Путиндин бешинчи мөөнөтү. Мындан ары эмне болот?

Стив Розенберг, Би-Би-Си, Россия

Путин 2024

Сүрөттүн булагы, VYACHESLAV PROKOFYEV/TASS

Путиндин жеңиши оңой эле болду.

Бул жерде эч кандай хрусталь шардын сыйкыры же кандайдыр бир күчтүү дуба керек болгон жок.

Анткени Россияда Кремль саясий системаны бүт, анын ичинде шайлоону кошо көзөмөлдөп турат эмеспи.

Бирок эми Путин 87% добуш алгандан кийин эмне кылат? Анын бешинчи мөөнөтү кандай болот?

Путин 5.0 менен Путин 4.0. анчалык деле айырмаланбашы мүмкүн.

Сыйкырдуу таяктын бир серпилиши менен кыргый күтүүсүз көгүчкөнгө айланган «абракадабра ирмемин» күтпөй эле койсо болот.

Путин чет өлкөдөгү конфликттер менен өлкө ичиндеги репрессиялардын жолун улантат болуш керек.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Болочокко көз чаптырганда, бул Украинадагы согуштун жана Батыш менен конфронтациянын уланышы болушу ыктымал. Ага кошумча ички фронтто идеологиялык өнөктүк да күчөйт, анткени Путин Россияны барган сайын милитаристтик коомго айлантууда.

Ал эми Россиянын жарандык коомун алсак, ал күчтүү кысым алдында калды. Бул эми ого бетер күчөшү мүмкүн.

Бул 87% — астрономиялык сан.

Ырас, батыш лидерлери муну Путиндин азыркы популярдуулугунун чыныгы көрүнүшү деп эсептебейт.

«Бул эркин жана акыйкат шайлоонун көрүнүшү эмес», - деди Россиядагы президенттик шайлоого комментарий берип Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон.

Бирок бул өлкө ичинде бул Кремлге бүт эл Путиндин айланасына баш кошту, президент бүт элдин колдоосуна ээ болду деп айтканга негиз боло берет.

Эми ал Украинадагы согушка жана Россияны өзү беттеген багытка алып кетүүгө элдин мандатын алдым деп чыга аларын айта кетүү маанилүү.

87% россиялык саясий элитага дагы бир даана ишарат: «Көңүл бургула, бул жерде баарын көзөмөлдөгөн бир адам бар, бул кырдаал жакында өзгөрбөйт».

Вагнердин жалданма армиясынын кыска, бирок драмалуу козголоңунан бир жылга жакын убакыт өткөндө бул Путинге да маанилүү.

Акыр аягы кремлдин лидери жеңди. Козголоңдон эки айдан кийин Пригожин авиа кырсыкта өлдү.

Россия шайлоо

Сүрөттүн булагы, VLADIMIR NIKOLAYEV/AFP VIA GETTY IMAGES

87% экинчи бир жагы- бул ишенимди бекемдегени. Сиз президент болсоңуз, дагы бир жолу жеңишке жеттиңиз деп баары чөгөлөп атса, өзүңүздү ого бетер күчтүү, ал түгүл жеңилбес сезип калышыңыз мүмкүн.

Жекшембиде кечинде шайлоодогу жеңишке арналган басма сөз жыйынында Путинде мындай ишенимдүү турум көрүндү.

Бул бийликте чейрек кылым турган, Улуу Екатеринадан кийинки эле эң узак башкарган лидердин ишенимдүүлүгү.

Бул шайлоодо 87% добушту жана бешинчи президенттик мөөнөттү алып берген системаны түзгөн лидердин ишенимдүүлүгү.

Ал Украинадагы согушта Россиянын ийгиликтерин, демилге бүтүндөй анын өлкөсү тарапка өткөнүн ишенимдүү айтып, батыш демократиясын сындап өттү да, шайлоодон кийин Россия ого бетер күчтүү болот деди.

Сынчылар орус лидеринин саясий ишеними ашып-ташып турганын, ал түгүл коркунучтуу да болушу мүмкүн экенин белгилешүүдө.

Айрыкча өлкөнүн саясий системасында тизгиндеген кой-ай деген эч ким жок шартта эмнени гана кылбайсың.

Россияда бүгүн баш көтөргөн адам аз. (КС)