Украинада орустардын "Кинжалы" кыйрап калдыбы?

"Кинжал" аттуу гиперүндүү ракеталуу МиГ-31К кыйраткычы 2018-жылы Жеңиш парадында Москвадагы Кызыл аянттан учуп бара жаткан кези

Сүрөттүн булагы, ANADOLU AGENCY/GETTY IMAGES

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Кинжал" аттуу гиперүндүү ракеталуу МиГ-31К кыйраткычы 2018-жылы Жеңиш парадында Москвадагы Кызыл аянттан учуп бара жаткан кези

Украиналык аскерлер Patriot зениттик ракеталык комплекс менен Киевдин үстүндө учуп жүргөн "Кинжал" ракетасын атып түшүрүштү. Буга чейин Patriot комплекстери кадимки баллистикалык ракеталарга каршы колдонулчу. Гиперүндүү ракеталарды атып түшүрүү мүмкүнчүлүгү оозеки сөз бойдон калган.

Дүйшөмбүдө Укрананын аба күчтөрүнүн басма сөз катчысы Юрий Игнат эмне үчүн башында Украина орустардын "Кинжалын" атып түшүргөнүн четке кагып жатканын учкай түшүндүрдү.

"Коомго жана душмандарга "Кинжалды" атып түшүргөнүбүздү айтууга шашкан жокпуз. "Кинжал" кайда кеткенин издешсин, ойлонушсун дедик. Бул чечим жогору жетекчилик тарабынан кабыл алынды", - деди Игнат. Анын айтымында, бул маалымат башка булактардан чыккандан кийин гана ачыктоо чечими болгон.

Европа кеңешинин (ECFR) эл аралык мамилелер боюнча аскердик эксперти Густав Грессель өзүнүн твиттер баракчасында Patriot "Кинжалды" атып түшүргөнүн жазды. Буга чейин бул ракета ок жетпес, ок тийбес катары саналчу. Ушундай эле мазмунда билдирүүнү украиналык Defense Express агенттиги жазып, ракетанын калдыктарын көрсөткөн фотолорду жүктөдү. Ракета Киевдеги стадиондордун бирине кулаганы айтылууда.

Бул маалыматты Украинанын абадан коргоону күчтөрүнүн командири генерал-лейтенант Николай Олещук да тастыктады.

"Украин элин бул тарыхый окуя менен куттуктайм! Ооба, биз "аналогу жок" "Кинжалды" жок кылдык! Бул 4-майдагы Киевщинанын асманындагы түнкү чабуулда болгон окуя. Х-47 ракетасы МиГ-31Кти орус аймагынан чыгарды", - деп жазды ал.

Генералдын айтымында, ракетаны америкалык абадан коргоону системасы Patriot менен атып түшүргөн.

Украинанын абадан коргоону системасы "Кинжалды" атып түшүрө алат беле? Би-Би-Синин аскердик кабарчсы Павел Аксенов жооп берет:

"Украинанын абадан коргонуу системасы "Кинжалды" атып түшүрө аларына ишенүү кыйын. Бир нечей ай мурун эле украин аскерлери алар баллистикалык ракеталардын алдында алсыз экенин айтып жатышкан, эми болсо алар ракетаны жок кылдык деп жатышат. Бул ракетаны дүйнө жүзүндөгү адистер байкалбас деп атап келишкен.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ошентсе да, бул билдирүүнү АКШдагы New York Times булактары тастыктап жатат, алардын бири муну техникалык каражаттар менен ырасталган деген.

Бул факттын дагы бир кыйыр далили – Россия тараптан качы жооптун жоктугу. Украинанын Коргоону министрлиги гиперүндүү ракета 4-майда 2.30да атып түшүрүлдү деп жатат.

Адатта Россия мындай ракеталар колдонулганын дароо жарыя кылышат. Орус пропагандасы да жогорку технология колдонулгандыгы тууралуу маалыматты дайым пайдаланып келген. Пропаганда бул ракетанын башка өлкөлөрдүн куралдарынан артык экенин баса белгилеп келген.

Бирок бул жолу орус аскердик мекемелери ракета атып түшүрүлгөнүн тастыктаган же андай маалыматты четке каккан бир да билдирүү чыгарган жок.

