Шайлоодон кийинки бир жыл. Эмне үчүн Трамп Орусияны Украинадагы согушту токтотууга ынандыра албады?

Трамп жана Путин
    • Author, Елизавета Фохт
    • Role, Би-Би-Синин Орус кызматы
  • Окуу убактысы: 9 мүнөт

Дональд Трамп АКШдагы президенттик шайлоодо жеңгенден бери бир жыл өттү. Шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө ал Украинадагы согушту токтотууну жана Владимир Путин менен мамилени жөнгө салууну тышкы саясатындагы негизги артыкчылыктардын бири деп эсептей турганын көп кайталап келген. Бирок ал муну ушул кезге чейин жасай алган жок. Бир нече айга созулган сүйлөшүүлөргө жана президенттер жолугушканына карабастан согуш уланууда, ал эми Москва менен Вашингтон өзөктүк курал боюнча кайым айтышууда. Эмне үчүн Трамп менен Путин азырынча мунасага жете албай жатат?

"Сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыкпай жатат"

"Мен Украинадагы согушту расмий түрдө кызматка киришкенге чейин эле токтотом. Муну мен шайланар замат жасайм. Мен президент Зеленский менен жолугушкам. Президент Путинди да жакшы тааныйм. Мен муну жасай алам".

Дональд Трамп 2024-жылдын октябрь айында Висконсин штатындагы митингде тарапкерлеринин алдында сүйлөп жатып ушундай убада берген. Ал кезде мындай дымактуу убада эч кимди таң калтыра алмак эмес. Шайлоо өнөктүгү маалында Трамп Украинадагы кан төгүүнү 24 сааттын ичинде токтотууга элүүдөн ашык жолу убада берип, муну инаугурациясына чейин эле жасай турганын кайталап келген.

Шайлоодо ишенимдүү жеңишке жеткенден бери бир жылдын ичинде Трамптын маанайы кыйла өзгөрдү. Кызматка киришкенден көп өтпөй ал согушту 24 сааттын ичинде токтотуу убадасы "каймана мааниде" болгонун тактай баштады. Акыркы жумаларда АКШнын президенти бул башында болжолдогондон кыйла оор болгонун мойнуна алып калды.

Трамп бийликке келгенден кийин Вашингтон менен Москванын мамилеси жолго түшө баштагандай болду. Ак үй менен Кремль Орусия Украинага басып киргенден бери биринчи жолу түз сүйлөшүүлөргө багыт алышты. Трамп президенттик мөөнөтүнүн башында Украинага караганда Орусия менен тил табышуу оңой болорун айтчу. Канча жылдардан бери биринчи жолу тараптар экономикалык кызматташтыкты жана дипломатиялык мекемелердин ишин калыбына келтирүү маселелерин талкуулай башташкан. Трамп менен Путин дайыма телефон аркылуу байланышта болуп, ал эми августта Аляскада көзмө-көз жолугушкан.

"Азырынча тараптардын ортосунда башталган диалог согушту токтотуу жолундагы (өтө маанилүү болсо да) жалгыз жетишкендик бойдон кала берүүдө", - деп айтты Би-Би-Сиге жаздын аягына чейин АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинде Европа жана Орусия маселелери боюнча улук директор кызматында иштеген Эндрю Пик.

"Биз негизи эле 12 ай мурун болбогон форматтагы тынчтык процесси, кандайдыр бир бүтүм тууралуу сөз кылып жатканыбыздын өзү эле чоң жетишкендик. Тараптар бири-бирин позициялары тууралуу кабардар кылып, анын ичинде муну жазуу жүзүндө жасап жатканы – бул дипломатиянын ишинин өзөгү", - деп белгиледи Пик.

Биринчи кезекте Владимир Путин менен жеке байланышы Дональд Трамптын дипломатиясынын негизин түзгөн. Байден президент болуп турган чакта Улуттук коопсуздук кеңешинде Орусия боюнча кеңешчи болуп эмгектенген Эрик Гриндин айтымында, Путин менен иштешкен ар бир АКШнын президенти бул ыкманы тигил же бул формада сынап көргөн. Трамп үчүн бул ыкма эл аралык саясатта негизги аспап болуп калды. Орусиянын да, АКШнын да президенттери акыркы бир жылдан бери жакшы мамиледе экенин бир нече жолу айтып келатышат.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бул жаңы ыкманын негизги фигураларынын бири Трамптын жакын досу, анын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Стив Уиткофф болду. Ал Владимир Путин менен бир нече жолу жолуккан. Ушундай жолугушуулардан кийин Ак үй да, Кремль да тараптар өз ара тил табыша башташканын кабарлашчу. Мамилелерде жылыш болбой, Трамп кыжырданган учурларда Уиткофф муну жөнгө сала алган: мисалы, Уиткоффтун Москвага августтагы сапарынан кийин АКШ Орусияга каршы санкцияларды катаалдаштыруу идеясынан баш тартып, президенттердин саммитине даярдана баштаган.

