"Арабдар Марста": БАЭ космос станциясын орбитага чыгарды

Орбитага учуп чыгуунун түз көрсөтүү

Сүрөттүн булагы, Reuters

Бириккен Араб Эмирлигинин жашоочулары "Ал-Амал" ("Хоуп") космос станциясы Марстын орбитасына ийгиликтүү учуп чыкканын майрамдоодо. Бул өлкө тарыхындагы жана бүтүндөй Жакынкы Чыгыштагы биринчи планеталар аралык миссия болуп калды.

Араб Эмирлиги Кызыл планетаны изилдеген жана өздөштүрүп жаткан элиталык клубдун бешинчи мүчөсү болуп кирди. Бүгүнкү күндө Марска ийгиликтүү учууларды СССР (кийин Орусия), АКШ, Индия менен Европа Биримдиги гана жасай алган.

Бул тизмеге кирүүгө Жапониянын дагы (1998-жылы) аракети болгон. Ошол эле маалда Кытай деле умтулуп келүүдө.

карта

Арабдар учурган аппараттын көлөмү жол тандабас автоунаадай эле бар. Аны кайра артка кайтаруу каралган эмес. Орбитада калып, байкоолорду жүргүзөт жана бортундагы орнотулган жабдыктар аркылуу Марстагы атмосфераны изилдейт.

Миссиянын алдында бир нече илимий тапшырмалар коюлган. Алардын бири - кычкылтек менен суутекти издөө. Станция орбитада бир жылдай болот.

"Ал-Амал" араб тилинен которгондо "үмүт" дегенди билдирет. Ал Марска алты айда жеткен. Орбиталык аппаратты учуруу өткөн жылдын 20-июлунда түндөсү болуп, ал Жапониядагы Танэгасима космодромунан учуп чыккан эле. Миссиянын ийгилигин аныктаган эң оор этабы 9-февралда болуп өттү.

түз эфирге келген киши

Сүрөттүн булагы, Reuters

Миссияны иштеп чыккандар Араб Эмирлигинин космос программасын акыркы он жылдыктагы Жакынкы Чыгыштагы чоң өзгөрүүлөрдүн ачык күбөсү деп мүнөздөдү. Ошондуктан буга бүтүн араб дүйнөсү түйшөлүү менен көз салып турду. Анткени "тынчы жок чөлкөмдөгү" окуялардын мындан аркы өнүгүшүндө маанилүү ролду ойноп калышы мүмкүн.

түз эфирди көрүп жаткан кыз

Сүрөттүн булагы, Reuters

Кеп эмне жөнүндө болуп жатканын түшүнүү үчүн Араб Эмирлигин дүйнөдөгү алдыңкы беш космостук державанын катарына кошкон кишилердин сүрөтүн көрүү жетиштүү болсо керек. Араб долбоорун космос агенттигинин 11 кызматкери көзөмөлдөп турган: сегиз аял жана үч эркек. Бул жагынан алганда дагы аппараттын "Ал-Амал" - "Үмүт" аталышы жаңы маанини туюндурат. (AbA)