“Арызыбыздан баш тартабыз”. Кой-Таштагы аскерлердин аноним каттары

Мээрим Айныкеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Аскерлерге зомбулук көрсөттү деп, камакка алынган Коргоо министрлигинин үч кызматкери

Сүрөттүн булагы, prokuror.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аскерлерге зомбулук көрсөттү деп, камакка алынган Коргоо министрлигинин үч кызматкери

Аскерлерге зомбулук көрсөттү деп, камакка алынган Коргоо министрлигинин үч кызматкерине даттанган жоокерлер кайрадан тосмо арыз жазып беришкен.

Кой-Таштагы аскер бөлүгүндө кызматын өтөп жаткан 29 жоокер кыйноо болуп жатканы тууралуу 2023-жылдын 28-декабрында Аскер прокуратурасына арыз жазышкан. Мунун негизинде териштирүү иштери башталып, “Уруп-сабап кыйноо” фактысы менен аскер бөлүгүнүн үч кызматкери 22-январда камакка алынганын Башкы прокуратура билдирген. Бирок, окуя кайсы аскер бөлүгүндө болгонун, камалгандар ким экенин так ачыктаган эмес. Бул ишке башкалардын да тиешеси бар жогу иликтенип жатканын кабарланган.

Аскер кызматкерлеринин мындай жосунсуз жоруктары кыргыз бийлиги куралдуу күчтөрүн чыңдап, каруу-жарагын болуп көрбөгөндөй жаңылайбыз деп жаткан мезгилге туш келди. Соңку мезгилде эле президент өзү баш болуп капилеттен кирип барып, аскерлердин ал-жайын сурап, чогуу тамактанып, армияга өзгөчө көңүл буруу маселесин кабыргасынан коюп жаткан. Мамлекет башчы армияга өзгөчө көңүл бурулат деп жатса айрым аскер кызматкерлери ур-токмокко алганды токтотпой жатканы эмнеден кабар берет дегендер четтен чыгат.

Кыргыз армиясынын жоокерлери

Сүрөттүн булагы, mil.gov.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөттүн окуяга тиешеси жок

"Сырын" каткан купуя каттар…

26-январь күнү, “Жоокерлердин энелери” республикалык комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова окуя болгон Кой-Таш аскердик бөлүгүнө барып, жоокерлер менен сүйлөшүү жүргүзүп, купуя каттарды алып келген.

Жоокерлердин коопсуздугу үчүн каттардын сүрөттөрүн жарыялай албайбыз. Алардын негизги мазмуну мындай:

“Мен азыркы учурда аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жатам. Кызмат жакшы. Офицер прапорщик жана сержанттарга арыз-доом жок. Бизге кылган мамиле жакшы. Бул учурга чейинки болуп өткөн окуя жөнүндө айтсам, баарыбыз жеңил ойлуулук кылып, жазган арызды кайра артка алабыз. Бул кылганыбыз үчүн кечирим сурайбыз. Майор А.А., капитан Н. М., сержант Д.А. жазган доо-арызыбызды артка алганбыз. Аларга эч кандай арыз доом жок. Аларды бошотууңуздарды суранабыз”, - деп жазылат аноним каттардын биринде.

Жазылган каттардын дээрлик баардыгында аскерлер мурдагы арызда жазгандай кыйноолор тууралуу сөз кылбай, камалган жетекчилерди бошотууну суранышкан. Бул боюнча узак жылдардан бери иш алып барып келе жаткан адис "жоокерлер көйгөйлөрүн жаап жашырды" деп болжоп жатат.

“Жоокерлердин энелери” республикалык комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова

Сүрөттүн булагы, SOCIAL MEDIA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, “Жоокерлердин энелери” республикалык комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова

“Мага такыр айтпай коюшту. Силерди уруп жүрөт деп жатпайбы, айткыла десем, “андай болгон эмес” дешти. “Эмнеге калп айтасыңар?” дедим. "Прокуратурага кандай жазсаңар, мага дагы ошондой жазбайсыңарбы" десем, жазбай коюшпадыбы. Мурун психологдор келип, тест өткөргөндө арыз-даттанууларын айтышкан экен. Бирок, ошондо эч кандай чара көрбөй коюшту деп айтышты. Булардын кызмат өтөгөнүнө тогуз ай болуп калды”,- деди Уулкан Байгубатова.

Байгубатова иш муну менен эле калып калбасын, прокуратурадан тактап, тиешелүү чаралар көрүлө берерин айтты. Жоокерлерге карата зомбулук боюнча жакын арада Акыйкатчы институту, аскер бөлүгүндөгү жетекчилер, прокуратура менен биргеликте чоң жыйын өткөрө турганын дагы маалымдады. Комитеттин төрайымы жалпысынан отузга жакын жоокер менен баарлашып келген.

Тосмо арыз толугу менен токтото албайт

Ал эми камакка алынгандарга карата тосмо арыз жазылган күндө дагы кылмыш иши кыскартылбай турганын Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Сирожиддин Камолидинов Би-Би-Сиге билдирди.

“Алдын-ала 138-берене боюнча айып угузулду. Үч аскер кызматкеринин кыймыл-аракетине юридикалык баа берилгенден кийин жыйынтык чыгат. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча оор кылмыш жасагандыгы аныкталса, тосмо арыздар берилсе дагы кылмыш иштер өндүрүштөн кыскартылбайт. Сотко жиберилет”.

Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Сирожиддин Камолидинов

Сүрөттүн булагы, SOCIAL MEDIA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Сирожиддин Камолидинов

Кыргыз армиясында “дедовщина” деген түшүнүк менен жоокерлерге зомбулук көрсөткөн учурлар маал-маалы менен катталып турат. Аскерге барып майып болуп калгандар дагы бар. Жоокерлердин өлүмү катталган учурда, “өзүн-өзү атып алды, асынып алды” деген сыяктуу жыйынтыктар чыкан мисалдар бар. Мындай бүтүмдөргө нааразы болуп, иш акыйкат тергелбей калды деген ата-энелер да жок эмес.

Өзгөчө Кой-Таш аскердик бөлүгүндө мындай ырайымсыз көрүнүштөр мурда азыркыга салыштырмалуу көп болгонун айткандар арбын.

“Мен 1992-жылдан бери армияда кызмат кылам. Ошондон улам билем. Кой-Ташта мурда укмуштуудай окуялар болуп турчу. Аны коомчулук деле билет. Мен эне катары “жоокерлерди жакшы карабайсыңарбы”, “жоокерлер бар үчүн айлык алып жатасыңар да” деп катуу эле айтам”,- деди Уулкан Байгубатова.

Мындан улам, кыргыз армиясына кадрдык реформа керек дегендер дагы жок эмес.

Президент Садыр Жапаров Кой-Таш аскердик бөлүгүнө барган учур.

Сүрөттүн булагы, BIRINCHI RADIO

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президент Садыр Жапаров Кой-Таш аскердик бөлүгүнө барган учур. 2023-жыл, 5-февраль

2022-жылы эки айда эле жөн-жай учурда төрт аскердин өлүмү белгилүү болуп, коомчулукта катуу резонанс жараткан. Коргоо министрлиги бул төрт аскердин ичинен үчөө өзүн-өзү атып алды деген версияны айткан. Бирөөсүн басып бара жаткан жеринен жүрөгү кармап, каза болду деп билдирген.

Бул окуялардан кийин президент Садыр Жапаров Коргоо министри Бактыбек Бекболотовго сөгүш бергени жарыяланып, бирок кайсы иштер боюнча экени так жазылган эмес. Ал бул кызматты 2021-жылдын сентябрь айынан бери жетектеп келет.