт келди", - деп айтылат Amnesty International уюмунун билдирүүсүндө.

Сүрөттүн булагы, SERGEI CHERKASHIN/TASS
Би-Би-Синин кабарчысы Сергей Горяшко: Бул шайлоо алдындагы максималдуу изоляция
«Москвадан Салехардга учак менен үч саат, андан кийин Обь аркылуу паром (жайкысын) же муз үстүндө (кышкысын), андан кийин дагы 50 км машина менен жүрүү керек болот. Же поезд менен дээрлик эки күн жүрүү абзел. Азыр Алексей Навальныйдын адвокаттарында ага жетүүнүн ушундай гана жолдору бар. Ал Ямало-Ненец автономиялуу округунун Харп кыштагындагы ИК-3кө которулган.
Айылдын өзү Салехарддан болжол менен 60 км түндүк-чыгыш тарапта, Арктикалык уюл тегерегинен ары, Полярдык Уралдын этектеринде жайгашкан. 2021-жылга карата, анда беш миңден бир аз ашык адам жашачу. Конуш Сталиндин Баренцтен Охотск деңизине чейинки мега-темир жол долбоору “Трансполярдык темир жолду” куруп жаткан туткундардын лагери катары ачылган. Сталин каза болгондон кийин курулуш токтоп, темир жолдун курулган участоктору кароосуз калган. Бирок айыл жана анын аймагындагы түрмөлөр сакталып кала берген.
Биринчиси - белгилүү ИК-18 "Полярная сова" - өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн колония. Экинчиси, Алексей Навальный “экстремисттик иши” боюнча өкүмү чыккандан кийин жөнөтүлгөн ИК-3 “Полярный волк” өзгөчө режимдеги колониясы. Соттун өкүмү күчүнө кирип, Владимир облусундагы колониядагы саясатчынын камак жайын дагы катаалыраак кылып өзгөртүшкөн. Катаалдыгы формалдуу гана эмес. Кышында Харпта температура минус 40 градуска чейин төмөндөйт. Жайында айылды чиркей-чымын каптайт. Колонияда туткундар үчүн “ ФСИН-Письмо” электрондук почта кызматы жок, байланыш почта аркылуу гана жүргүзүлөт.
ИК-3тун алыстыгы да, анын жабык мүнөзү да, бийлик Навальныйды жаңы мекемеге жөнөтүүнү тандап алган учур да жөн жерден эмес. Жаңы жылга аз калганда, өлкө майрам алдындагы кымгуутка киришкен учурда оппозициячы эң изоляцияланган абалга кептелди. Президенттик шайлоого үч айга жетпеген убакыт калды, сыягы, Кремль үч жылдан бери темир тор артында отурган саясатчыны мүмкүн болушунча обочолонтууну зарыл деп тапты көрүнөт. Навальныйдын шериктери аны мынчалык тез таап алганы таң калыштуу. Орусияда камактагыларды ташуу системасынын өзгөчөлүгүн эске алсак, үч жумада дайынын табуу – өтө кыска мөөнөт”. (DO)





























