Минералдар, сезондук жумушчулар жана санкциялар. Британ элчиси Лондон-Бишкек алакасына баа берди

Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер
    • Author, Кубат Касымбеков
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматы
  • Окуу убактысы: 3 мүнөт

Улуу Британия өзгөчө маанилүү минералдар тармагында Кыргызстан менен кызматташтыктын өнүгүшүнө кызыкдар. Мындай оюн Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер Лондон шаарында өткөн "Улуу Британия-Борбор Азия" форматындагы жолугушуулардын алкагында Би-Би-Сиге курган ат жалындагы маегинде айтты. Ал санкцияларды буйтап өтүү аракеттери жана Британиядагы айыл чарба тармагында иштеген кыргызстандыктар тууралуу да ой бөлүштү.

- Элчи мырза, 26-февралда Лондондо Британия менен Борбор Азиянын тышкы иштер министрлеринин алгачкы саммити аяктады. Адегенде бул иш-чаранын Улуу Британия жана Борбор Азия чөлкөмү маанисин түшүндүрүп бересизби?

- Оболу, мен бүгүнкү саммитте ушул жерде болонума кубанычта экенимди айткым келүүдө. Cиз айткандай, бул британ-кыргыз алакасында биринчи жолу болуп жатат жана ал маанилүү. Бул биздин эки тараптуу карым-катнашты тереңдетүүгө олуттуу мамиле кылып жатканыбызды жана бизде талкуулай турган көп темалар бар экенин көрсөтүп турат. Соода же маданий кызматташуу болобу, же адамдар ортосундагы байланыштар болобу, күн тартибинде көп темалар турат жана биз бул маселелердин бардык багыттары боюнча бир катар позитивдүү талкууларды жүргүздүк.

- Акыркы жылдары Улуу Британиянын Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан менен болгон өз ара кызматташуусу кыйла жогорулаганына күбө болдук. Эки жыл мурун, ошол кездеги британ тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон Кыргызстанга биринчи жолу келгенин билебиз. Бул аптадагы Лондондогу сүйлөшүүлөр Кыргызстан үчүн же регион үчүн кандай конкреттүү натыйжаларды алып келди?

- Менин оюмча, мындай саммиттин эң маанилүү жагдайларынын бири – бул мамилелерде мындан ары эмне болорун пландоо мүмкүнчүлүгү. Биз өз ара пайдалуу багыттар жана эки тарап биргелешип иштөөгө эң кызыкдар болгон тармактар тууралуу сүйлөшө алабыз. Ошол эле учурда биз айрым конкреттүү натыйжаларга жетиштик.

Бүгүн кечирээк өтүүчү бизнес жолугушуу маалында соңку бир канча жыл ичинде макулдашылган соода келишимдеринин бирине кол коебуз деп турабыз. Бул жолку келишим көмүртек калдыктарын азайтуу менен упай топтой турган долбоорду ишке ашырууга багытталган. Анын алкагында Ысык-Көлдө 25 миң гектар жерге бак-дарактар отургузулат. Мага бул келишим абдан жагып турат. Анткени ал Британия менен Кыргызстандын ортосундагы жакыныраак экономикалык алака-катыштын пайдасы канчалык ар тараптуу экенин көрсөтүп турат.

Кеп бир гана эки тараптын экономикалык пайдасы тууралуу эмес, адамзат үчүн да пайдалуу башка тармактар - бул учурда климатка тийгизген пайдасы тууралуу да болуп жатат. Мындай чогуу иш алып баруу эки өлкөнүн кызыкчылыгына жооп берет жана кызматташтыктын мындай өнүүгүсү кыргызстандыктардын жана британиялыктардын жашоосуна пайдалуу болоорун көрсөткөн эң сонун мисал.

- Улуу Британия - Борбор Азия министрлеринин бул биринчи жолугушуусу Орусиянын Украинадагы согушунуна төрт жыл болгон учурга туш келди. Албетте, Борбор Азия өлкөлөрү бул согушка нейтралдуу позицияда экенин айтып жатышат. Ошол эле учурда Британия жана башка Батыш өлкөлөрү региондогу айрым компаниялар же айрым юридикалык жактар Орусияга санкциялардан буйтап өтүүгө жардам берип жатканын билдирүүдө. Региондогу же Кыргызстандагы санкцияларды айланып өтүү боюнча болжолдуу схемалар Британияны канчалык тынчсыздандырат?

