Таабалды Эгембердиев жана КДК: Жеке демилгенин зор өрнөгү

Сүрөттүн булагы, Үй-бүлөлүк архив
3-февралда Кыргызстандын борборунда даңазалуу кыргыз ишкери жана демократ коомдук ишмери Таабалды Эгембердиев (1950–2015) тууралуу жаңы кош китептин бет ачары жана башка эскерүү чаралары өткөрүлмөкчү. Ага утурулай мурдагы КДКчы жана тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегиндин блогун сунуштайбыз.
Бурулуш доор өкүлү
Таабалды Эгембердиев деген ысымды укканда эле жамы журтубуздун жадына Кыргызстанда улуттук асыл-нарктарды, заттык эмес маданий мурастарды, кылымдар карыткан дөөлөттөрдү сактоого зор салым кошкон, пост-советтик Кыргызстанда жеке менчик “Шоро” компаниясын жана “Супара” этномаданий өргүү жайларын негиздеген таланттуу ишкердин күлүмсүрөгөн жана жайдары турган жаркын элеси келет.
Ал эми анын мыкты публицист, ойчул, демократиялык баалуулуктарды ырааттуу коргогон коомдук ишмер болгонун айрым жаштар биле бербеши мүмкүн.
Биз Табыкенин өмүр жолу тууралуу толугураак маалыматты өткөн жылдын соңунда жарык көргөн төмөнкү эки китептен окууну сунуштайбыз:
Турганбаева Жаңылсынзат. Көчмөн жаратман. Таабалды Эгембердиев жөнүндө эскерүүлөр / Түз.: Б. Шаматов. — Б.: 2022. — 300 б. – ISBN 978-9967-00-079-7.
Эгембердиев Таабалды. Оо, дарегим! Оо, карегим!: Күндөлүк. Кол жазмалар, макалалар жана маектер / Түз.: Ж. Турганбаева. — Б., 2022. — 488 б. – ISBN 978-9967-00-078-0.
Окурмандар бул китептерден Табыкенин кыргыз жана орус тилдеринде бирдей ширин тил менен жазылган ой мурасынын орчун бөлүгүн (анын ичинде буга чейин жарык көрө элек макалаларын), андан тышкары анын жаратмандык ишмердигине карата калыс баа айткан замандаштарынын ой толгоолорун жана ар кыл пикирлерин окуй алышат.
Бул чакан блогубузда биз Табыке жигердүү катышкан “Кыргызстан” демократиялык кыймылынын (КДК) башка мүчөлөрүнүн ысымдарын да атай кетмекчибиз.

Сүрөттүн булагы, Үй-бүлөлүк архив
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Сыртынан тек гана КДК деп атаганда, жаштарга коомдук уюмдун аталышынын кезектеги бюрократтык жактан аталып өтүшү сыяктуу супсак кабыл алынышы ыктымал.
Бирок бул КДК – ар кыл тагдырларды камтыган, оош-кыйыштуу, убактылуу же ырааттуу демократ болгондор да ошол кыска убакытта (1990–1993-жылдары) үзөңгүлөш болгон ири, көп түстүү саясий блок болгон эмеспи. Ага ар кыл этностордон, ар кыл дин өкүлдөрүнөн жана саясий кызыкчылык топторунан куралган саясий партиялар, коомдук уюмдар, жарандык демилге топтору, жекече атуулдар бирдей укукта катышкан.
Табыке өзү 1950-жылы 28-декабрда Кыргызстанда – Чүй өрөөнүндөгү Жайыл районуна караштуу Букара айылында жарык дүйнөгө келген. Анын тек-жайы – кыргыздын саяк урууунун Суусамыр өрөөнүндөгү Кызыл-Ой айылындагы уруктарынан.
Бабаларынан Түркмөн болуш Сарыпбек уулу 1930-жылдары “кулакка тартылып”, сталиндик сүргүнгө айдалып, бир аз жылдан кийин акталып айылына кайткан. Табыкенин атасы Бердигул да “кулакка тартылып”, мал-жанын Кеңеш өкмөтү тартып алган соң, Жайыл (мурдагы Панфилов, андан да мурдагы ирирээк Калинин) районуна караштуу Букара айылында байырлап калат да, болшевиктик өкмөттүн мурдагы сүргүндөгүлөргө каалаган жерине барууга уруксаты чыккан соң гана өз айылы Кызыл-Ойго кайра көчүп келет.
