Афганистан: Талибдердин аскердик парады. Орусиялык жана америкалык курал-жарак көрсөтүлдү

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Талибдердин аскердик кийим кийип чыгышканы, алардын өзүн кадимки армия катары эсептей турганынан кабар бериши керек.

Афганистанда бийликке келген “Талибан” ислам кыймылы (КРде тыюу салынган уюмдардын катарына кирет) Кабулда аскерий парад өткөзүп, АКШ кетип жатканда калтырган же мурдагы бийликтен калган аскерий техниканы көрсөттү. Кабулдун үстүнөн оруссиялык "Ми-8/17" тик учактары учуп өттү.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Талибандын аскер парады

Жаңы ооган өкмөтүнүн өкүлү парад даярдыктан жаңы өтүп бүткөн 250 жоокердин «бүтүшүнө» арналганын айтты.

Бирок "Рейтер" агенттигинин серепчиси Гибран Пишимам, бул параддын негизги максаты – “Талибан” мындан ары көтөрүлүшчүлөрдүн тобу эмес, алар кадимки армияга айланып жатканын көрсөтүү деп эсептейт.

Талибдер өз бийлигинин кубатын көрсөтүүгө аракет кылганы менен, эл аралык гуманитардык агенттиктер өлкөнүн экономикалык абалы кыйроого жакындап калганын билдиришүүдө. Бул кышта миллиондогон оогандыктар ачкачылыкта калышы мүмкүн.

Көрсөтүлгөн техниканын көбү америкалыктар аскерин чыгарып кеткенден кийин кулаган мурдагы Ооган өкмөтүнө караган аримяга тиешелүү болгон.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Талибандын аскер парады даярдыктан жаңы өтүп бүткөн 250 жоокердин «бүтүшүнө» арналганы айтылды.

АКШда жасалган бир нече М1117 бронетранспортеру Кабулдун негизги канжолунан шашпай өттү. Алардын үстүнөн Оруссиянын "Ми-8/17" тик учактары учуп өттү. Параддын катышуучуларынын колунда Америкада өндүрүлгөн М4 чабуулчу мылтыктары болду.

Талибдердин ырасмий өкүлдөрү, мурдагы армиянын учкуч, механик сыяктуу адистери акырындап жаңы куралдын күчтөрдүн курамына тартыларын айттышты.

Бирок орусиялык аскерий адистер талибдердин мурдагы ооган армиясынын авиациясын согушка даяр абалда кармап тура алышынан күмөн санашкан. Анткени ал үчүн учкучтар эле эмес, квалификациялуу техникалык тейлөө жана тетиктер дагы керек. "Рособоронэкспорттун" жетекчиси Александр Михеев Интерфакс агенттигине мурдагы ооган бийлиги кулаган учурда өлкөдө 100дөн ашпаган "Ми-17" учагы калганын билдирген.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Талибан ондогон миллиард турган аскер техникасын мурастап калды

АКШ бийлигинин көзөмөл органы болгон Афганистанды калыбына келтирүү боюнча Атайын инспектордун отчетуна ылайык, 2002-ж. бери АКШ Конгресси Афганистанды калыбына келтирүүгө $144,4 млрд доллар бөлгөн. Анын ичинен $88,3 млрд доллар афган куралдуу күчтөрүн жана коопсуздук күчтөрүн армиясын үйрөтүүгө, куралдандырууга жана колдоого жумшалган.

Сүрөттүн булагы, ANADOLU AGENCY

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кандагардагы 8-ноябрдагы асекр парадынын катышуучулары

Алынган куралдын кай бир бөлүгү качкан афган аскерлери менен бирге коңшу өлкөлөргө өтүп кеткен. Калганын куралдын баары «Талибандын» колунда.

Бул талибдердин парад өткөзгөн биринчи учуру эмес. 8-ноябрда дагы талибдер Кандагарда аскерлерин жана техникасын көрсөткөн.

Бул «Талибандын» аскерлери экенин билбеген киши, аларды америкалык жоокер деп кабыл алып алышы мүмкүн. (CS)

Афганистан боюнча макалалар: