Америкалык саясий активист жана Трамптын тарапташы Чарли Кирк өлтүрүлдү

Кирк

Сүрөттүн булагы, Rebecca Noble/Getty Images

Окуу убактысы: 2 мүнөт

Саясий активист, Трамптын жактоочусу Чарли Кирк Utah Valley университетинин кампусунда сөз сүйлөп жаткан учурда атып өлтүрүлдү. Кирктин мойнуна ок тийип, оор абалда ооруканага жеткирилди. Кийинчерээк АКШ президенти Дональд Трамп Кирк каза болгонун билдирди.

Трамп өзүнүн Truth Social коомдук сайттагы баракчасына аза күтүү белгиси катары өлкө боюнча төрт күн, жекшемби күнгө чейин желектерди түшүрүүнү буйруганын жазды:

"Легендарлуу Чарли Кирк каза болду. Америка кошмо штаттарынын жаштарын Чарлиден жакшыраак эч ким түшүнгөн эмес. Аны баары жакшы көрчү жана суктанчу, өзгөчө мен, эми ал кетти. Мелания экөөбүз анын жубайы Эрикага жана үй-бүлөсүнө көңүл айтабыз. Чарли, биз сени сүйөбүз!".

Отуз бир жаштагы Чарли Киркти Трамптын колдоочусу катары жакшы билишет. Ал подкаст алып баруучусу катары да таанымал. Мектептерде, колледждерде жана университеттерде консервативдүү баалуулуктарды жайылтуу үчүн Turning Point USA студенттик тобун негиздеген.

Кирк жүз-эки жүз метрдей аралыктан атылганы кабарланды. Жергиликтүү бийлик башында кол салууга шектүү кишини кармаганын айтып, бирок кийинчерээк ок чыгарган адам кармала электиги белгилүү болду.

Окуядан бир нече саат өткөндөн кийин ФБРдин башчысы Кэш Пател бир киши шектүү катары кармалганын жарыялады, бирок үч сааттан кийин ал кайра кое берилгенин айтты.

Юта штатынын губернатору, республикачыл саясатчы Спенсер Кокс бул адам өлтүрүүнүн артында саясий мотив бар деп жарыялады.

"Бул биздин мамлекет үчүн караңгы күн. Биздин өлкө үчүн каргашалуу күн. Мен ачык айткым келет, Кирктин өлүмү - саясий өлтүрүү", - деди губернатор Кокс журналисттерге.

Чарли Кирк Кембридж союзунда сүйлөп жатат, 2025-жылдын 19-майы

Сүрөттүн булагы, Nordin Catic/Getty Images for The Cambridge Union

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чарли Кирк Кембридж союзунда сүйлөп жатат, 2025-жылдын 19-майы

Чарли Кирк ким болгон?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Чарли Кирк (же Кёрк, Charlie Kirk) Америка саясатынын консервативдик канатындагы эң көрүнүктүү фигуралардын бири жана Дональд Трамптын жакын тарапташы болгон.

Ал өлкө боюнча колледждердин кампустарында ачык саясий дебаттарды өткөрүп келди.

Он сегиз жашында, тагыраагы 2012-жылы Американын колледждеринде жана университеттеринде консервативдик идеяларды жана баалуулуктарды жайылткан Turning Point USA (TPUSA) студенттик уюмун негиздеген.

Turning Point USA "финансылык жоопкерчилик принциптерин алдыга сүрөө, эркин рынокторду көбөйтүү жана мамлекеттик кийлигишүүнү азайтууну" өзүнүн миссиясы катары көрсөтүп келет. TPUSA бөлүмдөрү 850дөн ашык колледжде иштейт.

Чарли Кирк коомдук сайттардагы миллиондогон катталуучусу менен ой бөлүшүп, көп сандагы иш-чараларда сөз сүйлөп, өлкөнү кыдырып чыкты.

TPUSA өткөн жылы Трамптын шайлоочуларын мобилизациялоодо чоң роль ойногон. Чарли Кирк жеке өзү Аризона штатында он миңдеген жаңы шайлоочуну каттоодон өтүүгө жардам берген, бул Трамптын аталган штатта жеңүүчү болуусуна түрткү берди.

Кирк ушул жылдын январь айында Трамптын инаугурациясына конок катары чакырылган. Трамптын эки мөөнөтүндө тең Ак үйгө үзгүлтүксүз каттап турган активист катары белгилүү.

Демократтар бул кылмышты айыпташууда

Демократиялык партиянын саясатчылары да кылмышты айыптап жатышат.

"Биздин өлкөдө мындай зомбулук болбошу керек. Ал дароо токтотулушу керек", - деп жазды экс-президент Жо Байден.

Эң популярдуу демократиялык саясатчылардын бири, Калифорниянын губернатору Гэвин Ньюсом бул окуяны "жийиркеничтүү" деп атады.

Мурдагы вице-президент жана Трамптын шайлоодогу атаандашы Камала Харрис дагы саясий мотивдеги кылмышты айыптады, мындайга Америкада орун жок деп билдирди.

Демократиялык партиянын мурдагы конгрессмени, мурда өзү дагы кол салууга дуушар болгон Габриэль Гиффордс бул окуяга нес болуп жатканын айтты:

"Демократиялык өлкөлөрдө ар дайым саясий карама-каршылыктар болот, бирок бул пикир келишпестиктер зомбулук менен чечилген өлкө болуп калышына жол бербешибиз керек".