Анткен менен тараптар согушту токтотуу же жок дегенде ок атышпоо тууралуу макулдашууга жетише алган жок.

Эки жогорку даражалуу европалык дипломат Би-Би-Сиге айтышкандай (алар атын жашыруун калтырууну өтүнүштү), макулдашуулардын ишке ашпай калышы бир чети Уиткоффтун фигурасына байланыштуу болду. Уиткофф бир нече жолу Владимир Путин согушта артка чегинүүгө даяр деген ишеним менен Москвадан кетчү. Бул өзгөчө Аляскадагы саммит маалында айкын болду.

Financial Times Анкорижде Трамп Владимир Путинге ок атышууну токтотсо, санкцияларды жеңилдетүүнү жана экономикалык кызматташууну сунуштаганын жазган – Ак үй бул макулдашуу Кремль үчүн пайдалуу болот деп ойлогон. Бирок Путин бул сунуштан баш тартып, Украинанын багынуусун жана Донбасста али басып ала элек аймактарын Орусияга өткөрүп берүүсүн талап кылды, ошондой эле Трампка "тарыхтан лекция" окуп, муну менен аны ого бетер ачууландырды.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Путин Трампка "сапаты төмөн товарларды" сатууга аракет кылган деп эсептейт. "Менин оюмча, ар бир адам калпты укканда жаман болот", - деди Зеленский АКШ президентинин маанайы тууралуу. – "Биз бүгүнкү күндө Америка менен Орусиянын согуш тууралуу бирдиктүү көз карашы жок деп эсептейбиз. Ал эми Америка Орусия калп айтып жатканын түшүнүп турат".

Трамп өзү болсо Путин менен бир гана диалог жетишсиз экенин ачык айтып жүрөт. "Мен Владимир менен ар бир жолу жакшы сүйлөшөм. Бирок бул сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпай жатат", - деди ал октябрдын этегинде Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизип жаткан маалда.

"Трамп да, Путин да жеке дипломатия жыйынтык берет деп ойлошкон. Бирок маселе диалогдун жоктугунда эмес, согуштун эмне себептен жүрүп жатканында экени белгилүү болду. Жеке мамилелер структуралык көйгөйлөрдү чече албасын түшүнгөн Трамптын көңүлү иренжиди", - дейт европалык жогорку даражалуу дипломат.

"Путинге аймак эмес, Украинанын үстүнөн суверенитет керек"

2024-жылдын июль айында Тышкы иштер министрлигинин коллегиясында Владимир Путин Украинадагы согушту токтотуу үчүн өзүнүн талаптарынын толук тизмесин биринчи жолу жарыялаган (жана ошондон бери ал риторикасын дээрлик өзгөрткөн жок). Талаптардын катарында Украинанын беш аймагынын административдик чектеринде Орусиянын суверенитетин таануу, Украинанын нейтралдуу статусу, армиясын кыскартуу, орус тилинин статусун бекемдөө жана Батыш Орусияга каршы киргизген санкцияларды алып салуу.

Кремль чоң саясий макулдашууга жетишкенден кийин гана Украинада ок атышууну токтотууга макул болду. Бул жагынан алганда Кремлдин позициясы АКШ менен Украинанын көздөгөнүнө, тактап айтканда, чоң сүйлөшүүлөргө башат болуп берчү токтоосуз элдешүүгө карама-каршы келет. Аляскадагы саммиттен кийин Трамп бул идеядан бир аз убакытка баш тартты, бирок эми кайрадан согушту азыр кайсы баскычта турса, ошол жерден токтотууну талап кылууда.

АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинде Европа жана Орусия маселелери боюнча кеңешчи Эндрю Пиктин айтымында, чыныгы жылышка жетишүү үчүн тараптар үч негизги маселени – аймактарды, ошондой эле согуш аяктагандан кийин Украинанын саясий жана аскердик түзүмүн макулдашышы керек. Азырынча бул багыттардын биринде да олуттуу жылыш байкала элек.

