Афганистан: «Мен ачка балама бергенге чайдан башка эчтекем жок»

Sohaila

Сүрөттүн булагы, BBC/Aamir Peerzada

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сохайла кызына көп учурда чай берет, андан башка ырыстуу эч нерсе жок
    • Author, Йогита Лимайе
    • Role, Афганистан боюнча кабарчы

"Балама сүт сатып ала элегиме эки ай болду. Бөтөлкөгө эми чай куюп берем. Кээде нанды чайга чылап берем",-дейт чыгыш Кабулда жашаган Сохайла Ниязи.

Анын үйүнө бара турган жол жок - туш тарапта жайнап чачылган таштандыны аралап араң жетесиң.

Сохайла - жесир. Анын алты баласы бар, эң кичүүсү - 15 жаштагы кызы Хусна Факири. Сохайла айтып жаткан чайды салттуу түрдө Афганистанда ичишет: жашыл жалбырактар ысык сууга демделип даярдалат, сүт менен кант жок. Анын баланын ден соолугуна пайда бере турган эчтекеси жок.

Сохайла — Дүйнөлүк азык-түлүк программасынан азык-түлүк жардамын албай калган он миллион адамдын бири. Каржылоо болбогондуктан бул жардам токтогон. Бул Афганистандагы үй түйшүгү жалаң аялдардын мойнунда турган эки миллион үй-бүлөгө абдан чоң сокку болду.

Сохайла Талибандын бийлигинин алдында иш таап, үй-бүлөсүн бага албай калганын айтууда.

«Жегенге тамак жок түндөр болду. Мен балдарга түн ортосунда кимге барып жардам сурап жалдырайм деп айтам. Алар ачка укташат, ал эми ойгонгондо айламы таппай калам. Эгер коңшубуз анча-мынча тамак алып келип, балдар «мага бер, мага бер» деп талашат. Мен тең бөлүп бергенге аракет кылам»,-дейт Сохайла.

Ачка кызын уктатыш үчүн Сохайла ага «уйкунун дарысын» берерин айтты.

«Мен ал ойгонуп кетип сүт сурабаш үчүн ушуну берем, анткени менде бере тургандай сүт жок. Мен ага дары берип койгондо ал эртең мененкиге чейин уктайт».

Биз анын кызына кандай дары берерине кызыктык, көрсө ал антигистаминдик же аллергияга каршы препарат экен. Бул дарынын седация же адамдын физикалык ал-күчүн кетирген эффектиси бар.

Дарыгерлер бул дарынын транквилизатор же антидепрессанттарга караганда зыяны аз болгон менен, кээ бир ата-энелер балдарына көп өлчөмдө бергенде дем алуу органдары жабыркай турганын айтууда.

Сохайла өзүнүн күйөөсү карапайым адам болгонун, 2022-жылы Панжшер провинциясында Талибан менен болгон согушта өлтүрүлгөнүн айтат. Күйөөсү өлгөндөн кийин ал БУУнун Азык-түлүк программасынан келчү жардамдын көзүн карап калган.

Азыр Азык-түлүк программасы үч миллион гана адамды камсыз кыла турганын билдирди, бул ачкачылык азабын тартып отургандардын чейрек бөлүгүнө да жетпейт.

Сохайла туугандары менен коңшуларынын жардамысыз жан сактай албайт.

Кичинекей Хусна болсо көп убакыт бою үн чыгарганга да кудурети жок, шалдырап тынч жата берет.

The Indira Gandhi Children's Hospital in Kabul

Сүрөттүн булагы, BBC/Aamir Peerzada

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кабулдагы Индира Ганди атындагы балдар ооруканасы

ЮНИСЕФтин маалыматына караганда, ал ачкалыктын азабын жеген өлкөдөгү үч миллион баланын бири. Булардын чейрек бөлүгүнөн көбүрөөгү оорунун эң оор түрү - ачкалыктын эң курч түрү менен ооруйт. БУУнун эсебинде бул Афганистандагы мурда болуп көрбөгөндөй мүшкүл иш.

Ошентип өлкөнүн эң кенже балдарына тамак жетпей атканда, саламаттык сактоо системасын кыйроодон сактап келаткан жардамды токтотууга туура келүүдө.

Эл аралык кызыл чырым комитети отуздан ашык ооруканада медициналык кызматкерлерге эмгек акы төлөп, дары-дармек жана азык-түлүк менен камсыз кылып жаткан, 2021-жылы бийлик алмашылганда ушундай чукул чара кабыл алынган.

Эми бул ишти улантуу үчүн анын ресурсу жок, көп дарылоо мекемелерине жардам токтоду, анын ичинде Афганистандагы бирден бир балдар ооруканасы - Кабулдагы Индира Ганди атындагы ооруканасы да бар.

«Дарыгерлер менен мээрман айымдарга эмгек акы өкмөттөн келет. Алардын эмгек акысы эки кыскарды»,-дейт ооруканага Талибан дайындаган директор Мохаммад Икбал Садик.

Каражат жетпегендиктин ооруканада амбулатордук бөлүм жабылып, жатып дарыланууга муктаждар гана кабыл алынат.

Палатага оорулууларга батпай калды, бир койкага көп учурда экиден бала жаткырууга туура келет.

