Борбор Азия өлкөлөрү согуш маалында кантип нейтралдуу болууга аракет кылып жатышат?

Наргиза Рыскулова, Би-Би-Си

parad

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстанда жыл сайын 9-май салтанаттуу турдө белгиленчү, бирок быйыл андай болбоду

Украинадагы согуш Борбор Азия өлкөлөрүн ыңгайсыз абалга калтырды: бир жагынан - Россиядан болгон экономикалык көз карандуулук, экинчи жагынан - эл аралык обочодо калып калуу коркунучу турат. Бул себептүү алар Москваны ачык сындап же аны колдой албай жатышат.

Би-Би-Си аймактагы өлкөлөр нейтралдуу болуп, согушту символикасына бөгөт коюп, ошол эле маалда согушка каршы митингдерге тыюу салып жатканына сереп салып берет.

Казакстан: "экинчи Лукашенкого айланбоо аракети"

Украинага болгон орус баскынчылыгына карата эң көп тынчсыздануу Казакстанда орун алды. Бул өлкө Россия менен чектеш экени маалым. Соңку жылдары Казакстанда эне тилин алдыга жылдыруу саясаты жүрүп, бирок буга орус расмийлери жана мамлекеттик ММКлары Казакстанда орустар кысмакка алынып жатат деген айыптаптоолор айтышты.

Украинадагы согуш жетинчи күнгө караганда Касым-Жоомарт Токаев Казакстан нейтралдуу экенин айтып, тараптарды сүйлөшүүгө чакырды. Казак бийлиги Алматыда 6-мартта согушка каргы митинг өткөрүүгө уруксат берди. Бирок кийинки акцияларга андай макулдук болбоду.

Марттын башында Казакстан БУУнун орус аскерлерин Украинадан алып чыгуу тууралуу резолюциясына добуш берүүдөн карманып койду.

Бирок көп өтпөй эле өздөрүн элдик республика жарыялаган Луганск жана Донецктин көз карандысыздыгын тааныбай тургандыгын билдирди.

Владимир Путин январдагы каршылык акцияларын басуу үчүн аскерлерин жөнөтүп, казак президенти Касым-Жомарт Токаевге кол сунган

Сүрөттүн булагы, ALEXEY NIKOLSKY/AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Владимир Путин январдагы Казакстандагы каршылык акцияларын басуу үчүн аскерлерин жөнөтүп, президент Касым-Жомарт Токаевге кол сунган

Апрелдин этегинде казак бийлиги жыл сайын өтүп, салтка айланган 9-майга карата ири аскердик парадын өткөрбөй, ага кеткен акчаны өлкөнүн коргоону тармагына жумшоону чечим кылды. Акыркы жолу Казакстанда масштабдуу аскердик парад 2019-жылы эле өтүп, соңку эки жылы коронавирус айынан ал ансыз деле уюштурулбай келген.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бул нерсе Россиянын көз жаздымында калган жок: теле-алып баруучу Тигран Кеосаян "казак-туугандарга" кайрылып, бул чечимди "жакшылыкты билбегендик" деп сыпаттады.

Быйыл январда Россия башында турган ЖККУ уюму Касым-Жомарт Токаевге жардамга келип, өкмөткө каршы акцияларды жана баш-аламандыкты басуу үчүн аскер жана аскердик техника жолдогон.

"Ошону менен Казакстандын Россия алдындагы "карызы" тууралуу сөздөр болот деген тынчсыздануулар болгон. Россиянын чагымчыл пропагандалык аянттарында азыр ошондой эле болуп атат", - дейт казакстандык саясат талдоочу Досым Сатпаев.

 "Жеңиш күнүн майрамдоо биздикилерденби же чоочунбу белги болот, - деди Кеосаян. – Биздин мамлекет… мындай белгилерди байкабай калбасын деп аябай үмүттөнөм".

Көптөгөн казакстандыктар бул сөздү коркутуу катары кабылдап, айрымдары Россияны агрессор атап, Украинага колдоо көрсөтүштү.

"Биз силерге иничек дагы, боордош дагы эл эмеспиз", - деди жергиликтүү блогер жана активист Тогжан Кожалиева өзүнүн видео кайрылуусунда.

Казакстанда 6-мартта өткөн согушка каршы митинг

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Казакстанда 6-мартта өткөн согушка каршы митинг

"Казакстанда согушка чейин эле Путинге жана Евразияга каршы маанайлар болуп келген, - дейт Сатпаев. – Мамлекеттик сурамжылоолор башканы айтканы менен жергиликтүү элдин көпчүлүгү ЕАЭБге кирүүгө каршы чыккан".

Казакстанда согушка каршы митингдерге жол берилбегени менен согушту ачык колдоп чыккандарга дагы сын көз караш бар. Мисалга, МАИ автомобилдерде Z тамгасын чаптоого айып пул салып, бул транспорт каражаттарын колдонуу эрежелерине каршы келет деп жүйөө келтирип жатат.

