"Россиянын абактарындагы кыргыз жарандарын согушка мажбурлап алып кетишүүдө"
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Сүрөттүн булагы, Screenshot
Россияда абак жайларда отурган кыргыз жарандары дагы Украинадагы согушка тартылып жатканы көптөн бери айтылып келатат. Жакындан бери Украинадагы согуштан кыргыз жарандарынын сөөгү келе баштады. Россияда абакта отурган Лейлек районунун тургунунун сөөгү Украинадан келди. Андан мурда өзгөндук жана кочкор-аталык балдардын сөөгү келген. Бул билингени, билинбей жүргөнү көп болушу мүмкүн.
Би-Би-Си ушундай фактыларды иликтеген миграция боюнча юрист Мирлан Токтобековго кайрылып, орус жеринде абакта отурган кыргыз жарандары согушка кандай жол менен тартылып жатканын сурады.
М. Токтобеков: Россиянын абак жайларында жаткан кыргызстандыктар жана жалпы эле Борбордук Азия өлколөрүнүн жарандары Украинадагы согушка көп эле тартылууда. Мажбурланып тартылып жатат десек, ошонун 90 пайызы чын болот. Түрмөдө чогуу отургандар эле эмес, ошол администрация тарабынан да басым-кысым болуп жатат. Ошондуктан биздин көп жарандарыбыз согушка кетип жатат айласыздан.
Согушка катышкандан кийин ар кандай кырдаал болот экен да. Ошол жакта сөөгү калып калгандар да бар. Украинанын укук коргоочулары тарабынан алынган маалыматтарыбыз боюнча, азыркы учурда алты-жети сөөк бар кыргыз жарандарынын, украина тарап согуш талаасынан таап, ошол жакка коюп койгон.
Андан сырткары, Россия тарап дагы курман болгон кыргыз жарандарынын сөөгүн бербестен, жеке менчик аскер компанияларынын көрүстөнүнө көмүп койгон фактылар кезигет көп эле.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Би-Би-Си: Россиянын абак жайларындагы кыргыз жарандарын согушка ким, кандай жол менен азгырып алып кетип жатканын иликтеп көрдүңүздөрбү?
М. Токтобеков: Ооба, биз сураштырып көрдүк. Борбор Азиянын абакта жаткан жарандарын, биз жогоруда айткандай, мажбурлап алып кетип жатышат. Ошол эле учурда жеке менчик аскердик компанияга формалдуу болсо дагы кыргыз жарандарынын макулдугу керек. Ошол формалдуу макулдугун алыш үчүн көптөгөн басым болуп жатат.
Түрмөдө отурган көп жарандарыбыз менен биздин байланыш бар. Биз убагында аларга укуктук жардам көрсөтүп турабыз. Биз колубуздан келишинче, байланыш бар жарандарыбызга айтып атабыз, макулдук бербегиле деп. Эгер макулдук бербесе, күчтөп алып кетүүгө алардын деле чамасы жетпейт. Ошондуктан эгер аман калалы десеңер, эч качан макул болбогула деп айтып жатабыз.
Жеке менчик аскер компаниясынын колуна түшкөндөн кийин ал жактан чыгуунун эки эле жолу бар, бул же өлүп сөөгү чыгат же ден-соолугу талкаланып, аскердик ишке жарабай калат.
Көп учурда абактан тез бошотобуз, мунаса берилет деп дагы азгырып жатышпайбы. Бирок мунапыс берилип тез чыккан адамдарды биз учурата элекпиз.
Би-Би-Си: Орусияда миңден ашуун жаран абакта отурат. Алардын арасынан кысым менен согушка алынып кетип жаткан учурларды айтып атасыз. Ушул маселелерди кыргыз тарап керек учурда Россиянын мамлекеттик органдарынын алдында далилдеп, доо койсо болбойбу?
М. Токтобеков. Өз ыктыяры менен кеткендер да бар. 15-20 жылга чейин кесилгендер түрмөгө отурганча деп согушка өз ыктыяры менен да кетип жатышат. Арасынан 3-4% өз ыктыяры менен кеткендер десе болот. Бирок көбүнчөсү мажбурланып алынып кеткендер.
Бирок, тилекке каршы, мамлекет тарабынан доо берүүгө негиз жок. Анткени алар формалдуу түрдө болсо да макулдугун бергендер, өз ыктыяры менен кеткен деп эсептелинет.

Сүрөттүн булагы, Screenshot
Би-Би-Си: Кыргыз мыйзамдары боюнча жарандарга башка өлкөгө барып согушууга тыюу салынган. Кыргыз тарап Россиядагы жарандарынын согушка катышуусуна кандайдыр бир жол менен бөгөт кое алабы?
М. Токтобеков: "Вагнер" тобу азыркы учурда көптөгөн батыш мамлекеттеринде кылмыштуу уюм болуп таанылып жатат. Аны керек болсо террордук уюм деп таануу үчүн сот процесстери жүрүүдө. Эгер ал террордук топ деп табылса, ошондо кыргыз тарапка мыйзам чегинде кандайдыр бир тоскоолдуктарды коюуга мыйзамдуу шарт түзүлөт.





























