Шмыгаль Украина жеңилсе үчүнчү дүйнөлүк согуш чыгышы мүмкүн деп болжоду

Видеонун түшүндүрмөсү, Украинанын премьер-министри эгер Россия жеңип чыкса, үчүнчү дүйнөлүк согуш чыгат деп билдирди
    • Author, Холли Хондерих жана Суми Сомасканда
    • Role, BBC News

Украинанын премьер-министри Би-Би-Сиге Эгер Украина менен согушта Россия жеңип чыкса, "үчүнчү дүйнөлүк согуш" башталаарын айтып, АКШ конгрессин көптөн бери кармалып жаткан жардам пакетин кабыл алууга чакырды.

Денис Шмыгал Киевге 61 миллиард доллар бөлүп берүү каралган талаштуу маселенин Конгрессте оң чечилишине "этият оптимизм" билдирди.

Өкүлдөр палатасы Украинага жардам мыйзамына ушул ишембиде добуш берет. Бул долбоордо Израилге, ошондой эле Индо-Тынч океанга да каржылык колдоо каралган.

Шаршемби күнү Вашингтондо сүйлөп жатып, премьер-министр Шмыгал АКШнын коопсуздук боюнча жардамы жөнүндө: "бул акча бизге эртең же бүгүн эмес, кечээ керек болчу", - деди.

"Эгерде биз коргобосок... Украина кулайт", - деп кошумчалады ал. "Ошентип, глобалдык, глобалдык коопсуздук тутуму талкаланат... анда дүйнө жүзү жаңы коопсуздук тутумун табышы керек".

"Же көп чыр-чатак болот, ушул сыяктуу согуштар көп болот жана акыры үчүнчү дүйнөлүк согушка алып келиши мүмкүн".

Украина өзү жеңилип калганда боло турган кесепет жөнүндө эскертүү менен биринчи жолу чыгып жаткан жок.

Өткөн жылы президент Владимир Зеленский эгер Россия согушта жеңсе, анда Польшага басып кирип, үчүнчү дүйнөлүк согушту башташы мүмкүн деп айткан.

Бирок Кремль Батыш жөн эле дүрбөлөңгө түшүүдө деп шылдыңга алган. Өткөн айда президент Владимир Путин Россия бир күнү Чыгыш Европага кол салышы мүмкүн деген божомолдорду четке кагып, аларды "таптакыр болбогон кеп" деп атаган.

Украина жоокери

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Россия эч качан НАТОнун бир дагы өлкөсүнө, анын ичинде Польшага кол салган эмес. НАТОнун жамааттык коргонуу келишими боюнча НАТОнун бир мүчөсүнө кол салуу баарына кол салуу дегенди билдирет.

Шаршемби күнү премьер-министр Шмыгалдан маек алып жатканда, республикалык Өкүлдөр палатасынын тышкы иштер боюнча төрагасы Майкл Макколдун анын партия мүчөлөрү Россиянын үгүтүнө "чалдыккан" деген билдирүүсү тууралуу да сурашты.

Шмыгал :"Биз дезинформация жана пропаганда АКШда көптөгөн адамдарга, Европа Биримдигинде - Украинадагыдай эле көптөгөн адамдарга таасир этерин түшүнүшүбүз керек" деди.АКШда Республикалык партиянын оң канатындагы оппозиция бир нече айдан бери Украинага жардам көрсөтүүгө бөгөт коюуда.Бул мыйзам чыгаруучулардын айрымдары АКШ-Мексика чек арасынын коопсуздугу үчүн алдын ала каражат бөлбөй туруп, чет өлкөгө ондогон миллиард долларлык жардам жөнөтүүгө каршы болушкан.

Бул консерваторлор өз кезегинде аларды Кремлдин алдамчылары болушу мүмкүн деген божомолдорду жалаа катары четке кагышты.

Президент Жо Байден шаршемби күнкү билдирүүсүндө мыйзам пакетине конгресс кабыл алгандан кийин дароо кол коерун, "биз досторубузду колдойбуз" деген дубай саламды дүйнөгө жолдой турганын билдирди.

Украина АКШ менен Батышка курал-жарактан көз каранды, ансыз ал Россия менен согушту уланта албайт, анткени анын армиясы сан жагынан көп жана артиллериялык ок-дарысы толтура.

Конгресстеги туңгуюк айлардын таасири согуш талаасына катуу эле тийди.

Украина аскеринин саны кыскарып, курал-жарак, ок-дары жетишпей, армияда моралдык маанай түшкөндө, алар чегинүүгө аргасыз болду.

Февраль айында алар 2014-жылы согуш башталгандан бери кармап турган Донецкинин жанындагы Авдеевка шаарын калтырып кетүүгө аргасыз болду.

Бул чегинүүнү башкарган генерал Александр Тарнавский артиллериялык снаряд жагынан душмандар 10:1 катышында үстөмдүк кылып жатканын белгилеп, бир нече айлык салгылашуудан кийин чегинүү "жалгыз туура чечим" болгонун айтты.

Президент Зеленский "кырсыктуу" кырдаалга жеткирбеш үчүн аскердик жардамды көбөйтүүгө шашылыш чакырык менен кайрылды.

Президент Байден болсо чегинүүнүн себебин "Конгресстеги кайдыгерликтин натыйжасында жардамдын кыскарышы" деп атаган.

Авдеевканы колдон чыгаруу Украина үчүн 2023-жылдын май айында Бахмуттан чыгып кеткенден кийинки оор жоготуу болду.

Экөө тең бир нече айга созулган согуштан кийин орустарга өттү, орус аскерлери артиллерия менен үстөкө-босто аткылап, талкалап, өзүнүн аскерин эч аябай, алдыңкы сызыкка кандуу кармашка салды.

Улуу Британиянын Куралдуу Күчтөрүнүн бириккен командачылыгынын мурдагы командири, генерал сэр Ричард Барронс жакында Украинага керектүү курал-жарак жана ок-дары берилбесе, быйыл жеңилүүгө кабылышы мүмкүн деген кооптонуусун билдирди.

"Биз Россия артиллерия, ок-дары жана аскер саны жагынан беш эсе көп болуп, согушуп жатканын көрүп жатабыз",- деди ал.

"Украина жеңе албай турган сезимге алдырышы мүмкүн. Эгерде кырдаал ошого жетсе, анда адамдар эмнеге күрөшүп, өлгүсү келмек эле?»

Согушта эки тарап тең оор жоготууларга учурады, бирок Россиядан айырмаланып, Украинада аскерге адам жетпей турган убак.

Ушул айдын башында өкмөт армияны толуктоо максатында аскерге чакыруу курагын 27ден 25ке түшүрдү.

Темага тектеш материалдарды бул жерден окуңуз:

Президент Зеленский 2022-жылдан бери 31 000 украин аскери курман болгонун билдирди. Бирок, АКШнын расмий өкүлдөрү Украинада кеминде 70,000 адам курман болуп, көп адамдар жарадар деп эсептешет.

Ал эми Би-Би-Синин иликтөөсү боюнча, кеминде 50 000 орус аскери курман болду. Он миңдеген адамдар жарадар болду деп болжолдонууда.

Россия улуттук бюджетинин 40% курал-жаракка жумшап, Иран жана Түндүк Корея менен ок-дары, ракета жана дрон алууга келишим түзүп, өнөр жай базасын согуштук экономикага айландырды. (МА)

Украинадагы Россия козөмөлдөгөн райондор