- Санкцияларды буйтап өтүү жолдорун токтотуу британ өкмөтү үчүн эң башкы артыкчылык болуп саналат. Украинадагы кырдаал Европа үчүн да, Британия үчүн да маанилүү. Биздин дүйнө жүзү боюнча санкцияларга байланышкан уюмдар тууралуу кооптонууларыбыз бар жана ачык маалымат булактарында ага Кыргызстандагы айрым уюмдар да кирери далилдер менен бекемделген. Бизде бардык деңгээлде кыргыз бийлиги менен жакшы, конструктивдүү, үзгүлтүксүз диалог жүрүп жатат. Биз буга ыраазыбыз. Бул - санкциялардан буйтап өтүү аракеттерин болтурбоо үчүн пикир жана маалымат алмашууга, биргелешип кандай чараларды көрөрүбүздү талкуулоого түзүлгөн маанилүү мүмкүнчүлүк.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Британиянын башкы дипломаты Иветт Купер, Лондон шаары, 26-февраль 2026-жыл.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Британиянын башкы дипломаты Иветт Купер, Лондон шаары, 26-февраль 2026-жыл.
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

- Ошентип, Улуу Британия менен Кыргызстандын ортосунда алака-катышты мындан да тереңдетүү үчүн дагы кандай мүмкүнчүлүктөр бар? Алдыдагы айларда же жылдарда эмнеге көңүл бурулушу керек?

- Менин оюмча, алакалар, мүмкүнчүлүктөр дагы да кеңейе берет. Акыркы бир нече жылда биз бир катар тармактарда эбегейсиз өсүштү байкадык жана кийинки эки, үч, беш жылга жана андан кийинки жылдарга көз чаптырсам, мындан да көп кызматташуу болот деп ойлойм.

Жеке өзүм соода тармагында өнүгүшүн чыдамсыздык менен күтүп жаткан айрым конкреттүү тармактарды айтсам, бул – өзгөчө маанилүү минералдар тармагы. Биз өткөн жылдын аягында бул тармакта биргелешип көбүрөөк иш алып баруу боюнча ниетти расмий түрдө тастыктаган өз ара түшүнүшүү боюнча меморандумга кол койгонбуз жана эми британ бизнеси муну максималдуу пайдаланып, Кыргызстандагы кесиптештери менен сүйлөшүүлөрдү баштап жатканын көрүп атабыз.

Маданий кызматташтык жаатына токтолсом, Британияда жашасаңар регби бул өлкөдө спорттун абдан маанилүү түрү экенин билесиздер. Биз Уэльс регби союзу менен Кыргыз регби федерациясынын ортосундагы өнөктөштүк аркылуу Кыргызстандагы регби спортунун өнүгүшүнө жардам берип жатканыбызга кубанычтабыз.

Анан, албетте, бизде Британияда жыл сайын 10 миңге жакын кыргызстандык айыл чарба жумуштарында иштеп, британ дүкөндөрүнө азык-түлүк жеткирүүгө кол кабыш кылышат. Ошондуктан, бул программа аркылуу иштеген адамдар биздин алардын аракеттерине канчалык ыраазы экенибизди билиши жана муну биздин кызматташтыгыбыздын абдан олуттуу бөлүгү катары кабыл алышы абдан маанилүү. Андыктан, оптимизмге көптөгөн себептер бар. Алдыда да аткарылчу көптөгөн жакшы иштер бар жана мен Улуу Британия менен Кыргызстандын эки тараптуу мамилелеринин кийинки баскычы кандайча өнүгөрүн көрүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатам.

- Тактай кетейин. Британияга сезондук жумушчуларды жөнөтүү боюнча программа алдыдагы жылдарда да улана берет деп күтсөк болобу?

- Азырынча ал абдан ийгиликтүү болуп жатат. Британияга келген кыргызстандыктар эң сонун иштеп жатышат. Мен аларга жеке өзүмдүн атымдан жасап жаткан иштери үчүн ыраазычылык билдирем, бул эң сонун жана ушундай таризде улана берсин.