"Токаев үчүн [Россия аракеттерин кыйыр колдобоо] – Батыш алдында кадыр-баркын калыбына келтирүүнүн шансы. Бул Кремлден көз карандысыздыкты жана автономдукту көрсөтүүнүн да шансы , - деген пикирде Сатпаев. – Токаев дипломат, андыктан ал үчүн экинчи Лукашенко болбой, стратегиялык жактан "кол алышчу саясатчы" тейден калуу маанилүү".

Кыргызстан: пикирлердин кагылышы

Кыргызстанда дагы машиналарга Z тамгасын чаптоого айып пулдар салынып, УКМК 9-майдагы майрам катышуучуларын бул символиканы колдонбоого чакырды.

Кыргыз бийлиги аскердик парад уюштурган жок, бирок "Өлбөс полктун" жүрүшүнө уруксат берди. Пандемияга чейин мындай жүрүшкө чыккан адамдардын саны он миңге чамалачу.

Бишкекте орус элчилигинин алдында согушка каршы жана аны колдогон дагы митингдер өтүп, бирок аларга көп санда кишилер катышкан жок. Апрелдин башында бийликтер дегеле согуш темасына байланыштуу акцияларга тыюу салып, расмий гана иш-чараларга гана уруксат берди.

 Ошол эле күнү президент Садыр Жапаров митингдерди Горкький атындагы гүлбакта өткөрсө болорун билдирди. "Бир эле сураныч: элчиликти жайына койгулачы", - деди Жапаров.

Бишкекте Украинаны, Россияны дагы колдогон акциялар өттү

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкекте Украинаны дагы...
Бишкекте Украинаны, Россияны дагы колдогон акциялар өттү

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, ... Россияны дагы колдогон акциялар өттү

"Постсоветтик өлкөлөрдө биз пикирлердин кагылышынын бир канча линияларын көрүп жатабыз, - дейт изилдөөчү, саясий илимдеринин доктору Асель Дөөлөткелдиева. - Биринчиден, жаш курагы боюнча: Кыргызстандабы же Казакстандабы согушка каршы митингдердин катышуучулары негизинен жаштар болууда. Жашы уулурак муун орус теле-берүүлөрүн эле көрбөй, СССРге ностальгия да болушат.

Экинчиден, тил жагынан, ММКлар кайсы тилде жазуу тандоосуна байланыштуу: казакчабы/кыргызчабы же орусчабы".

Изилдөөчү бул анын жеке байкоолору экенин гана айтып, бул туурасында социалык изилдөөлөр жүргүзө электигин айтты.

Апрелдин соңунда кыргыз бийлиги активисттердин басымы алдында "Время правды" кинофестивалын өткөрүүгө уруксат бере албай калды. Бул фестивалдын уюштуруучусу "Гармония" орус маданий борбору Донбасстагы согуш тууралуу тасмаларды көрсөткөнү жаткан. Маданият министрлиги фестивалды өткөрүүгө тыюу салынганын "азыркы эл аралык кырдаал жана Кыргызстандын нейтралдуу позициясы" менен түшүндүрдү.

Бирок бул фильмдерди фестиваль уюштуруучуларынын  сайтында көрүүгө болот. Ал эми Россиянын негизги делген - "Первый" жана "РТР-Планета" бүт өлкөгө көрсөтүлөт.

Канттагы кыргыз аэдромунда орус аскердик базасы жайгашкан

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Канттагы кыргыз аэдромунда орус аскердик базасы жайгашкан

Кыргызстан менен Россия – экономикалык эле эмес (ЕЭАБ) аскердик да (ЖККУ) өнөктөштөрдөн. Кыргызстандын аймагында орус аскердик базасы жайгашып, ал эми жүз миңдеген кыргызстандык мигранттар Россияда иштеп акча табышат.  

Россия Кыргызстандын негизги соода өнөктөшү дагы, андыктан расмий Бишкек Москваны ачык колдоп алып, экономикалык экинчи санкцияларга кабылгысы келбейт.

"КМШ өлкөлөрүнүн тандоосу өтө кууш экенин түшүнүү керек: бул аймак Россиядан энергетикалык жактан гана эмес, азык-түлүк, дары-дармек, токой дагы башка тармактардандан дагы көз каранды, - деп түшүндүрөт Дөөлөткелдиева. – Мындан тышкары, борбор азиялык жарандардын Россияда болгон эмгек иммиграциясын орус бийликтери КМШ өлкөлөрүнө карата басым рычагы катары көп колдонот".

Өзбекстан: согушту чагылдырууга тыюу

Өзбекстан коңшуларынан айырмаланып, Россия менен бир да союзда мүчө-өнөктөш эмес. Андыктан ал биринчилерден болуп согушту токтотууга чакырып, Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдоо сөзүн айтты.

 Бирок ошондой болсо дагы өзбек бийлиги жергиликтүү ММКларга согушту чагылдыруудан карманууну "сунуштады". Бул сунушту Өзбекстанда тыюу салуу деп да түшүнсө болот.

