Трамп Орусияга каршы жаңы санкция киргизди

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Бернд Дебусман
- Role, Ак үйдөн баяндайт
- Author, Макс Маца
- Author, Ян Эйкман
- Окуу убактысы: 3 мүнөт
АКШ Украинада тынчтык келишими боюнча Москвага басым көрсөтүү аракети катары Орусиянын эки ири мунай компаниясына, "Роснефтке" жана "Лукойлго" багытталган жаңы санкцияларды киргизди.
"Владимир Путин менен ар бир сүйлөшүүмдө жакшы баарлашабыз, анан алар ордунан жылбай калат. Эч эле жылбайт", — деди Доналд Трамп НАТОнун баш катчысы Марк Рютте менен жолугуп, тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзгөндөн кийин.
Санкциялар жарыяланганга чейин Трамп орус президенти Владимир Путин менен Будапештте пландалган жолугушуусу белгисиз мөөнөткө жылдырылганын айткан эле.
Шаршембиде Орусия Украинада катуу жардырууларды баштап, натыйжада бери эле дегенде жети киши каза болгон. Алардын арасында жаш балдар да бар.
АКШнын Каржы министри Скотт Бессент билдиргендей, "Путин бул маанисиз согушту токтотуудан баш тарткандыктан" жаңы санкцияларды киргизүү керектелген. Анын айтымында, аталган мунай компаниялары Кремлдин "согуш машинасын" каржылайт.
"Азыр согушту токтотууга жана тез арада ок атышууну токтотууга мезгил келип жетти", — деген Бессент өз билдирүүсүндө.
Шаршембиде Овалдык кабинетте Рютте менен бирге сүйлөп жатып Трамп тынчтыкты орнотуу боюнча олуттуу мамиле кылбай жатат деп Путинди сындаган. Трамп санкциялар маселени ордунан жылдырат деп үмүттөнөт.
"Убакыт-сааты келди деп ойлойм. Биз көпкө күттүк", — деген Трамп.
Ал санкциялардын пакетин "эбегейсиз" деп атап, эгерде Орусия согушту токтотууга макул болсо, анда санкциялар тез эле алынышы мүмкүн экенин кошумчалады.
Рютте дагы бул кадамды кубаттап, бул Путинге "көбүрөөк басым көрсөтүү" болгонун айтты.
"Басым көрсөтүү керек, бүгүн биз ошону жасадык", — деди Рютте.
Украинадагы согушту токтотуу үмүтү менен Трамп Путин менен Аляскада август айында жолугушкан эле. Экинчи жолугушуунун убактысы кийинкиге жылдырылган.
Бул кадам АКШ менен Орусиянын тынчтык боюнча сунуштарындагы айырмачылыктарды ачык көрсөтүп койду. Трамп башкы тоскоолдук Москванын азыркы фронттук чектерди бойлой согушту токтотуудан баш тартып жатканы экенин айтып келет.
Өткөн аптада Британия ушундай эле санкциялардын пакетин "Роснефть" менен Лукойлго киргизген.
"Орус мунайына дүйнөлүк базарда орун жок", — деген эле Британиянын канцлери Рэйчел Ривз бул кадамды жарыялап жатып.

Сүрөттүн булагы, EPA
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Британияга жооп иретинде Орусиянын Лондондогу элчилиги өз өлкөсүнүн ири энергия компаниясын бутага алуу дүйнөдөгү күйүүчү майды жеткирүүнү үзгүлтүккө учуратып, баанын жогорулашына алып келерин айткан.
Орус элчилигинин айтымында, санкциялар өнүгүп жаткан жана аз өнүккөн өлкөлөрдөгү "энергетика коопсуздугуна катуу зыянын" тийгизет жана "басым жасоо тынч диалогду татаалдаштырып, кырдаалды ого бетер курчутууга жеткирет".
Орусиянын эки мунай компаниясы күнүнө 3,1 млн баррель нефть экспорттойт. Британ өкмөтүнүн эсеби боюнча, Орусиядагы мунай өндүрүшүнүн дээрлик жарымы "Роснефтке" туура келет жана бул дүйнөлүк мунай өндүрүшүнүн 6% түзөт.
