Тува баш калаасындагы ичимдикке тыюу

Сүрөттүн булагы, KIRILL KUKHMAR/TASS
Тува баш калаасы Кызылдын мэриясы 1-10-май аралыгында шаар боюнча алкоголь ичимдиктерин сатууга тыюу салды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат.
Мунун алдында эле орус президенти Путин майдын алгачкы он күнүн эс алуу катары жарыялаган эле. Алкоголь, анын ичинде сыраны дүкөндөрдө сатууга тыюу салынат. Коомдук тамактануучу жайларда дагы сунушталбайт.
Мындай эреженин киргизилишин шаар бийлиги "майрам жана эс алуу күндөрүндө коомдук тартипти, тургундардын ден соолугун сактоо" деп түшүндүрдү.
Ушул күндөрү полиция тарабынан атайын рейддер өткөрүлүп, эрежеге баш ийбей сата бергендерге чара көрүлөрү эскертилди.
Кызыл шаары майда кылмыштар көрсөткүчү боюнча Орусиядагы шаарлардын алдыңкы сабына чыккан учурулары көп эле болгон. Март айында эле Znak.com сайты өзүнүн репортажында Тува баш калаасын "адам өлтүрүүлөр көп катталган шаар" катары мүнөздөгөн эле.
Ошол маалда республиканы жетектеп турган Кара-Оол макаланы кескин сынга алганы бар. "Кимдир бирөө Туваны каралоого, бизди "ичкиликке берилген, бири-бирин бычактаган" эл катары көрсөткөнгө аракет кылып жатат. Албетте, жазмакерлер менен юристтер иш алып барат",-деп жазган "Инстаграм" баракчасына.
Буга чейин ичимдикке киргизилген чектөөлөр Чукоткада, Якутияда болгон эле. Коронавирус пандемиясы учурунда мындай эрежелер көбөйө баштады.
Бүтүндөй регион боюнча алкоголь ичимдиктерин сатканга тыюу салууга Забайкал аймагынын губернатору Александр Осипов киришкен. Бирок анысы төрт гана күнгө иштеген. Минпромторг "олуттуу социалдык чыңалууга" себеп боло турган кадамдардан алыс болууга чакырган эле.





























