Трамп менен Путиндин жолугушуусу кийинкиге жылдырылды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Лаура Гоцци
- Окуу убактысы: 3 мүнөт
Доналд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путиндин Украинадагы согуш туурасында бетме-бет сүйлөшүү планы ордунан жылбай калгандыктан "бекер эле жолугуу" өткөргүсү келбегенин айтты.
АКШнын президенти шейшембиде Ак үйдө сүйлөп жатып белгилегендей, Москванын азыркы фронттук чектерди бойлой согуштук аракеттерден баш тартканы башкы тоскоолдук болгон.
Бейшембиде Трамп эки аптанын ичинде Путин менен Будапештте сүйлөшүү жүргүзөрү туурасында айткан эле. Андан көп өтпөй Ак үйдүн өкүлү Трамп менен Путиндин "жакынкы келечекте" жолугуу "планы жок" экенин билдирген.
АКШ менен Орусиянын тынчтыкты орнотуу сунуштарындагы башкы айырмачылыктар бул аптада ачыгыраак көрүнө баштап, саммитти өткөрүү ыктымалдыгын жокко чыгарды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Трамп менен Путин акыркы жолу август айында Аляскада жолуккан болчу. Шашылыш уюштурулган жолугушууда эч кандай деле натыйжа болгон эмес.
Ак үйдүн экинчи жолку Трамп-Путин жолугушуусун кийинкиге жылдыруу чечимин дагы ошондой сценарийди болтурбоо аракети катары түшүнсө болот.
"Менин оюмча, орустар өтө эле көп нерсе каалап, америкалыктар Будапештте Трамп эч кандай келишим түзө албасын түшүнүштү", — деген Reuters агенттигине жогорку кызматтагы европалык дипломат.
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун даярдык иретиндеги жолугушуусу ушул атпада өтүшү керек болчу. Бирок Ак үйдөн айтышкандай, тараптар телефон аркылуу "жемиштүү" сүйлөшүп, андан ары жолугушууга "кажет" калган эмес.
Дүйшөмбү күнү Трамп Киев жана европалык лидерлер тарабынан колдого алынган ок атышууну токтотуу боюнча сунушту кабыл алган. Ал азыркы фронт чектериндеги жаңжалды тоңдурууга багытталган болчу.
"Азыр кандай болсо, ошол бойдон токтосун", — деген ал. "Фронттун чегинде токтоп, үйүңөргө кеткиле, согушту, адамдарды өлтүрүүнү токтоткула деп айттым".
Орусия азыркы фронттук чекти тоңдурууга көптөн бери каршы болуп келген.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, бул көз караш орусиялыктарга бир нече жолу сунушталган, бирок "Орусиянын позициясы өзгөргөн эмес". Муну менен ал Украинанын куралдуу күчтөрү басып алынган чыгыш аймактардан толугу менен чыгып кетүүсү керек деген Москванын талабына ишарат кылган.
Москва "узак мөөнөттүү, туруктуу тынчтыкка" гана кызыкдар деген шейшембиде Сергей Лавров фронттук чектерди тоңдуруу ок атышууну убактылуу токтотууга тете экенин ишарат кылып.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Лавровдун айтымында, максималисттик талаптарды туюнткан Кремлдин түшүнүктөрүн колдонуу менен "жаңжалды чечүүнүн түпкү маселесин" жойсо болот. Ага ылайык, Орусиянын Донбасстагы бийлигин толук кандуу таануу жана Украинаны куралсыздандыруу (демилитаризациялоо) башкы орунда. Киев менен Европадагы өнөктөштөрүнө бул сунуштар кабыл алынгыс.
Шейшемби күнү Европанын лидерлери Зеленский менен бирге билдирүү жарыялап, Украинадагы согушту токтотууга багытталган кандай гана сүлөшүү болбосун азыркы фронттук чектерди тоңдуруудан башталышы керек экенин айтышып, Орусияны тынчтыкка "олуттуу" карабай жатат деп күнөөлөштү.
Зеленский фронт чектери боюнча талкуулар "дипломатиянын башталышы" экенин билдирген. Оруясия болсо андан качуу үчүн баарын жасап жатат.
Ал кошумчалагандай, алыс аралыкка уча алган куралдарды Украинага берүү гана Москванын "көңүлүн бура" алган жалгыз тема болгон.
Украин президенти Володимир Зеленский Ак үйгө иш сапары менен келерге бир күн калганда Трамп Путин менен телефон аркылуу Венгриянын борборунда саммит өткөрүүнү талкуулаган.
Айрым кабарларга караганда, ал сүйлөшүүлөр "кайым айтыш" менен коштолгон. Булактардын айтымында, Орусия менен келишимдин бир бөлүгү катары Трамп Зеленскийди өлкө чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарындагы аймактардан баш тартууга үндөгөн. Бул аймактар жалпысынан Донбасс деп аталып келет.
Бирок Орусия кийин бул аймакты андан аркы чабуулдарына трамплин катары колдонушу мүмкүн деген жүйөө менен Зеленский Украина Донбасстан баш тарта албасын ар дайым айтып келет.
АКШ Орусиянын аймагына сокку ура ала турган "Томагавк" ракеталарын Киевге берүүгө даярданып жатат деген сөздөрдөн кийин өткөн бейшембиде Путиндин Трамп менен пландалбаган сүйлөшүүсү болуп өттү.
Зеленский "Томагавктар" темасы Орусияны талкууга кошулууга мажбурлады деп билдирген.
Ак үйдөн колу бош кайтканына карабастан ал ракеталар боюнча сүйлөшүү "дипломатия үчүн олуттуу инвестиция" болду деп кошумчалады.
