Украинага байланыштуу эл аралык байланыштарды чагылдырууда жалпыга маалымдоо каражаттарынын өзгөчө көңүлү украин аймактарынын көйгөйүнө бурулду. Владимир Зеленский Украина мунасага барууга даяр экенин, бирок эч бир аймагын Орусияга бербестигин жана аларды Орусияга таандык деп тааныбай турганын айтып келет.

Москва менен Вашингтондун позициясын бир аз болсо да жакындаткан жалгыз маселе – аймак маселеси. Апрелде Трамп "Крым орусиялык бойдон кала берет" деп айткан. Маалымат каражаттарынын жазышынча, Ак үй 2014-жылы аннексияланган жарым арал Орусияга таандык деп таануу мүмкүнчүлүгүн ыктымалдуу бир бүтүмдүн алкагында карап жаткан. Бирок, Аляскада пикир табыша албагандан кийин Трамп күтүүсүздөн Киев Евробиримдиктин колдоосу менен бардык аймактарын кайтара аларын жарыялады. Ошол эле маалда Reuters жазгандай, Владимир Зеленский менен октябрдагы жолугушууда АКШ президенти кандайдыр бир аймактык мунасага келүүнү талап кылган.

Айрым бир маалыматтар боюнча, Орусия да өз талаптарын жумшарткандай. Августта Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан орусиялык тарап Херсон жана Запорожье облустарында согуштук аракеттер жүрүп жаткан линияда калууга даяр экенин жана бул аймактарга толук көзөмөл берилээрин күтпөстүгүн айткан. Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, Путин бул тууралуу Трампка Аляскада билдирген.

Аляскадагы саммиттен кийин Путин менен Трамп жолугушуудан канааттанганын айтышкан. Бирок иш жүзүндө саммит дипломатиялык жылыштарга алып келген жок жана Трамп Анкорижден көңүлү иренжиген маанайда кеткен.

Сүрөттүн булагы, Andrew Harnik/Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аляскадагы саммиттен кийин Путин менен Трамп жолугушуудан канааттанганын айтышкан. Бирок иш жүзүндө саммит дипломатиялык жылыштарга алып келген жок жана Трамп Анкорижден көңүлү иренжиген маанайда кеткен.

"Трамп аймактар боюнча бүтүмгө келебиз – жер боюнча мунаса табылат деп ишенген. Бирок Путинге жер керек деген ой жаңылыш болуп чыкты. Путинге аймактар эмес, Украинанын эгемендиги керек", - деди Би-Би-Сиге европалык жогорку даражалуу дипломат.

Би-Би-Си маектешкен эксперттер жана дипломатиялык булактар согуш аяктагандан кийин Украинанын саясий жана аскерий келечеги Кремль үчүн маанилүү деген пикирге кошулушат. Ал эми бул темаларда — Украинанын коопсуздук кепилдиги, курал-жарак менен камсыз кылуу жана согуш аяктагандан кийинки өлкөнүн саясий түзүмү — Вашингтон Москва менен азырынча тил табыша албай жатат.

"Орусия үчүн Украинанын келечектеги багыты түйшөлткөн маселе эмес, ал согушка себепчи болгон негизги маселелердин бири", - деп түшүндүрөт Эндрю Пик. Кремль Киевден толугу менен бейтараптуулукту жана украин армиясынын мүмкүнчүлүктөрүн бир топ кыскартууну талап кылууда. Украинанын бийлиги болсо, өлкөнүн эгемендүүлүгүн камсыздай турган жана кайрадан кол салууну алдын алууга мүмкүндүк берген коопсуздук кепилдиктерин артыкчылыктуу деп эсептей турганын бир нече жолу билдирген.

Өз кезегинде Трамп АКШ Украинанын коопсуздугуна кепил болууга ниеттенип жатканын айтып, НАТОну курал-жарактарын андан ары да Украинага өткөрүп берүүгө макул болуп, жаңжал чыккан аймакка тынчтык орнотуучу күчтөрдү жөнөтүү идеясын талкуулоого катышкан.

