"Төрт күн мурун сүйлөшкөн кызынын колун сураган". Кыйраган тик учакта кыйылган өмүр

Мээрим Айныкеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Тик учак кырсыгында каза болгон отуз жаштагы Жайыл Самудинов

Сүрөттүн булагы, SMANALY ADENOV

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тик учак кырсыгында каза болгон отуз жаштагы Жайыл Самудинов

Тик учак кулаганда каза болгон учкуч Жайыл Самудинов 19-январда жерге берилди. Ал 24-февралда отуз жашка чыкмак. 2018-жылы Орусиянын Самара облусундагы авиациялык окуу жайды аяктап келгенден тарта Кыргызстанда эмгектенип жаткан.

Ал тажрыйбалуу, таланттуу учкуч болгонун, ишине жоопкерчилик менен мамиле кылганын кесиптеши жана бөлөсү Сманалы Аденов Би-Би-Сиге айтып берди:

Жайыл Самудиновдун студенттик кези

Сүрөттүн булагы, SMANALY ADENOV

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жайыл Самудиновдун студенттик кези

"Экөөбүз чогуу иштечүбүз. Ал күнү деле эртең менен учурашкам. Учканды сагындым, барып учуп келейин деп жылмайган бойдон кеткен. Жарым сааттан кийин кырсык тууралуу кабар келди. Барсам, ошол тик учак кулап калыптыр. Балдардын баары жерде жатыптыр. Бөлөмдү издей баштадым. Мага эч ким эч нерсе деп айта албай жатты. Ар биринин жүзүн карап Жайылды таппай жаттым".

Тик учактын Жайыл отурган тарабы жанчылып калганы айтылууда.

Жайыл кырсык болордон төрт күн мурун эле сүйлөшкөн кызынын колун сурап, апрелде үйлөнөм деп жаткан экен. Ал үч бир туугандын улуусу болгон.

Учканды сагындым, барып учуп келейин деп жылмайган бойдон кеткен

Сүрөттүн булагы, SMANALY ADENOV

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Учканды сагындым, барып учуп келейин деп жылмайган бойдон кеткен

Учак кыйраган күн

Коргоо министрлигине караштуу Ми-8 тик учагы 17-январда окуу-машыгуу учурунда абага көтөрүлгөндө авариялык конууга мажбур болуп, жерге катуу урунган. Борттун кара ящигиндеги маалымат аркылуу окуянын чоо-жайын тактоого болорун, бирок буга бир топ убакыт керек деп жатышат.

Ми-8 тик учагы авариялык конууга мажбур болуп, жерге катуу урунган

Сүрөттүн булагы, kaktus media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ми-8 тик учагы авариялык конууга мажбур болуп, жерге катуу урунган

Ми-8 тик учагы Орусияда өндүрүлөт. Кырсыкка учураган "МТВ" модели жаңыланган транспорттук-аскердик тик учак деп аталат. Алты чакырым бийиктикке чейин көтөрүлө алат, 24 жүргүнчү батат.

Айрым адистер кырсыкка учураган тик учактын чыгарылганына жыйырма жылдан кем эмес убакыт болушу мүмкүн экенин, маал-маалы менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп турганын айтып беришти.

Президент Садыр Жапаров былтыр 22-октябрда тик учак темасында Facebook баракчасына пост жарыялаган. Анда Өзбекстан 2021-жылы Кыргызстанга кайтарымсыз түрдө МИ-8МТВ тик учагын бергенин, сүрөттөрү менен чыгарган эле. Мындан сырткары дал ушундай тик учактардын бири Өзбекстанга капиталдык ремонтко берилгенин, анын чыгымдарын Өзбекстандын Коргоо министрлиги толугу менен мойнуна алганын жазып, бул үчүн кесиптеши Шавкат Мирзиёевге ыраазычылык билдирген.

Садыр Жапаров жарыялаган сүрөттөрдө, МИ-8МТВ “203” номерлүү тик учактын сүрөтүн көрүүгө болот. Бул кырсыкка учураган тик учакка окшош.

Садыр Жапаров Facebook баракчасына жарыялаган сүрөттөрдүн бири

Сүрөттүн булагы, Facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Садыр Жапаров Facebook баракчасына жарыялаган сүрөттөрдүн бири
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Би-Би-Си Кыргыз кызматы жеке булактар аркылуу тик учакка жооптуу үч кызматкердин аты-жөнүн, байланыш номерлерин таап, суроолорду узатууга аракет кылды. Бирок алар жооп беришкен жок.

Мурда аталган министрликте он жылдан ашуун иштеп кеткен кызматкерлердин бири иш акыйкат тергелүүсү үчүн Орусия, Казакстандан көз карандысыз эксперттерди кошуу керектигин билдирди. Ал аты-жөнүн жашыруун кармоону өтүндү.