Демек, горбачёвдук “Кайра куруулар” доорунун алгачкы жылдарында тарыхый акыйкаттыкты самагандардын арасында Табыке да болду. Анын атасы Бердигул кирил жана арап арибиндеги китептерди шыр окуган сабаттуу киши эле. Бердигул ата өзүнүн “куйма кулак” болгон зээндүү тун уулуна өз санжырасын жана тарыхый адилетсиздиктер тууралуу далай маалымат берип жүрүп, Табыке 12ге жаңы толгондо кайтыш болуп калган.
Атанын таберик маалыматынан жана мектептеги таалиминен тышкары Табыке өз алдынча да билимге талпынып, орус жана кыргыз тилдеринде жүздөгөн китептерди жана макалаларды жөн гана окубастан, изденип, салыштырып изидеп окуган киши эле. Бул жогорудагы китептердеги анын 1989–90-жылдардагы күндөлүгүнүн саптарынан эле таасын айгинеленет.

Сүрөттүн булагы, Үй-бүлөлүк архив
КДК – кубаттуу толкун
Ошентип, Табыке КДКны уюштургандардын арасынан айдыңдык (интеллектуалдык) жактан көрөңгөсү бийик өкүлдөрдүн бири болду.
Ал КДКга мүчө жаштардын арасында, калың эл арасында чогуу жүрдү, багыттап жүрдү. 1990-жылы 25–26-майда КДК жаңыдан уюшулган чакта Табыкебиз кырктын кырына карай бараткан толукшуп турган жашта эле (ал 1950-жылы 28-декабрда туулган эмеспи).
Табыке КДКнын 25–26-майдагы уюштуруу жыйынында (бул жыйынды КДКнын кийинки жылдагы Биринчи курултайы менен чаташтырбоо керек) бул демократиячыл саясий блоктун Кеңешине гана эмес, Башкармалыгына да мүчө болуп шайланды, андан соң Башкармалыкта ал КДКнын идеология, саясат жаатындагы жооптуу катчысы болуп шайланды.
Ал, ошондой эле, КДКнын Бишкек шаардык уюмунун жетекчиси болду. Бул уюмдун бир бөлүгү – КДКнын Кыргыз улуттук университетиндеги уюмунун төрагасы, экономист илимпоз Шамшыбек Мамыров, орун басары – мен болчумун, ошондуктан Табыкенин борбор шаардагы КДКны жетектеген учурун дурусураак билем.
Эми Табыкенин КДКдагы үзөңгүлөштөрүнүн бир катарын санап өтөйүн. (Мында айрым мыкты инсандар эскерилбей калса, ак чөп башта. Шакиртибиз Махабат Жунусова жалпы уюм тууралуу илимий изилдөөсүндө КДКнын мүчөлөрүнүн көптөгөн мүчөлөрүн санап берүүдө).
Бул демократиячыл саясий ынтымакта жашы улуураак кадырман инсандарыбыз да бар болчу. Алардын арасында КДКнын Кыргыз улуттук университетиндеги (мурдагы КМУдагы) уюмунун аксакал мүчөлөрүнөн профессорлор Айып Идинов (1927–1997) агай менен Нурийла Имаева (1936-ж. т.) эжекебиз болду. Түгөлбай Сыдыкбек уулу (1912–1997) сыяктуу аталарыбыз сырттан бата берип жатышты.
Башка этностордон ички иштер кызматкери Виктор Черноморец (1942–2016), укук коргоочу Наталья Аблова, диниятчы Владимир (караколдук Отец Владимир), журналист Александр Тузов сыяктуу агай-эжекелерибиз, бир катар казак, өзбек, дунган, уйгур, татар, немис замандаштарыбыз да арабызда болду.