Палатанын бир бурчунда Сумайя отурат. 14 айдан бери анын салмагы жаңы төрөлгөн баланыкындай, кичинекей жүзү карып калган адамдыкындай болуп жүлжүйөт.

Анын катарында отурган Мохаммад Шафи. Ал он сегиз айда алчу салмактын жарымын араң алды. Анын атасы Талибанга кызмат кылган согушкер эле, авто кырсыкта курман болду. Апасы оорудан көз жумду.

Биз анын койкасынын жанынан өткөндө карып калган чоң апасы Хаят Биби басып келип, өзүнүн башынан өткөн окуяны айтып берди.

Grandmother Hayat Bibi holds her grandson in her arms

Сүрөттүн булагы, BBC/Aamir Peerzada

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мохаммады чоң энеси карап калды. Атасы жол кырсыгында каза болгон, энеси оорудан көз жумду

Ал бизге талибдер анын небересин ооруканага жеткиргенин, бирок эми эмне болорун билбей, кудайга жалынып жатканын айтып отурду.

"Кудайга жалынып-жалбарып жатам. Мен башка кимге кайрылам билбейм. Аргам түгөнүп калды",-дейт Хаят Биби көзүнө жаш тегеренип. "Мен өзүм араң жүрөм. Башым ушунчалык ооруйт, азыр жарылып кетчүдөй зыңылдайт".

Талибан өкмөтүнүн башкы өкүлү Забихуллу Муджахидден эл аралык коомчулукту көбүрөөк жардам берүүгө көндүрүү үчүн эмне аракет болуп жатканын сурадык.

"Жардам кыскарды, анткени донор өлкөлөрдүн экономикасында иш начар. Эки чоң көйгөй болуп кетти - Ковид жана Украинадагы согуш. Ошондуктан биз алардан башка жардам ала албайбыз",-деди ал.

"Биз өз алдыбызча оокат кылганды билишибиз керек. Экономикабыз турукташып калды, кен байлыктарды казып иштетүүгө контракттарды түзүп атабыз, миңдеген жумушчу орунда түзүлөт. Мен, албетте, жардам кыскарышы керек деп айтпайм, анткени бизде дагы эле проблемалар бар".

Талибандын саясаты ушул проблеманын бир бөлүгү экенин ал мойнуна алабы? Анткени, өкмөт аялдарга катуу тыюуларды салып жаткан өлкөгө донор өлкөлөр акча бергиси келбей жатпайбы?

"Эгер жардам басым куралы болуп колдонулса, Ислам эмиратынын өзүнүн нарк-насили бар, аны бардык күчү менен коргойт. Афгандар өзүнүн наркын сакташ үчүн абдан көп курмандыкка барды, жардам кыскаргандагы кыйынчылыкты да көтөрүп кете алат",-деди Муджахид.

Анын сөзү көптөгөн афгандыктарды санаасын баспайт. Өлкөнүн калкынын үчтөн экиси ачкачылыктын азабын тартууда.

Кабулдун көчөлөрүнүн биринде бир бөлмөлүү муздак, ным баскан үйдө бизге жолуктурган бир аял талибдер ага мөмө-жемиштерди, байпакты жана башка буюмдарды көчөдө сатууга тыюу салганын айтып чырылдады. Аны көчөдөн кармап кеткен учурлар да болду. Күйөөсү согушта өлгөн, эми төрт баласын багышы керек. Ал өзүнүн атын атагандан коркот. Саамга унчукпай калып, кайра эле чыдабай башындагы азапты айтууну улантты.

"Алар жок дегенде бизге иштегенге жана акча таап жан сактаганга мүмкүнчүлүк бериши керек. Кудай турат, биз жаман иш кылбайт элек. Биз балдарыбыз жегенге тамак табыш үчүн иштейт элек, а алар бизди ушунчалык кысып жатат",-дейт ал.

Woman with her children

Сүрөттүн булагы, BBC/Aamir Peerzada

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Төрт баланын энесине көчөдө майда-чүйдө сатып иштегенге тыюу салынган

Айла жок, азыр эми 12 жаштагы баласын иштеткенге мажбур болууда.

«Мен Талибандагы бир адамдан сурадым, эгер мен иштеп таппасам балдарымды ким багат? Ал болсо балдарыңа уу бер, бирок үйдөн чыкпагыла»,-деди. «Талибан өкмөтү эки жолу анча-мынча акча берди, бирок алар жумурга жук болгон жок».

Талибан келгенге чейин мамлекеттик чыгымдардын төрттөн үч бөлүгү чет жактан келчү, мурдагы режимге берилген колдоо эле. Анын баары 2021-жылы августта токтоду, экономика болсо өчөйдү.

Эл аралык жардам агенттиктери каралашып, убактылуу жардам беришти. Бирок чет элдик каржылоонун чоң бөлүгү кетти.

Мындан өткөн оор кырдаал болбосо керек. Өткөн жылы да ушундай жүрөк ооруткан көрүнүштү көргөнбүз. Миллиондор каткан нан менен суу ичип жан сакташууда. Ал эми айрымдар бул кыштан чыкпай да калат. (МА)

Имоджен Андерсондун да репортажга жардамы болду. Сүрөттөр Аамир Призаданыкы.