ТИМ Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу билдирүү таратты

Сүрөттүн булагы, TIM
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыш аймагындагы чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу олуттуу тынчсыздануусун билдирерин маалымдады.
"Кыргыз Республикасы аймактагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу максатында эл аралык коомчулуктун күч-аракеттерин бириктирүүнү, Бириккен Улуттар Уюмунун Уставына жана эл аралык укуктун ченемдерине ылайык иш алып барууну жактайт. Ошондой эле тараптарды максималдуу сабырдуулукка чакырып, согуштук аракеттерди кечиктирбестен токтотууга жана кырдаалды жалаң гана тынчтык жолу менен чечүү үчүн конструктивдүү диалогго мүмкүн болушунча тез кайтууга багытталган бардык зарыл чараларды көрүүгө үндөйт", - деп берилет билдирүүдө.
28-февралдын таңында Израиль Иранга алдын алуучу сокку урганын өлкөнүн коргоо министри Исраэль Кац билдирди. Анын айтымында, бул соккулар Израилге карата коркунучтун алдын алуу максатында жасалды. Андан соң АКШнын операцияга катышканын президент Дональд Трамп да тастыктады.
«Израиль мамлекети мамлекетке болгон коркунучтарды жок кылуу үчүн Иранга алдын ала сокку урду», — деди Исраэль Кац.
Андан кийин АКШ президенти Дональд Трамп өзүнүн Truth социалдык тармагында 8 мүнөттүк кайрылуу жарыялап, АКШнын Иранга соккуларына түздөн-түз катышканын тастыктады.
«Америкалык аскерлер Иранда ири аскерий операция баштады. Биздин максат — Американын элин коргоо жана Иран режиминен келип жаткан түздөн-түз коркунучтарды жоюу», — деди Трамп.
Ал коркунуч - Ирандын өзөктүк программасынын уланышы жана Ирандын АКШга түздөн-түз коркунуч туудурган алыскы аралыкка атуучу ракеталарды иштеп чыгуусу экенин тактады. «Биз алардын ракеталарын жок кылабыз жана ракеталык өнөр жайын жер менен теңдейбиз», — деп билдирди Трамп.
Бир аз мурун Израилдин коргонуу күчтөрү - ЦАХАЛ билдиргендей, Израилге Иран тараптан ракеталар атылганы аныкталды.
«Коргонуу системалары коркунучту бөгөттөө үчүн иштеп жатат», — деп айтылат аскерлердин билдирүүсүндө.
Чабуул тууралуу маалымат алгандан кийин Ички фронттун командачылыгы жабыркаган аймактардагы тургундарга эскертүүлөрдү берип, аларды баш калкалоочу жайга барууга чакырды.





