Украина үчүн "убакыттан утуп берүү"

Будапешттеги саммиттин иш жүзүндө үзгүлтүккө учурашы Орусия менен АКШнын дипломатиялык байланышында урунттуу учур болуп калды. Путин менен Трамп 16-октябрда телефон аркылуу сүйлөшүп, мындай саммитти өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашкан. Бул алардын Аляскадагы саммиттен кийинки биринчи сүйлөшүүсү болду. Ак үй менен Кремль сүйлөшүүлөрдү Мамлекеттик департаменттин башчысы Марко Рубио жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров даярдашы керек деген чечимге келишкен. Адегенде алар бири-бирине телефон чалып, андан соң бетме-бет жолугушат деп болжолдонгон.

20-октябрда Лавров менен Рубио телефондон сүйлөшүп, ушуну менен гана чектелишкен. Bloomberg маалымдагандай, бул сүйлөшүүдө Рубио Москванын согушту токтотуу боюнча позициясы өзгөргөн жок деген жыйынтыкка келген. Ал эми Financial Times жазгандай, Путин менен Трамптын сүйлөшүүсүнөн көп өтпөй Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Ак үйгө меморандум жөнөткөн, анда ок атышууну токтотуу үчүн ошол эле катаал талаптарды койгон. Бул меморандумда кошумча аймактарды өткөрүп берүү, Украинанын куралдуу күчтөрүн кыскартуу жана анын бейтараптыгына кепилдиктерди берүү талаптары жазылган. Ал эми Орусиянын Тышкы иштер министрлигиндеги булак "Коммерсант" гезитине бул документ президенттердин сүйлөшүүсүнө чейин эле Вашингтонго жиберилгенин жана "Анкорижде жетишилген түшүнүшүүнү" чагылдырганын айтты.

Кандай болгон күндө да бул сунуштарды Украина да, анын союздаштары да колдобойт.

Украинанын президенти Владимир Зеленский европалык өнөктөштөрдүн жардамы менен акыркы айларда Дональд Трамп менен кайым айтышуудан кийин такыр бузулгандай көрүнгөн мамилени оңдой алды.

Сүрөттүн булагы, Win McNamee/Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украинанын президенти Владимир Зеленский европалык өнөктөштөрдүн жардамы менен акыркы айларда Дональд Трамп менен кайым айтышуудан кийин такыр бузулгандай көрүнгөн мамилени оңдой алды.

Трамптын президенттигинин алгачкы айларында АКШнын лидери Украинаны жана анын европалык өнөктөштөрүн диалогго чакырбастан эле согуштун тагдырын Путин менен түз чечкиси келгендей таасир калтырган. Владимир Зеленскийдин февраль айында Вашингтонго иш сапары маалында Трамптын кабинетиндеги кайым айтыш бул кооптонууну күчөткөн. Москвага болсо мындай кырдаал майдай жакканы айкын.

Бирок акыркы апталарда орун алган окуялар көрсөткөндөй, Зеленский жана анын администрациясы "Украинасыз Украина жөнүндө сөз болбосун" деген талапты сүрөп, Трамп менен мамилени калыбына келтирүүгө жетише алды. Washington Post жазгандай, бул украин аткаминерлеринин европалык союздаштары жана Киевди колдогон республикачылар менен биргелешкен, көп айларга созулган эмгекти талап кылды. Украинанын президенти Трампка эл алдында көбүрөөк ыраазычылыгын айта баштады. Алардын акыркы убактардагы жолугушууларындагы маанай бул өз жемишин берип жатканын тастыктап турат. Мындан тышкары, Зеленский Путинден айырмаланып, Ак үйдүн ок атышууну токтотуудан баштап, Путин менен үч тараптуу саммитке чейинки идеяларына шыктануу менен жооп кайтарып келет.

Киевдин жана анын европалык өнөктөштөрүнүн милдети – Путин иш жүзүндө каалап жаткан капитуляция Европанын коопсуздугуна, мунун натыйжасында Американын да кызыкчылыктарына орду толгус зыян алып келерине Вашингтонду ынандыруу. Эки жогорку даражалуу дипломаттын айтымында, Украинанын жана Европанын лидерлери бул маселе боюнча Трамптын ишенимдүү адамдары – вице-президент Жей Ди Вэнс жана мамлекеттик катчы Марко Рубио менен диалог түзө алышты. "Экөө тең Москванын согушту токтотуу каалоосун АКШ президентине караганда сынчыл маанайда кабыл алышууда", - дешет Би-Би-Синин маектештери.

