Пандемиядагы жакырлык: чарпылган балалык

Балдар эң көп жумушка тартылган жер бул -базарлар

Сүрөттүн булагы, Official

Коронавирус пандемиясы Кыргызстандагы ар бир үй-бүлөгө  таасирин берди. Өзгөчө анын соккусу турмуштук оор кырдаалда жашаган үй-бүлөлөргө жана андагы балдарга тийди.

“Баазарларда коробка терип, көчө шыпырып, чай сатып иштеген балдар болууда. Арасында ата-энесине жардам берип тигүү цехтеринде иштегендери да бар. Айтор, кандай жумуш болсо да балдар ата-энесине кол кабыш кылганга аргасыз болду. Себеби, пандемия маалында үй-бүлө багышта чоң маселе жаралды да. Андай балдардын ата-энелеринин көбү буга чейин жалданма иштерде иштеп, күнүмдүк киреше менен жашап келишкен. Пандемияда алардын жумуштары токтоп калып, жакырчылыкка батып кетишти”,- дейт Бишкектеги Балдарды коргоо борборунун социалдык кызматкери Айнура Эмирканова.

Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча, Кыргызстанда 2020-жылы экономика 8,6% ылдыйлады. Былтыр калктын 31% жакырчылыктын жеткен чегинде жашаса, быйыл быйыл бул көрсөткүч  35% жетери күтүлүүдө.

Бишкектеги базарлардын биринде иштеген Гүлзина чиедей эки кызы менен күндө базарга таңкы жетиде келип, кечки жетиге чейин тамак-аш сатып соода кылат. Жалгыз бой эне эки кыз, бир уулун өзү жалгыз камсыздап келет.

"Балдарым канатым, колго кол, бутка-бут. Кыздарымды башка бирөөгө ишенбейм, каникулга чыкканы дайым жаныма алып алам. Дүкөндө атайын жай камдап койгом, чарчаганда кирип кезектешип уктап алышат. Ойнобойт деле, ага убактылары жок. Күндүз иште, кечинде үй тиричилиги менен алекпиз”, -дейт ал.

Каникул маалында апасына жардамдашып жаткан кыздардын бири
Базарда балмуздак саткан өспүрүм кыз. Бишкек
Базарда тамак ташып иштеп жаткан бала

Пандемия убагында көптөгөн ата-энелер жумушсуз калып, мектептер жабылган соң, балдар акча табалы деп сыртка чыгышты. Балдардын укугун коргогон уюмдар Кыргызстанда соңку эки-үч жылда балдарды кара жумушка тартуу азайган дешет.

Бирок коронавирус пандемиясы жана андан келип чыккан каатчылык ата-энелерди балдарын кайрадан ишке чыгарууга мажбурлап жатат. Балдар өзгөчө каникул маалында үй-бүлөсүнө кол кабыш кылуу үчүн чоңдор менен тең ата иштеп, акча табууга далалат кылышат.

Дүйнө боюнча ар кандай жумушта иштеген балдардын саны соңку 20 жылда биринчи жолу өсө баштап, 160 миллионго жетти. (EK)