Евгений Пригожин өлдүбү? Учак кырсыгы тууралуу эмне белгилүү?

Сүрөттүн булагы, LEV BORODIN/TASS
Шаршембиде кечинде Твердин жанында бизнес-джет Embraer Legacy 600 учагы кыйроого учурады. Асманда экенде эле чачырап бөлүнүп кетти.
Борт "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын кожоюну Евгений Вагнерге тийиштүү эле. Росавиация мындай аты жана фамилиясы бар адам учактын жүргүнчүлөрүнүн тизмесинде бар болгонун кабарлады.
Учакта баардыгы жети адам болгон, анын үчөө экипаждын мүчөлөрү. Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсыктан эч ким аман калган жок. Бирок "Вагнердин" негиздөөчүсүнүн каза тапканы тууралуу расмий ырастоолор боло элек.
Пригожиндин учак кырсыгында каза тапканын бир катар ЖМКлар, анын ичинде Пригожиндин өзүнө эң жакын болгон маалымат каражаттары да анонимдүү булакка таянып кабарлашты. Пригожин өзү саякатка чыкканда өзүнө окшош адамдарды пайдаланып, башка адамдардын атына жазылган паспорт менен учуп жүрчү дешет.
Евгений Пригожиндин авиакырсыкта каза тапканын шаршембиде кечинде "Вагнердин" жетекчилигине жакын телеграм-канал Grey Zone билдирди. «Россиянын баатыры, өз Мекенинин чыныгы патриоту — Евгений Викторович Пригожин Россиянын чыккынчыларынын аракеттеринин натыйжасында курман болду. Бирок ал тозокто да мыкты болот!», — деп айтылат кабарда.
Аталган канал Россиянын чыккынчыларын "Вагнердин" негиздөөчүлөрүнүн бири, жалданма согушкерлердин биринчи командири Дмитрий "Вагнер" Уткиндин өлүмүнө күнөөлөдү. Компания анын аскердик чакырма аты менен аталганы белгилүү.
«Царьград ТВ» анонимдүү булакка шилтеме берип, ошондой эле телеграм-канал «ВЧК-ОГПУ» дагы Пригожин менен кошо Уткин да курман болгонун кабарлашууда.
Пригожиндин кырсыкта каза тапканын "Фонтанка" да жазып чыкты. Анонимдүү булакка таянып, Пригожин тууралуу Запорожьедеги оккупациялык администрациянын мүчөсү болуп Кремль дайындаган Владимир Рогов да билдирди. (КС)