Саммиттерден баштап санкцияларга чейин

Аляскадагы саммиттен бери эки жарым айда эми гана калыбына келе баштаган Орусия менен АКШнын мамилеси байкаларлык татаалдашып кетти. Адегенде Ак үй америкалык Tomahawk канаттуу ракеталарын Украинага берүү маселесин олуттуу ойлонуп жүргөн.

Орусия кырдаалды жөнгө салып кеткендей болду. Кремль Дональд Трампка Нобелдин Тынчтык сыйлыгын ыйгарууну колдой турганын ишара кылган. Владимир Зеленскийдин Вашингтонго октябрь айындагы сапарынын алдында (жолугушууда "Томагавктарды" жеткирүү боюнча мунасага жете алышат деп күтүлгөн) Путин өз демилгеси менен Трампка телефон чалды — ушундан кийин "Томагавктар" жөнүндө чечим кийинкиге калган. Акыркы бир жылдын ичинде бул көрүнүш бир нече жолу кайталанды: АКШ президенти бир нече жолу Орусияга сөөмөй кезегени менен, иш жүзүндө аткарган эмес.

Бирок Будапешттеги саммит үзгүлтүккө учураганы белгилүү болгондон көп өтпөй Трамптын сабыры түгөндү. Анын президенттигинин тогуз айында биринчи жолу АКШ Орусияга санкцияларды киргизди – санкциялар орусиялык ири "Роснефть" жана "Лукойл" мунай компанияларына каршы киргизилди. Бул чечимге комментарий берип жатып, АКШнын финансы министри Скотт Бессент Ак үй экономикадагы көйгөйлөр Путинди эпке келтире алат деп ишенип жатканын билдирди.

"Албетте, мындай аракеттери менен АКШнын бийлиги эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерге доо кетирип жатат. Бирок, Орусия басым астында саясатын өзгөртпөйт", - деди Путин.

Мындан көп өтпөй Орусия өзөктүк энергетикалык түзмөгү бар "Буревестник" канаттуу ракетасын жана өзөктүк кыймылдаткычы бар "Посейдон" автономдуу суу астында жүрүүчү аппаратты сынаганын жарыялады. Ушундан кийин өзөктүк сыноолорду жандандыруу планын АКШ да жар салды.

Эндрю Пиктин айтымында, эгерде Орусия эпке келбесе, Путиндин позициясын өзгөртүү аракетинде экономикалык кысым Ак үйдүн негизги куралына айланышы мүмкүн.

Би-Би-Синин маектештери Орусия менен АКШ дипломатиялык байланыштарды улантат деп болжолдошууда, бирок алар азырынча олуттуу жылыштар күтүлбөй турганын айтышууда. Азырынча тараптар тышкы иштер министрлери Сергей Лавров менен Марко Рубионун (сүрөттө) кийинки бетме-бет жолугушуусу боюнча да бир пикирге келе алышкан жок

Сүрөттүн булагы, MOHD RASFAN/AFP/Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Би-Би-Синин маектештери Орусия менен АКШ дипломатиялык байланыштарды улантат деп болжолдошууда, бирок алар азырынча олуттуу жылыштар күтүлбөй турганын айтышууда. Азырынча тараптар тышкы иштер министрлери Сергей Лавров менен Марко Рубионун (сүрөттө) кийинки бетме-бет жолугушуусу боюнча да бир пикирге келе алышкан жок

"Тынчтык процессиндеги көйгөйлөрдүн бири – орусиялык системанын пассивдүүлүгү", - деди Би-Би-Сиге жогорку даражалуу дипломат. Анын айтымында, учурда Москва АКШ менен Украинадан айырмаланып, европалык өнөктөштөр менен бирге тынчтык процессин илгерилете турган демилгелерди көтөргөн жок.

"Азыр Кремль үчүн тышкы саясаттын бардык көйгөйлөрү аскерий тапшырмаларга караганда экинчи планда турат", - дейт Эрик Грин. Анын айтымында, Вашингтон менен болгон мамиледе Москва биринчи кезекте согушту жөнгө салууга эмес, "трансатлантикалык биримдиктин" алсырашын жана Украинага көрсөтүлүп жаткан колдоону азайтууну көздөп жатат. "Тараптар мындан ары да сүйлөшө беришет деп ойлойм, бирок жакынкы келечекте эч кандай жылышты көрбөй турам", - дейт эксперт. (ZMa)