Орусиянын эң ири экспортун мунай менен газ түзөт. Москванын эң ири кардарлары Кытай, Индия жана Түркия. Кремлге экономикалык басым көрсөтүү үчүн Трамп аталган өлкөлөрдү орус мунайын сатып алуудан баш тартууга чакырып келет.
Трамптын бул кадамын Британиянын тышкы иштер министри Иветт Купер жогору баалап, АКШнын санкциялары "аябай колдоого алынарын" билдирген.
Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен X платформасында шаршембиде ал "Орусиянын тынчтык процессине каалоосу жок экени" жөнүндө Бессент менен телефондо сүйлөшкөнүн жарыялады.
Ошондой эле ал Евробиримдик тарабынан шаршембиде жактырылган санкциялардын жаңы пакетин жогору баалады. Анда Орусиянын суюлтулган табигый газ импортуна тыюу салынган.
"Алдыда кабыл алына турган Евробиримдиктин 19-пакети Атлантиканын эки тарабы тең агрессорго жамааттык басым жасоону улантарын көрсөткөн ачык белги", — деп жазган ал.
Үстүбүздөгү жылдын башында Британия менен АКШ Орусиянын "Газпром нефть" жана "Сургутнефтегаз" компанияларына каршы санкция киргизген.
Ак үйдө Рютте НАТОнун Европадагы шериктештери жана Киев тарабынан иштелип чыккан 12 пункттан турган планды талкуулаары күтүлүп жаткан. Анда азыркы фронттук чектерди тоңдуруу, депортацияланган балдарды кайтаруу жана согушуп жаткан өлкөлөр ортосунда туткундарды алмаштыруу каралган.
Планда Украинаны согуштан кийин калыбына келтирүү фондун түзүү дагы камтылган. Ошондой эле планда Украинанын Евробиримдикке кошулуусун так аныктаган жол жана коопсуздукту камсыздоо, андан тышкары Киевге аскердик жардамды көбөйтүү жана Москвага экономикалык басымды күчөтүү бар.
Бул аптанын башында Трамп Путин менен Будапештте "бекер эле жолуккусу" келбегенин айтып, эң талаштуу маселе Москванын азыркы фронттук чектерди бойлой согушту токтотуудан баш тартып жатканы экенин билдирген.
Ал акыркы жолу Путин менен Аляскада жолукканда Ак үй бул саммит согушту токтотот деп үмүттөнгөн эле. Бирок согуш токтогон жок.
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун даярдык иретиндеги жолугушуусу да кийинкиге калтырылган. Ак үйдөн билдиришкендей, телефон аркылуу "жемиштүү" сүйлөшүүдөн кийин жолугушууга "кажет" калган эмес.
Трамп көптөн бери азыркы фронттук чектерде согушту тоңдуруу сунушун айтып келет.
"Азыр кандай болсо, ошол бойдон токтосун", — деди ал дүйшөмбү күнү. "Фронттун чегинде токтоп, үйүңөргө кеткиле, согушту, адамдарды өлтүрүүнү токтоткула деп айттым".
Орусия бул сунушка макул эмес. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков "Орусиянын позициясы өзгөрбөгөнүн" айткан. Муну менен ал Украинанын куралдуу күчтөрү Донбасстан чыгып кетүүсү керек экенине ишарат кылган.
Шаршембиде The Wall Street Journal тараткан маалыматка Трамп каршылыгын билдирип, аны "фейк маалымат" деп атады. Анда Украина алыс аралыкка сокку ура алган ракеталарды колдонуусун АКШ жактырды деп жазылган эле.
Украинанын президенти Володимир Зеленский АКШнын алыс аралыкка сокку ура алган "Томагавк" ракеталарын өзүнүн куралдуу күчтөрүнө алуу ниети бар экенин билдирип, согуш талаасына аларды киргизүү коркунучу Орусияны сүйлөшүү столуна алып келерин айткан.
Макаланы жазууда Притти Мистри жана Даниэлл Кэй да катышты





























