Журналист Ишенбеков апасына топурак салганы барат: жабык жайлардан сыртка чыгаруунун жол-жобосу кандай?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Беш жылга соттолгон журналист Азамат Ишенбеков чоң апасынын тажыясына катышууга мүмкүндүк алды. Бул маалыматты Ишенбековдун адвокаты жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тастыктады. Би-Би-Си Кыргыз кызматы жабык жайларда жазасын өтөп жаткан жарандарга кайсы учурда кыска мөөнөткө тышка чыгууга мүмкүндүк берилет жана жол-жоболору кандай деген суроолорго жооп издеди.
Акын жана журналист Азамат Ишенбековдун чоң апасы 2-мартта акка моюн сунду. Анын адвокаты Нурсултан Жаныбеков журналисттин чоң апасын акыркы сапарга узатууга уруксат берилгенин кабарлады.
"Азаматтын чоң апасы катуу ооруп жатканда эле абак жетекчилигине арыз бергенбиз. Коштошконго макулдук алганбыз. Негизи үч күнгө уруксат берилет деп айтылган, бирок 1-март күнү чоң апасынын жанында 40 мүнөттөй болуп, кайра кайтып келди. Кечээ чоң апасынын кайтыш болгонун укканда Жазаларды аткаруу кызматынын №8 мекемесинин жетекчилигине оозеки кабарлап, электрондук почтасына уруксат берүү өтүнүчү менен расмий кат жөнөткөм. Маркумдун тажыясы 4-мартта болот деп айтылгандан кийин Азамат бүгүн түштөн кийин Нарын облусуна чыгып кетмей болду. Ага 5-мартка чейин уруксат берилгенин айтышты", – деди адвокат Нурсултан Жаныбеков.
"Тирүү кезинде уулун кучактап калса болбойт беле"

Сүрөттүн булагы, social media
Журналист жана акын катары таанылган Азамат Ишенбековдун ата-энесинин көзү мурда эле өтүп кеткен. Аны үч жашынан тарта багып өстүргөн 75 жаштагы чоң апасы катуу ооруп, комада жатканы 28-февралда белгилүү болгон.
Укук коргоочу Рита Карасартованын айтымында, чоң апасы уулунун акталар күнүн көрбөй кеткени өтө өкүнүчтүү болду:
"Апасы үчүн анын топурак салганы эмес, акталып чыкканы маанилүү эле. Тирүү кезинде уулун кучактап, жыттап калса болбойт беле. Акыйкаттык орногонун, эркиндикке чыкканын сезип кетсе болбойт беле. Бир жума мунун Жогорку сот журналисттерди актап кое турган жерде эле. Журналисттер эч качан бийликти басып алалы дебейт, башаламандык жасайлы дебейт".
Бишкектин Ленин райондук соту былтыр 10-октябрда "Айт айт десе" долбоорунун кызматкери, журналист Азамат Ишенбековду 5 жылга эркинен ажыраткан. 25-февралда Жогорку соттун коллегиясы бул өкүмдү күчүндө калтырды.
"Айт, айт десе", "ПолитКлиника" жана "Арча Медиа" басылмаларында иштеген жана кызматташкан 11 журналист былтыр январь айында кармалган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси ("Массалык башаламандыктар") менен айып тагылган. Эл аралык жана жергиликтүү укук коргоочулар журналисттер негизсиз камалганын белгилеп, кыргыз бийлигин аларды актоого чакырып келишет.
Соттолгондор тышка убактылуу чыкканга кантип мүмкүндүк алат?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Соттолгон жарандарды жабык жайлардан убактылуу чыгаруунун жол-жоболору Жазык аткаруу кодексинин 97-беренеси аркылуу ишке ашат.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдиргендей, жалпы тартиптеги түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткандарга жубайы, жакын тууганы каза болгон учурда, катуу ооруган маалда, олуттуу материалдык чыгымга алып келген табигый кырсыкка кабылганда жети суткага чейинки түзөтүү мекемелеринин чегинен тышкары чыгууга уруксат берилиши мүмкүн.
"Соттолгон жарандын өзгөчө жеке жагдайларга байланыштуу кыска мөөнөттүү тышка чыгуу жөнүндө арызы бир суткадан кечиктирилбей каралууга тийиш. Арызга соттолгон жарандын жакын тууганы каза болгонун, катуу ооруп жатканын, же олуттуу материалдык зыян келтирген табигый кырсыктын фактысын ырастаган документтер тиркелет. Уруксат берүү учурунда кылмыштын классификациясы, өтөлгөн мөөнөтү, соттолгон кишинин жүрүм-туруму эске алынат", – деп айтылат Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын түшүндүрмөсүндө.
Ушул эле беренеде кимдерге жана кандай жагдайларда тышка чыгууга уруксат берилбей турганы да көрсөтүлгөн.
- Өмүр бою эркинен ажыратылгандар
- Өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы жыйырма жылдык мөөнөткө алмаштырылгандар
- Терроризм, экстремизим үчүн соттолгондор
- Уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү
- Жыныстык зордук-зомбулук жасагандар
- Аракечтик, токсикомания, баңгилик, кургак учук, жыныстык жол менен жуккан ооруларга каршы милдеттүү дарылоодон өтпөгөндөр
- Жаза өтөө тартибин бузгандар
- Качууга ыктаган же мурда качкандар тышка чыгууга уруксат ала албайт.
Мындан тышкары жабык мекемелерде эпидемиялык кырдаал жаралган учурларда да соттолгон жарандардын абактын чегинен чыгуу өтүнүчү канааттандырылбайт.
Мурдагы акыйкатчы, укук коргоочу Турсунбек Акун мыйзамдын жарыгы бардык жарандарга тегиз тийбей турганын белгилейт.
"Тилекке каршы, абактагы карапайым жарандарга тышка чыкканга мүмкүнчүлүк деле жок. Адатта коомчулукка аты белгилүү болуп калган адамдар, саясатчылар уруксат алып жүрөт. Мисалы, 2013-жылы камакта отурган мурдагы мэр Нариман Түлеев атасы өлгөндө барып топурак салган. Азыркы президент Садыр Жапаров абакта отурганда баласынын тажыясына барган, бирок атасыныкына бара алган эмес. Мен акыйкатчы болуп турганда канча деген карапайым адамдар ушундай өзгөчө учурларда кыска мөөнөткө тышка чыгууну өтүнгөн, бирок аларга уруксат берилген эмес", – дейт Турсунбек Акун.
Адвокат Нурсултан Жаныбеков абактагы журналистке чоң апасын акыркы сапарга узатууга уруксат берүүдө коомчулуктун пикири да эске алынды десе болорун белгилейт.
Укук коргоочулар Азаматтын иши боюнча Жаза аткаруу мамлекеттик мекемесине доомат жок экенин белгилешет.
Ошол эле маалда алар журналисттин иши Бишкек шаардык сотунда каралып жатканда эле чоң апасы катуу ооруп жатканы, жардамга муктаж экени белгилүү болгонун, адвокаттар ага пробациялык жаза колдонууну сураганын эске салышып, өтүнүч канааттандырылбаганы түшүнүксүз бойдон калганын айтышууда. (АА)





























