"Бир эле 8-март эмес": Дүйнөдөгү аялдарга арналган майрамдар

кыргыз кыздар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

8-март - дүйнөдөгү аялдарга байланышкан эң белгилүү майрамдардын бири. Бирок ага карата мамиле ар башка жана көп түрдүү. Бул күн кыз-келиндерге арналган жалгыз эле майрам эмес. Дагы кандай белгилүү даталар бар?

Эл аралык майрамдар

эне бала

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Энелер күнү - коомдогу энелердин ролуна арналган, кеңири белгиленген майрам. Дүйнөнүн 40тай өлкөсүндө майрам майдын экинчи жекшембисинде белгиленип жүрөт.

АКШда Энелер күнү 1914-жылдан бери улуттук майрамга айланган. Буга Анна Жарвистин эмгеги чоң. Ал апасынын өлүмүнөн кийин Энелер күнүн мамлекеттик деңгээлде белгилөө керек деген идеяны көтөрүп чыгып, акыр аягына чейин күч-аракетин жумшаган. Жарандык активист Анна Мария Жарвис саламаттыкты сактоо тармагын жакшыртуу үчүн күрөшкөн.

Анна Джарвис

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Анна Мария Джарвис аялдар уюмдарын түзгөн

Анна Мария Америкада аялдардын башын бириктирген уюм түзүп, жакыр бүлөөлөргө дары-дармек алып турууга көмөк көрсөткөн.

АКШ президенти Вудро Вильсон Энелер күнүн мамлекеттик майрам катары белгилөөгө макулдук берген. Анын артынан дүйнөнүн ондогон өлкөлөру бул күндү расмий белгилей башташты. Көп өлкөлөрдө кыз-келиндерге арналган негизги майрам - Энелер күнү болуп калды.

15-октябрда Элеттик аялдардын эл аралык күнү белгиленет. БУУнун Башкы Ассамблеясынын чечими менен 2007-жылдан тарта белгилене баштады.

Непал

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Непалдык аялдар

Азыркы учурда бул күнгө карата БУУ тарабынан элеттик аялдарга байланышкан түрдүү көйгөлөрдү чечүүгө маселеси талкууга коюлуп келүүдө. Маселен, өткөн жылы "Covid-19 пандемиясы маалында элеттик аялдардын жашоо шартын жакшыртуу" тууралуу кеп кылды.

Ар кайсыл өлкөдө аялдарга байланышкан кесиптик майрамдар дагы бар. Айталы, 23-июнь - Инженердик тармактагы аялдардын эл аралык күнү. Биринчи жолу 2014-жылы Британиядагы инженер-аялдар коому тарабынан негизделген. 2016-жылы ЮНЕСКО тарабанын таанылып, кийин эл аралык майрам катары белгилене баштады.

АКШ

Сүрөттүн булагы, Getty Images

26-август - АКШда Аялдардын теңдик күнү белгиленет. Бул дата дагы бекеринен тандалып алынган эмес. 1920-жылы АКШнын Баш мыйзамына өзгөртүү киргизилип, аялдарга шайлоо укугу берилген. Биринчи жолу 1972-жылы бул күн белгиленген.

Президент Ричард Никсон 26-августту Аялдардын теңдик күнү деп жарыялоо тууралуу жарлыгын чыгарат.

Жапония

Жапонияда аялдар күнү расмий белгиленбейт. Бирок 3-март күнү Хинамацури майрамдалат. Башкача айтканда, Кыздар күнү же куурчак күнү деп таанылган майрам.

Бул күнү жапондор кыздарынын саламаттыгы жана бактысы үчүн сыйынышат.

Дүкөндөр дагы бул күндү пайдаланып, түрдүү куурчактарды сатыкка алып чыгышат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дүкөндөр дагы бул күндү пайдаланып, түрдүү куурчактарды сатыкка алып чыгышат

Кыздар күнүндө үй-бүлөлөдө кыз бала болсо, алар үйүнө кызыл чүпүрөк менен капталган текче жасап, ага колго жасалган куурчактарды тизип коюшат. Куурчакткар өзгөчө ыкма менен тизилет.

Бул күнү жапондор дасторкон жайып, конок чакырышат. Кыздарга улуттук кийимдерди (кимоно) кийгизишет жана таттуулар менен сыйлашат. Илгери бул күн кыздарга гана арналса соңку мезгилде жалпы аялзатынын майрамына айланып баратат.

Армения

Арменияда 7-апрелди Энелер жана сулуулук күнү катары майрамдашат. 1990-жылдардан өлкө эгемендүүлүккө жеткенден кийин 8-мартты мамлекеттик майрамдардын катарынан чийип, анын ордуна Энелер күнүн киргизүү идеясы болгон. Жыйынтыгында армяндар азыр эки майрамды тең белгилейт.

Ереван

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Өткөн жылды Ереванда полиция аялдарды куттуктап гүл берди

Энелер күнү Арменияда диний майрамына дагы туш келет. Бул күнү боюнда бар аялдар чиркөөгө барып сыйынат.

ТАР

Түштүк Африкада 9-август - Улуттук аялдар күнү. 1956-жылы бул күнү 20 миңдей аял апартеид мыйзамына каршы өкмөт үйүнүн алдында каршылык акциясына чыккан. Аялдар өкмөт үйүнүн алдында 30 минута үн катпай турушкан. Андан кийин ырдай башташкан, Ыр "силер аялдарга кол көтөргөндө, асканы урдуңар" деген мааниде эле.

Южная Африка

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2016-жылы Түштүк Африкадагы аялдар тарыхый окуяны эскерди

1995-жылдан тарта ТАР Улуттук аялдар күнүн жыл сайын мамлекеттик деңгээлде белгилеп келе жатат.

Латын Америка

Латын Америкада 25-июль - Афро-латынамерикалык, афро-карибдик жана африкалык аялдардын эл аралык күнү катары белгиленет. Биринчи жолу бул күндү 1992-жылы Доминикан Республикасында майрамдашкан. Региондогу 32 өлкөдөн келген афро-латынамерикалык, жана афро-карибдик аялдардын биринчи саммити өткөн. Жолугушуунун негизги темасы расизм жана сексизм менен күрөшкө арналган.

Латын Америка

Сүрөттүн булагы, Getty Images

8-март Латын Америкада баары бир майрамдалып келүүдө. Маселен, бул күнү Бразилияда аялдар каршылык жүрүшүнө чыгат. БУУнун маалыматы боюнча бул региондо аялдарга карата зомбулук дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүчтө. Жыл сайын 20 млн. аялдар жана кыз-келиндер зомбулуктун курмандыгы болот. Пандемия алардын абалын дагы кыйындатты. Бир эле Венесуэлада өткөн жылдын апрелинде аялдардын киши колдуу өлүмү 65 пайзыга өскөн. Колумбияда болсо катталган үй-бүлө зомбулугу 50% өстү.