Сүрөттүн булагы, СК РФ
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Шаршемби күнү кечке карата орус бийлиги расмий түрдө Пригожин менен Уткиндин өлүмүн тастыктаган жок. Москва убактысы боюнча кечки саат сегизде Федералдык аба транспорту агенттиги кыйраган бизнес-учактын жүргүнчүлөр тизмесинде Евгений Пригожин бар экенин билдирди. Аталган агенттик саат 23:00дө кыйраган учакта болгондордун бардыгынын аты-жөнүн өз телеграм каналына жарыялады.
Маалыматка ылайык, Пригожин менен Уткин, ошондой эле Александр Тотмин, Сергей Пропустин, Евгений Макарян, Валерий Чекалов, Николай Матусеев учуп баратышкан.
Федералдык аба транспорт агенттигинин бул отчетуна караганда, Пригожин, жолдоштору жана өнөктөштөрү менен бирге болгон - мисалы, Чекалов 2017-жылы Сирияда газ жана мунай өндүрүү боюнча келишимдерди түзгөн Пригожин менен байланышкан компаниянын ээси болгон. 2023-жылдын июль айында АКШнын Каржы министрлиги Чекаловду санкциялык тизмеге (Пригожин менен байланышы бар адам катары) кошкон. “Вагнер” жеке аскердик компаниясынын жалданма жоокерлери Евгений Макарян жана Александр Тотмин. Учакты командир Алексей Левшин жана экинчи учкуч Рустам Каримов башкарган. Салондо стюардесса Кристина Распопова да болгон.
Жалпыга маалымдоо каражаттары кырсыкка учураган RA-02795 номурлуу Embraer Legacy 600 учагын “Вагнер” компаниясынын негиздөөчүсү учуп барган жерлерден байкашкан. 2019-жылы АКШнын Каржы министрлиги бул учакка санкция киргизген, ал кезде учак M-SAAN деген борт номерин алып жүргөн.
Кырсык кандайча болгон?
Транспондер сигналдарынын жардамы менен учактардын учууларын көзөмөлдөгөн Flightradar24 кызматы Embraer Legacy 600дүн учуусун Москва убактысы боюнча 17:59дан 18:11ге чейин каттады. Flightradar24 көрсөткөн учуу жолуна караганда, учак абада жүргөндө транспондерди күйгүзгөн. Бизнес учактарда бул практика кеңири таралган. Передатчик күйгүзүлгөн учурда борт Москванын жанындагы Зеленоград аймагында 3,7 километр бийиктикте болуп, саатына 585 километр ылдамдыкта учуп, бийиктеп барып дагы ылдамдаган.
Flightradar24 тарабынан жазылган учуу учурунда учак бийиктикке көтөрүлүп, ылдамдыгын жогорулатып жаткан. Ал, кыязы, керек "деңгээлге" көтөрүлгөн, башкача айтканда, көздөгөн жерине учуп кете бериши керек болгон бийиктикке жеткен. Шернево айылына жакын жерде транспондер сигнал берүүнү токтоткон. Ошол маалда учак көтөрүлүүнү уланткан – учуу учурунда транспондер өчүп калган, учуунун траекториясында төмөндөө көрүнбөйт. Бул аппарат башка себептерден улам өчүрүлгөн же иштебей калган дегенди билдирет.
Тверь облусунда болгон учак кырсыгы тууралуу биринчи маалыматтар Москва убактысы боюнча саат 19:20 чамасында пайда болгон. Аскердик учактын кыйрашы тууралуу алгач Telegram 112 каналы кабарлады, Readovka саат 19:29да кырсыктын видеосун жарыялап, ошондой эле аскердик учак кулаганын билдирген.
Кырсыктын күбөлөрү тартып алган видеолорго караганда, учак абада эле талкалана баштаган, видеодо сыныктардын өзүнчө түшүп жатканын көрүүгө болот. Бизнес-учак абада айлануу менен кулап бара жаткан — оң канатынан айрылып, жерге кулаганга чейин ылдый карай тик буралып түшкөн. Башка видеолордо учак кулаган жердеги өрт, анын сыныктары жана каза болгондордун денелери көрсөтүлгөн. Кулаган учурду видеого тартып алган күбөлөр эки жолку жарылууну укканын айтышууда.
Embraer учагы Куженкино айылынан бир жарым чакырым алыстыкта Бологое аймагында кулап түшкөн. Би-Би-Сиге атын атагысы келбеген жергиликтүү тургундун айтымында, шаршемби күнү кечинде полиция кырсык болгон жерге барчу жолдорду жаап салган.
"Азыр караңгы, бирок алар прожекторлорду күйгүзүп иштеп жатышат" деди Би-Би-Синин булагы. Кырсык болгон жерге эң жакын жайгашкан турак-жай - бул ферма. "Учак чарбадан 200 метр алыстыкта токойдун жанындагы ачык талаага кулап, имаратка эч кандай зыян келтирген эмес", - деди атын атабаган күбө.
Алгачкы видеолордо адамдар учактын сыныктарын жакын аралыктан тартып алышкан, башка жергиликтүү тургундар Би-Би-Сиге кырсык болгон жердин сүрөттөрүн бөлүшкөн. Алардын биринде үч киши учактын негизги сыныктарынан алыска кулап түшкөн куйругун карап жатышат.
Росавиация буга чейин кечки саат тогузда Москвада кырсыкты иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлгөнүн кабарлады. Аба транспортунун федералдык агенттигинин маалыматы боюнча, учак бизнес учууларга адистешкен “MNT-Aero” ЖЧКсына таандык болгон. Агенттик ошондой эле Embraer Москва-Санкт-Петербург каттамы боюнча учуп баратканын, анын ичинде жети жүргүнчү жана үч экипаж мүчөсү (Embraer Legacy 600 экипажы эки учкуч жана бир стюардессадан турган) болгонун кабарлады.

Сүрөттүн булагы, MARINA LYSTSEVA/TASS
Россиянын Тергөө комитетинин (РТК) Башкы тергөө башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 263 беренесине ылайык кылмыш ишин козгоду (аба транспортунун кыймылынын жана эксплуатациясынын эрежелерин бузуу). РТК кандай гана аба кырсыгы болбосун ушул беренеге ылайык иш козгойт.
Би-Би-Синин “Вагнер” компаниясындагы алты маектеши тең тигил же бул формада Пригожиндин өлүмүн тастыкташты. "Менимче, тууган, баары бүттү, менде башка сөз жок, баары бүттү", - деп жыйынтыктады вагнерчилердин бири кабарчы менен болгон маегинде.





