"Тик учак, учактар кулабашы үчүн учуунун коопсуздугун камсыз кылуучу орган бар. Бул орган эч качан буйрук берүүчүгө, атайын аскердик операциянын командирине көз каранды болбошу керек. Өзүнчө көз карандысыз болушу керек. Эгерде кайра эле көз каранды боло турган болсо, бул кулаганы кулаган да. Ошол орган көз каранды болгондо кулабай калат беле. Учуулардын коопсуздук органы башка өлкөлөрдүкү сыяктуу өкмөт алдында түзүлүшү керек. Жарандык авиация жана мамлекеттик авиация деген бар. Коопсуздук органы бир гана Министрлер кабинетинин төрагасына баш ийиши керек. Мамлекеттик авиация органы - буга ӨКМдин авиациясы, Коргонуу күчтөрүнүн авиациясы, УКМК авиациясы, чек ара авиациясы кирет. Мына ушул жерге патриот, акыйкат үчүн күрөшкөндөрдү коюш керек. Анан бирөөгө кошомат кылгандарды жолотпош керек. Ошондо коопсуздук сакталат. Анан аны көз карандысыз орган кылганы менен деле ал жерге барган киши татыктуу болушу керек. Бирөөнүн тагдырына залакасын тийгизбеш керек",- деди мурдагы кызматкер.

Эки жылда аскер жабдыктарын жаңылоого 125 млрд. сом бөлүнгөн

Кыргызстан эгемендик алгандан бери ар кандай жагдайда, ар башка жерде тик учактар кыйраган мисалдар бар. Соңку окуя өлкөдөгү аскерий техникалардын абалы деген маселени ойго салгандай болду.

Кыргызстан башка Борбор Азия өлкөлөрү сыяктуу эле аскердик техникаларды совет доорунан мурастап калган. Ал дагы толук кандуу эмес болгондуктан, мүчүлүштүктөрү байкалып турчу. Түрдүү экономикалык себептерден улам аскер бюджети күч түзүмдөрүн каржылоого кетип, жаңы техника алууга дээрлик мүмкүн болбой келген. Совет доорунан калган техникалар дайыма оңдоп-түзөөнү талап кылып турганын, эскилиги жеткендиктен аны колдонуу дээрлик мүмкүн болбой калганын аскер адистери айтып келчү.

Бирок кыргыз бийлиги акыркы эки жарым жыл ичинде аскердик техника жана курал-жаракты масштабдуу түрдө жаңылап, армияны мурдагыдан кыйла күчөткөнү маалым. 2021-жылдан бери аскерий жабдыктарды жаңылоого 125 млрд. сом бөлүнгөн. Бул каражаттарга учкучсуз учуучу аппараттар, абадан коргонуу системалары жана тик учактар алынганын УКМК башчысы Камчыбек Ташиев айткан эле. Мунун баары грант же карызга эмес, мамлекеттик бюджеттин эсебинен алынганын дагы ырастаган.

"Акынжы" биздики! Боордош элибизге ыраазычылык! 12.10.2022. Камчыбек Ташиевдин Фейсбукка жазган билдирүүсү

Сүрөттүн булагы, SOCIAL MEDIA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Акынжы" биздики! Боордош элибизге ыраазычылык! 12.10.2022. Камчыбек Ташиевдин Фейсбукка жазган билдирүүсү

Кыргызстан Түркиядан Bayraktar TB2, Акынжы, Аксүнгүр учкучсуз учуучу аппараттарды алды. Мындан тышкары орусиялык аскер техникаларын – радар, абадан коргонуу системасы, "Тигр" брондолгон унаасы, "Орлан" чалгындоочу дрондорду алды.

Коргоо министрлигине тийиштүү тик учактар

Сүрөттүн булагы, SULTAN DOSALIEV

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Коргоо министрлигине тийиштүү тик учактар

Бул чек арадагы кандуу окуялардан, жалпы эле региондогу коопсуздук маселелеринен улам аскерий кубаттуулукту күчөтүү максатында көрүлүп жаткан аракеттер экенин президент дагы, атайын кызматтын башчысы дагы айтып келет.

Эл аралык айрым эксперттер дагы Кыргызстан коргонуу системасына өзгөчө көңүл буруп жатканы чек арадагы акыркы окуялардан улам деп чечмелешет.

Президент Садыр Жапаров курал-жарак, ок-дарылардын кампасына барган учур,

Сүрөттүн булагы, SULTAN DOSALIEV

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президент Садыр Жапаров курал-жарак, ок-дарылардын кампасына барган учур, 2023-жыл, 2-март

Эскилиги жеткен техникаларды жаңылоо, техника эле эмес, жылдап даярдалган адистерге камкор, коопсуз шарттар деген маселе соңку окуядан улам дагы бир жолу талкууланат өңдүү. Себеби бир учкучту даярдап, такшалтуу каражаттын эле эмес, жылдап созулган эмгектин натыйжасы экенин адистер бир ооздон айтып жатат.

Учкучтун өмүрүн алган соңку окуя боюнча кылмыш иши козголуп, окуянын чоо-жайын иликтөө жүрүп жатат. Иликтөөнүн калыс, бейтарап жүрүшү үчүн абадан коргоо күчтөрүнүн жооптуу кызмат адамдары убактылуу жумуштан бошотулду.