Сүрөттүн булагы, Тынтчтыкбек Чоротегиндин архивинен
КДКнын Нарын облустук уюмунун үч теңтөрагасы – Жумабек Мүсүралиев, Жумамүдүн Кадырмамбетов (1946-ж. т.), Орозбек Бектуров (1951–2021), Бишкектен – тарыхчы Сувакун Бегалиев (1945–2011), ишкер Өмүрбек Абдырахманов (1948-ж. т.), тарыхчы Асан Ормушев (1951-ж. т.), журналист Сатыбалды Жээнбеков (1952–1996), педагог Камиля Кененбаева (1952-ж. т.), адабиятчы, депутат Абдыганы Эркебаев (1953-ж. т.), “Ашар” козголушунун Кеңешинин төрагасы Жумагазы Усупов (1953-ж. т.), кийин ишкер болгон Чапырашты Базарбаев (1953-ж. т.), тарыхчы Зайнидин Курманов (1955-ж. т.), Эркин Шерниязов, Жанаалы Шабдрай-Зергер, Дыйканбек Садыков, Шералы Назаркулов, Райкан Төлөгөнов, Зуура Үмөталиева, Райымбек Апсаматов, Темиркул Эшенкулов, Бекболот Талгарбеков, Сагынбек Момбеков сыяктуу атуулдарыбыз да 35–45 жаштардагы толукшуп, бышып турган болчу.
КДКнын беш теңтөрагасынан жазуучу Казат Акматов жана философ, доцент Топчубек Тургуналиев агайлар 1941-жылы жарык дүйнөгө келишкен, КДК түзүлүп жатканда алар 49 жашта эле. Жыпар Жекше (1947–2020) байке 43 жашта болчу. Оштогу теңтөрага Төлөн Дыйканбаев 1950-жылы туулган, кырктын кырында болчу.
КДКнын эң жаш теңтөрагасы Кадыр Матказиев 1959-жылы туулган, 31 жашта эле. Аны менен дээрлик жашташ болгондордон 1957-жылы туулган Эмилбек Каптагаев, 1958-жылы туулгандардан – Өмүрбек Текебаев, Турсунбай Бакир уулу, Сабыр Мукамбетов, 1959-жылы туулгандардан – Алмазбек Акматалиев, Ишенбек Жолбунов, Бакыт Өмүралиев, Турсунбек Акун, ушул саптардын ээси, ж.б. КДКнын ишине жандуу катыштык.
Бизден жашыраактардан (20лардагылардан): Мелис Эшимканов, Райкан Абдувалиева, Бүайша Арстанбекова, Шамшыбек Мамыров, Таалайбек Ылайтегин, Таалайбек Абдыкасымов, Сапар Мурзакулов, Ракыя Жусупова, ж.б. КДКнын иш-чараларына жигердүү катышты.
Арслан Капай уулу Койчуев, Жаңылсынзат Турганбаева (ал кийинчерээк Табыкенин өмүрлүк жары болду жана жогорудагы баалуу эки китепти жарыялады), Динар Иманова, Кубат Чекиров, Бакыт Орунбеков, Алмаз Кулматов, Айнагүл Жоошбекова, Ыманберди Досбаев, Союзбек Салиев, Нинакан Орозбаева сыяктуу студент КДКчылар 19–25 жаштын ары-бери жагында болчу.
Жалпысынан алганда, КДКнын мүчөлөрүнүн негизги курамы 18 – 35 жаштардагы атуулдар, демек, кыйла жашыраак муундардын өкүлдөрү болчу.
Албетте, 1920-жылдардагы Кыргызстандын көптөгөн чыгаан мамлекет жана өкмөт башчылары 30га чыга элек жаштар болушканын эске алуубуз зарыл. Маселен, Жусуп Абдыракманов (1901–1938) атабыз 1927-жылдын 12-мартында, 26 жашында, Кыргыз АССР Эл Комиссарлар Кеңешинин (б.а. Кыргыз Өкмөтүнүн) төрагасы болуп дайындалган Ал Сталинге атайын кат жазып, Кыргыз АССРин Кыргыз ССРине айландыруу сунушун жиберген кезинде 28 гана жашта болчу.
Абдыкерим Сыдыков (1889–1938) тээ 1922-жылы жазында Тоолуу (Кыргыз) облусун түзүү далаалатын жасаганда, болгону 33 жашта эле. Абдыкадыр Орозбеков (1889–1938) болсо 1927-жылы Кыргыз АССРинин Бакыгыны төрагасы болуп шайланганда 38 жашта болчу.
