Россия: Украинадагы согушта колго түшкөн Батыштын аскердик техникасы
- Author, Стив Розенберг
- Role, Би-Би-Синин Россиядагы редактору, Москва
- Окуу убактысы: 2 мүнөт
Мен Москвадагы Жеңиш паркында, Советтер Союзунун фашисттик Германиянын үстүнөн болгон жеңишине арналган эң чоң мемориалдык комплекстемин. Бул жерде ачык асман алдындагы көргөзмө жаңы эле ачылды.
Бирок анын Экинчи дүйнөлүк согушка эч кандай тиешеси жок.
Көргөзмөдө орус армиясы Украинада басып алган Батыш аскер техникалары коюлган.
Бул согуш олжолору жана Россия аларды көрсөтүүнү чечти.
Бронетранспортерлордун арасында Украинага белекке берилген Британ армиясынын тактикалык колдоо машинасы бар. Анын алдыңкы айнеги ок менен калбырланган.
"Хаскинин" маңдайынан мен украин аскерлерине берилген Батыш танктарын көрөм. Согуш талаасында кыйраган америкалык "Абрамс" бар. Ошондой эле Германиянын "Илбирс" танкы. Чынында, бул Германиянын бронетехникасынын узун колоннасы. Ал эми анын үстүндө: "тарых кайталанат"деген жазуу бар.

Украинадагы салгылашууларда колго түшкөн америкалык "Абрамс" танкын көргөнү Москвада көп эл келди.
Орус бийликтери коомчулуктун Украинадагы согуш менен Экинчи дүйнөлүк согуштун орток белгиси бар деп ойлошун каалайт.
Чындыгында, бул эки согуш такыр эки башка. 1941-жылы Германия Россияга кол салган. 2022-жылы Россия Украинага басып кирди.
Согуш олжолорунун көргөзмөсү көрүүчүлөргө жык толгон.
Күндүн жарыгында орустар аскер техникаларын тегеректеп, танкалык куралдардын алдында сүрөткө түшүп, анын үндөрүн угуп, ырахат алышат.
"Бул таң калыштуу. Укмуш", - дейт күйөөсү жана кичинекей кызы менен келген Наталья.
"Биздин жигиттер бул олжолорду кантип алып келишти экен".
Көргөзмөгө отуздан ашык брондолгон унаалар да коюлган.

Бирок бул эмнеге болуп жатат?
Орустар бул жерде дөңгөлөк ойлоп тапкан жок. Буга чейин Украина дагы өзүнүн армиясы басып алган орус аскердик техникасын көрсөткөн.
Бирок орус бийликтери үчүн бул көргөзмө бир нече негизги максатты көздөйт деп ишенем.
Биринчиден, Кремлдин Украинада Россия НАТО жана бүтүндөй Батыш менен согушуп жаткандыгы тууралуу версиясын күчөтүү. Бул жердеги максат - орустардын аң-сезиминде Батышты ого бетер жек көрүндү кылуу.
Чынында, Россия Украинаны басып алды: Батыш лидерлери Москваны бул жолго барбоого үндөдү. Украинадагы "атайын аскердик операция" президент Владимир Путиндин жеке чечими болгон.
Батыш курал-жарак жана ок-дары жиберип, Украинага коргонууга жардам берүүдө. Ал орус чиновниктеринин айткандарына карабастан, Россияны жок кылууну көздөбөйт.
Андан кийин бул жерде тарыхый символизм бар.
Азыр Жеңиш паркында Жеңиш Күнүнүн урматына кызыл желектер желбиреп турат.
Бул көргөзмөнүн орду (Экинчи дүйнөлүк согуштун эстелиги) жана убактысы (Жеңиш күнүнүн алдында) мен жогоруда айткан дагы бир расмий версияны бекемдейт: Экинчи дүйнөлүк согуш менен Украинадагы согуштун ортосундагы байланышты бекемдеп көрсөтүү.
Бирок бул көргөзмөдө табалоонун чоң элементи да бар. Украинадагы согушка келсек, орустар АКШнын Киевге 61 миллиард доллар жардам пакетине карабастан, барган сайын ишенимдүү көрүнөт. Москва азыр согуш талаасындагы демилге ага таандык деп эсептейт.
Россиянын башкы урааны аскердик олжолордун жанында бадырайып жазылган.
Анда "Жеңиш сөзсүз биздики болот" деп жазылган. (КС)





