Россияда жашаган өзбек жарандарына согуштук аракеттерге катышуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги бар экени эскертилди. Бул андай жаран кайсы тарапта согушка катышат айырмасыз иштейт. Андай учурлар тууралуу "Азаттыктын" өзбек кызматы (Россияда чет элдик агент катары таанылган) кабарлаган.

Анын маалыматына ылайык, аскердик контракт тууралуу жарнамаларды өзбек мигранттары арасында популярдуу болгон сайттардан табууга болот. Россияда баш-аягы үч миллионго жакын өзбек мигранттары бар.

Согуш башталгандан бери Өзбекстанга орус баскынчылыгы менен макул эмес россиялыктардын агымы келди. Өзбек бийликтери андай программисттер жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн атайын жумушчу визаларды киргизди. Ошондой эле, эгер алар турак-жай сатып ала турган болсо салыктык жеңилдетүүлөр берилди. Келгин россиялыктардын айынан Ташкентте турак-жай ижараларына баалар өсүп кетти.

9-майда Өзбекстанда жеңиш парадын баштан эле белгилешпейт. Бул күндү өлкөдө Эскерүү жана ардактоо күнү деп белгилешет. Казакстан менен Кыргызстандан айырмаланып Өзбекстанда 1941-1945-жылдарды Улуу Ата Мекендик согуш эмес, Экинчи дүйнөлүк согуш деп аташат.

Жалпысынан Советтер союзу боюнча ностальгия Өзбекстанда коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу азыраак.  

Тажикстан: баары бир парадбы?

Тажик президенти Эмомали Рахмон  былтыр Москвадагы аскердик парадга катышып келген жападан-жалгыз чет элдик лидер болду. Рахмонду анда ЖККУнун төрагасы катары чакырышкан.  

Бирок Украинадагы согуш тууралуу тажик бийлиги комментарий берүүдөн карманып жатат. Кыргызстандай эле Тажикстан дагы Россиядан мигранттары жана аскердик базалары үчүн көз каранды. Тажикстанда эки орус аскердик базасы бар.

Москвадагы 2021-жылы өткөн аскердик парадга катышкан жалгыз чет элдик лидер Эмомали Рахмон болду

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Москвадагы 2021-жылы өткөн аскердик парадга катышкан жалгыз чет элдик лидер Эмомали Рахмон болду

Борбордук аскердик округдун басма сөз кызматынын маалыматы боюнча 201 аскердик базасынын аскерлери 9-майда өтө турган парадга катышат. Бирок параддын өтөрү тууралуу орус булактарынан гана белгилүү болуп жатат.

Тажик бийликтери дагы жергиликтүү ММКларга Украинадагы согушту чагылдырбоону "сунуштады".  Тажик жарандарына дагы башка өлкөлөрүдүн согуштук аракеттерине катышууга тыюу салынды. Бирок журналисттер маал-маалы менен тажик жарандарынын өлүмү тууралуу жазып жатышат. Маркумдардын айрымдарында орус паспорттору да болгон.

Россиянын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча былтыр эле жүз миң тажикстандык орус жарандыгын алган. Ал эми Тажикстандын ИИМи быйыл жыл башынан берки үч айда эле 60 миң тажик жараны Мекенине кайтканын билдирет. Бул былтыркы жылдын ушул маалдагы көрсөткүчүнө караганда 2,5 эсеге көп.

Түркмөнстан: Путинден чакыруу

Түркмөнстанда БУУнун согушту айыптаган резолюциясына карата добуш берүүгө катышкан дагы жок. Жакында эле президент болгон Сердар Бердымухамедов (буга чейин көп жыл президент болгон Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу) Россиянын ИИМ алдындагы Дипломатиялык академияны бүтүргөн.  Андыктан байкоочулар андан россиячыл  позицияны күтүшкөн эле.

Украинада согуш башталары менен Бердымухамедов Путин менен телефондон эки өлкө ортосунда түзүлгөн дипломатиялык мамилелердин түптөлүшүнүн отуз жылдыгынын урматына сүйлөшүүлөр өткөрүшкөн.

Түркмөн президенти ошондой эле Путиндин Россияга келип кетүү чакыруусун да кабыл алган.

Түркмөнстандын азыркы президентинин атасы Гурбангулы Бердымухамедов Путинге Ишеничтүү деген ат менен алабай итин тартуулаган

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түркмөнстандын азыркы президентинин атасы Гурбангулы Бердымухамедов Путинге Ишеничтүү деген ат менен алабай итин тартуулаган

 Түркмөн ММКлары ичинен толугу менен мамлекеттин көзөмөлү алдында иш алып баргандары Украинадагы согушту чагылдырбай жатат.

Бул өлкөнүн жабык болгонуна байланыштуу эли согушка кандай мамиледе болуп жатканын да билүү кыйын.

Адатта Түркмөнстан 9-майга карата аскердик параддарды өткөрбөйт. Бирок мамлекеттик агенттик билдиргендей 2020-жылы Жеңиштин 75 жылдыгына карата өлкөдө аскердик парад өткөрүлгөн. (ЭК)