АКШ Түркияга F-35 аскер учактарын сатпайт

Видеонун түшүндүрмөсү, С-400 зениттик-ракеталык комплекси

Анкара орусиялык С-400 зениттик ракеталарынын биринчи бөлүгүн өткөн аптада кабыл алгандан кийин АКШ Түркияны F-35 аскер учактарынын программасынан алып салды. Демек, Анкара F-35 аскер учактарын сатып ала албайт.

Вашингтон "F-35 аскер учактары Орусиянын заманбап платформасы менен бирге иш алып бара албайт, себеби алар учактын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат топтойт" деген билдирүү таратты.

АКШ бир нече ирет эскертүү бергенине карабастан, президент Режеп Таййип Эрдоган орус куралын сатып алды. Орусиялык ракеталарды Түркия кандай колдонот, бул тууралуу азырынча белгисиз.

Russian S-400 anti-aircraft weapon system in Crimea

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусия система радарлардан жашыруун учкан дрондордон баштап, аскердик учактар жана узак аралыктагы ракеталарды атып түшүрө турган артыкчылыктарга ээ дейт

С-400 зениттик-ракеталык комплексин сатуу боюнча Түркия менен Орусия ортосундагы келишимге 2017-жылы сентябрь айында кол коюлган.

Аталган система абадан коргонуу эле эмес, ракетага каршы коргонуу милдетин дагы аткарат. Дүйнөдө мындай курал Орусиянын өзүнөн сырткары Белоруссияда жана Кытайда гана бар.

Анкара Батыш өнөктөштөрү менен Сирия жана адам укуктары жаатындагы маселеден улам пикир келишпестиктерге барып, соңку жылдары көбүрөөк Орусия менен тыгыз мамиле курууга аракет кылып келет.

НАТО уюмундагы ич ара талаш

Түркия менен АКШ талашынын аскердик, стратегиялык жана өндүрүштүк өңүтү бар. Ошондуктан Түркия НАТОдо жана сырткы саясатта канчалык ишенимдүү деген суроону козгоду.

"Түркия 65 жылдан ашуун убакыттан бери ишенимдүү өнөктөш жана НАТО уюмунун мүчөсү болуп келди. Бирок С-400 зениттик ракеталарды кабыл алып, НАТОго мүчө өлкөлөрдүн Орусиянын системаларынан алыстоо тууралуу милдеттерин Анкара аткарбай жатат",- деп айтты Акүйдүн басма сөз кызматынын өкүлү Стефани Гришам.

Russian S-400s in Ukraine's Crimea peninsula. Photo: November 2018

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, С-400 зениттик-ракеталык комплекси дүйнөдөгү эң кубаттуу ракеталык системалардын бири

Альянстын чегинде Түркиянын түштүк тилкеде жайгашкан артыкчылыгын, анын сириялык кризистеги ролун эске алсак, НАТО андан жүзүн буруп кете албайт. Ошондуктан Гришам айым "АКШ Түркия менен стратегиялык мамилени баалайт жана эки мамлекеттин ортосундагы алака бир гана F-35 аскер учактары менен чектелбейт" деп кошумчалады.

С-400 зениттик-ракеталык система бир нече комплектациясы менен сатылат. Түркия кандай комплектацияны тандаган күндө дагы, аны региондогу НАТОнун абадан коргонуу боюнча жалпы системасына кошуп жибериши кыйын.

Орусия абадан коргонуу системаларын мыкты иштеп чыгат. Бирок орусиялык системаны НАТОнун куралдуу күчтөрү колдоно турган болсо, инструкторлор жана тейлеген адистер керек болот эмеспи. Мына ушундан кооптонуп жатышат. Бул өзгөчө америкалыктарды кабатыр кылды. Себеби Түркия америкалык F-35 учактарын дагы колдонууда. Эгерде орустар Түркиянын абадан коргонуу системасына аралаша турган болсо, анда F-35 дагы ошол чөлкөмдө турат да. Демек, баалуу чалгын маалыматтарына ээ болуп калышы мүмкүн деген чочулоо бар.

Footage supplied by the Russian defence ministry of first components of the system being delivered to Turkey

Сүрөттүн булагы, Russian Ministry of Defence

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түркияга жөнөтүлгөн С-400 зениттик-ракеталык комплексинин биринчи бөлүгү

Түркия С-400 алыс аймакта жайгашат, F-35 базасына жакын болбойт деп билдирди. Албетте, орустар F-35 учагы тууралуу буга чейин эле маалыматка ээ болушу мүмкүн. Анткени Орусиянын Сириядагы радарлары израилдик аба күчтөрү колдонгон F-35 учагын байкоого алып келген.

Түркия эмне үчүн С-400дү тандады?

С-400

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу билдиргендей, америкалык жана европалык өндүрүшчүлөр баш тарткандан кийин гана түрк тарап орус куралын алууга аргасыз болгон.

2013-жылы америкалыктар Түркияга өзүнүн Patriot зениттик комплексин берген. Бирок, 2015-жылы аны кайра өлкөдөн алып чыгып кете баштады. Муну Сирияда аскердик потенциал төмөндөгөнү менен түшүндүргөн.

Жыйынтыгында Түркия заманбап үлгүдөгү абадан коргонуу системасы жок калды.

С-400 зениттик-ракеталык комплекси

С-400 зениттик-ракеталык комплекси дүйнөдөгү эң кубаттуу ракеталык системалардын бири.

Комлекс 400 чакырым аралыктагы бутага таамай тиет жана бир учурда 80 бутаны атып түшүрө алат.

Орусия система радарлардан жашыруун учкан дрондордон баштап, аскердик учактар жана узак аралыктагы ракеталарды атып түшүрө турган артыкчылыктарга ээ дейт.

line
Radar
  • Узак аралыктагы бутаны аныктаган радар маалыматты башкаруу пунктуна жөнөтөт.
  • Бута аныкталган соң, аскер жетекчилери ракетаны атууга буйрук берет.
  • Буйрук бутага эң жакын жайгашкан унаалардын бирине жөнөтүлөт.
  • Багыттоочу радар ракетанын бутага таамай тийүүсүн башкарат.
line