АКШ: Украинада 20 миң россиялык курман болду, көбү Бахмутта

Украинская артиллерия в Бахмуте, ноябрь 2022 года

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украин артиллериясы Бахмутта, ноябрь 2022-жыл

АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Жон Кирби америкалык чалгындын маалыматтарына таянып, Украинадагы согушта соңку беш айда 20 миңден ашык россиялык курман болгонун, 80 миңдейи жарадар болгонун билдирди. Анын айтымында, жоготуулардын чоң бөлүгү Бахмуттагы салгылашууга туура келет. Ошондой эле 2022-жылдын декабрынан бери курман болгондордун жарымы "Вагнер" жеке менчик аскердик компаниясынын жалданма аскерлери.

Кирбинин баасында Россиянын Донбасска чабуул операциясынын тумшугу сынды. "Россиянын Бахмут аркылуу Донбасска жасаган чабуулу ишке ашпай калды",-деди Ак үйдүн өкүлү.

"Бул аракеттердин баасы, айрыкча Бахмутта", өзгөчө жогору болду", - деди Кирби. Натыйжада Россия "өзүнүн аскердик запасы менен куралдуу күчтөрүн түгөтүп жатат" - анын үстүнө "Бахмутта согуш декабрдан мурда эле башталган",-деди.

"Биздин эсеп боюнча, декабрдан бери Россиянын жоготуулары 100 миңден ашты, анын ичинде 20 миңи курман болду",-деди АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү. - Алардын дээрлик жарымы - "вагнерчилер", булардын көбү жетиштүү согуштук тажрыйбасы, даярдыгы, командалык кандайдыр бир уюшкан тартиби жок туруп Бахмуттагы согушка салынган абак жайда отурган россиялыктар".

Ошол эле убакта Кирби украиндердин жоготуулары жөнүндө айткысы келген жок: "Алар бул жерде азап көрүп жаткандар, Россия - агрессор",-деп анын айткандарын AFP келтирди. Анын сөзүнө караганда, Ак үй Украинанын абалы жана армиясынын абалын оорлоткон маалыматты ачыктабайт.

Жакында эле ачыкка чыгып кеткен Пентагондун документтеринде 1-мартка карата Россиянын согуштагы жоготуулары 35 миңден 43,5 миңге чейин, ал эми Украинаныкы 16-17 миң деп айтылып жаткан. Бул документтердин чындыгы биротоло тастыкталган жок.

АКШнын аскер-деңиз анализ борборунун россиялык программасынын директору Майкл Кофмандын твиттердеги пикиринде Кирби айтып жаткан Россиянын жоготуулары - "болжоп эсептөөнүн жогорку чеги", ал эми төмөнкү чеги Ак үй айткан сандардын 80-85% түзөт.

Бахмут үчүн бүтпөгөн кармаш

Согушка чейин 70 миң адам жашаган шаар үчүн салгылашуу бир нече айдан бери болуп жатат, россиялык күчтөр шаарды жарым-жартылай курчоого алып, терең сүңгүп барды. Көчөлөрдө кандуу согуш жүрүп жатат, көптөгөн имараттар кыйрады.

Житель Бахмута в январе

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бахмуттун ичи бүлүнүп-чабылды

Ошол эле убакта Россия Бахмутта украин аскерин курчоого ала албады - алар мурдагыдай эле бул жакка кошумча күчтөрүн жана ок-дарыларын жеткиргенге мүмкүнчүлүгү бар. Бирок алар өтүп жаткан жолду аткылап жатышат.

Соңку айларда кээ бир батыш эксперттеринин украин жетекчилиги Бахмутту кармап каларына көздөрү жетпей турат. Скептиктер украин армиясы контр чабуулда керек боло турган баалуу аскерин жана ок-дарыларын бул райондо түгөтүп жатканын айтууда.

Бирок украин бийликтери Бахмутту колдон чыгарбаш керек, анткени бул шаарды орус армиясы алса, анда Донбасстагы башка шаарларга чабуулга жол ачылат, анын ичинде Славянск менен Краматорск да бар.

Андан сырткары, батыш байкоочулары белгилегендей, Бахмут үчүн салгылашты улантуу Украина үчүн пайдалуу, анткени Россия бул жерде эң күжүрмөн армиясы менен техникасын жоготууда. Ал эми жоготуулар саны украиндерден көп. Ошондой эле бул районго Россиянын стратегиялык жагынган маанилүү болгон башка багыттарда кереги тие турган орчундуу күчтөрү тартылды.

Кирбинин баасында "Россиянын чабуулу (Бахмуттагы) акыр аягында анын өзүнө көп айга созулган согушту жана чоң жоготууларды алып келди".

Дагы кандай баа берилүүдө?

Бахмут үчүн кармашта россиялык жоготууларга көз каранды эмес баа бериш абдан кыйын. Бирок Украинанын генералдык штабы жана батыш эксперттери бул участкадагы россиялык жоготууларды миңдеп санап келатышат.

"Вагнер" компаниясынын кожоюну Евгений Пригожин өзүнүн аскеринин оор жоготууларын жашырбай айтып келатат: Россиянын ар кайсы бурчтарында "Вагнердин" мүрзөлөрү жүзгө кетти, анын үстүнө ЖМКдагы маалыматтарга карасак, бул мүрзөлөргө туугандары табылбай калгандарды алып барып коюшууда.

Расмий статистикага таянуу да мүмкүн эмес: Россия курман болгондордун санын акыркы жолу сентябрда жарыялаган. Анда коргоо министри Сергей Шойгу Украинадагы согушта курман болгондорду 5937 деп билдирген. Ошондо эле бул азайтылып айтылган сан эле. Анткени ал Коргоо министрлигине караштуу аскерлер жөнүндө айткан, ал эми согушка башка күч органдарынын аскерлери жана расмий эмес бөлүктөр да тартылбадыбы.

Би-Би-Синин орус кызматы дагы өнөктөрү менен биргелешип курман болгондорду ачык булактардан алып өзүнчө эсептеп келатат. Акыркы маалымат 28-апрелде жарыяланган: анда 21700 ысым такталган. Алардын 2200 ыктыярчылар, 1312 - вагнерчилер. Бул сандар дагы курман болгондордун жалпы санын так көрсөтпөйт. (КС)

линейка