"Кинжал" - аэробаллистикалык ракета, ал 10 ирет жогорку ылдамдыкта канат серпкенге жарамдуу. Бул көрсөткүчтү саатына километр ченөөсүнө салып эсептөө кыйын. Себеби канча жолу канат серпилет эсептөө – шарттуу чоңдук болуп калат. Ал объекттин ылдамдыгын үндүн ылдамдыгына карата көрсөтөт, андыктан ар кандай алыстыкта анын көрсөткүчү ар башка болот. Аябай жакындатып айтканда, ракета саатына 14 000 километрден ашык уча алат.

Мындай ылдамдык ракетадан коргоону системасына реакция кылууга өтө аз мүмкүнчүлүк берет. "Кинжалдын" эң алыска уча турган жөндөмү эки миң километрге жетет деп айтылат. Ракета күүлөнгүчө кеткен убакытты эске алганда деле ал саатына 14 миң километр ылдамдыкты 10 минутта учуп коё алат. Жакыныраак аралыкта бул убакыт мындан да аз болот.

"Кинжалды" адатта МиГ-31К аттуу атайын учактан учурушат. СССРдин убагында эле чыгарылган бул учак мындай оор куралды көтөрүп жүрүүгө ылайыкташылган, атайын заманбап жабдык.

МиГ-31К ракетанын биринчи тепкичи эсептелет, ал 15 километрге жогору көтөрүлө алат. Андан кийин жогорку ылдамдыкта иштеп, анан барып ракетаны коё берет. Ал ракета дагы 20 километр бийиктикке көтөрүлөт.

"Кинжал" аэробаллистикалык" ракета. Ал горизонттук траектория менен өтө жогорку ылдамдыкта учат. Ошондой эле ылдам буйтай алары да белгилүү. Мындан улам аны бутага алуу оңой эмес, себеби зениттик ракетага каршы система андан да ылдам иштеши шарт.

Анан кантип, аны атып түшүрдүк деп жатат? Украинанын Коргоо министрлиги Patriot колдонгонун айтып жатат, мында комплектер азыр эки типтеги PAC 2 жана PAC 3 ракеталарын колдонот.

PAC 2 – алыска учуучу ракета, ал 25 километр бийиктикте, аралыкта 160 километрге чейинки нерселерди да бутага ала алат. PAC 3 радиусу болсо болгону 40 километрге, ал эми бийиктикте 20 километрге чейин жетет. Бирок заманбап PAC 3 баллистикалык ракеталарга күчү жетиштүү.

Мындай ракеталар PAC 2 айырмаланып, бутасына барып бир тийип талкалайт. PAC 3 болсо, ракетаны атып түшүрүүдө канатынын ылдамдыгы төрт жолу серпилет, кагылышууда кинетикалык энергия күчөйт.

Украина бул ракеталардын кайсы түрү алынып келингенин расмий жарыялаган эмес. New York Times ачыкка чыгып кеткен документтерге таянып, Киев PAC 3 ракетасына ээ болгонун жазат.

Эгер чындап эле ошондой болсо, анда украин күчтөрү баллистикалык ракеталар менен күрөшүүгө жөндөмдүү курал алган болот. Бирок гиперүндүү ракеталар менен кандай болот?

"Кинжал" заманбап баллистикалык 9М723 комплекс "Искандер" өңдүү ракеталардын негизинде жасалган. Эгер PAC 3 баллистикалык ракеталарды бутага алууга жарамдуу, ал теориялык жактан "Кинжалга" да күчү жетиши мүмкүн.

Ошентсе да Украинанын Коргоону министрлигинин "Кинжал" тууралуу билдирүүсүн эч ким четке кага элек. Ал буга чейин атып түшүрүлгүс деп эсептелгендиктен эгерде чынында ушундай болсо, анда бул саясий жактан маанилүү жеңиш болуп калмакчы.

Украина үчүн батыш өнөктөштөрүнө согуш талаасында алар берген курал жарактар конкреттүү жыйынтыктарды берип жатканын көрсөтүү маанилүү. Ал эми мындай жеңиш Украинанын абадан коргоону күчтөрүнө ташылып жаткан Patriot системаларын актаган болот. Бул жок дегенде бул комплекстин аброюн көтөрүп, анын рынокто кадырын арттырат".