1990-жылы болсо КДКнын негизги лидерлери жана алардын арасында Табыкебиз – орто муундагы (анын ичинде 36–49 жаштардагы) салабаттуу инсандар жана жаштардын ичинде чогуу кайнап жүрүп жүрүп, багыт бере алган, саясий ачкачылык жүрүмүн жана башка коомдук чараларды уюштурууга өздөрү да жан дили менен катышкан өрнөктүү өкүлдөр болушканын баса белгилейбиз.
Айтмакчы, Табыкенин жашындагы жана андан улуу болгон далай эскичил коммунист инсандар КДКнын мүчөлөрүнө теңсинбей мамиле жасап, ыплас кишини же “шайтандын шапалагын” көргөнсүп, өздөрүн оолак тутушкандыгын, эми, көзүбүз болгондон кийин, көрбөй, байкабай коё албадык. СССР кулаган соң алардын айрымдары “КДКчы болгонбуз” деп да жалган атак алып жүрүштү.
Ошондой тарыхый бурулуш учурларда Табыкебиз да кирген орто муундагы КДКчылардын биздей жаштарга руханий, моралдык жана жеке демилгеси менен ар тараптуу колдоо көрсөткөнүнө өзгөчө шыктанганбыз. Азыр дагы алардын жетекчилик салымдарын сыймыктануу менен эскеребиз.
КДКнын “Майдан” гезитинин баш редактору Аман Токтогулов (1945–1992) эле, ал кайтыш болгон соң – жаш адис Бакыт Орунбеков гезитти жетектеп калды. Табыкебиз КДКнын саясий багытын жана максатын калың элге дал ушул гезит аркылуу түшүндүрүп жүрдү. Албетте, бул басылмага удаалаш эле Табыкенин жалындуу жана айрым учурларда кермек даамдуу публицисттик макалалары, жол баяндары “Res publica”, “Кыргыз руху”, “Жаштык жарчысы”, “Бишкек шамы” сыяктуу гезиттерге жана башка басылмаларга кыргыз жана орус тилдеринде байма-бай жарык көрүп жатты.

Сүрөттүн булагы, Facebook/Omurbek Abdrahman
Ал демократ саясатчы бир эле учурда публицист-агартуучу болушу керектигин өз чыгармачылыгы аркылуу тастыктады.
Биз Табыкенин бейнесин чакан блогубуздун алкагында эч качан толук ача албайбыз. Бул эскерүүбүз – анын ишмердигинин бир өңүтүнө арналган учкай баян (штрих) гана болуп саналат. “Табыке жөнүндө эмес, башка КДКчылар тууралуу арбыныраак жазылып калган го?” деп бүшүркөгөндөргө “абдан туура байкадыңыздар” деп айтаар элем. Мында аталган (жана ысымын биз тиркөөгө үлгүрбөгөн) ар бир КДКчы Табыкенин бул демократиячыл саясий блоктогу ишмердиги жаатында күбө боло алышат. Айрымдары Табыкенин данакер ишмердиги жаатында өз китептеринде жазып да чыгышкан.
Эң кызыгы, Табыкебиз азыркы тапта анын арбагы ыраазы болгудай коомдук эскерүү чараларын уюштуруп келе жаткан жаншериги – КУУнун ошол кездеги тарых факультетинин алдыңкы студенти Жаңылсынзат Турганбаева менен алгач КДКнын 1990-жылдын октябрындагы саясий ачкачылык өнөктүгү маалында таанышкан. Алардын окшош саясий көз караштары кийинчерээк татыктуу очок түзүүгө пайдубал болду окшойт.
Таабалды Эгембердиев тууралуу узун сабак кеп кылуу аркылуу азыркы жана болочокку муундарга демократия үчүн күрөш аруу тилекти гана эмес, жекече демилгени да талап кылаарын кулак кагыш кылууга болот.
Тынчтыкбек Чоротегин, тарыхчы, публицист, профессор.
Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.





























