Аятолла Али Хаменеи өлтүрүлдү. Убактылуу кеңеш жетекчиликти колго алды
Сүрөттүн булагы, Majid Asgaripour/WANA (West Asia News Agency) via REUTERS
- Author, Жаңылыктар бөлүмү
- Role, Би-Би-Синин Орус кызматы
- Окуу убактысы: 5 мүнөт
28-февралда АКШ менен Израилдин иран режимине каршы биргелешкен аба операциясынын натыйжасында Ирандын жогорку башкаруучусу аятолла Али Хаменеи өлтүрүлдү.
Алгач Хаменеинин каза болгонун АКШ президенти Дональд Трамп билдирген, бирок Тегеран аятолланын өлүмүн четке каккан. Бирок, бир нече сааттан кийин, жекшемби күнү таң эрте Ирандын мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары өлкөнүн жогорку лидеринин каза болгону расмий ырасталганын жарыялашты.
"Ал шейит кетти", - деп жазат Ирандын IRNA мамлекеттик агенттиги.
Иранда 40 күндүк аза күтүү жарыяланды, ал эми алдыдагы бир жума аятолланын элесине таазим кылуу иретинде иш күнү эмес деп жарыяланды.
Буга чейин IRNA агенттиги Али Хаменеинин кеңешчиси - Ирандын Коргонуу кеңешинин катчысы Али Шамханинин, ошондой эле Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун командачысы Мухаммад Пакпурдун да өлгөнүн ырастаган.
Иранды Убактылуу кеңеш башкарары айтылды
Жогорку лидер жок кылынганына байланыштуу Ирандын президенти Масуд Пезешкиан, сот бийлигинин башчысы жана Конституцияны коргоо кеңешинин мүчөлөрүнүн бири кирген Убактылуу кеңеш Иранды башкарат. Бул тууралуу Ирандын биринчи вице-президенти Мухаммад Мухберге шилтеме берүү менен Ирандын IRNA маалымат агенттиги кабарлады.
Жогорку лидердин мураскерин дайындоо менен Лидерлик маселелер боюнча эксперттер ассамблеясы алектениши керек. Бул орган 88 дин кызматкеринен турат.
Ирандын конституциясына ылайык, мураскерди тандоо мүмкүн болушунча тез арада ишке ашырылышы зарыл. Али Хаменеи өзү да 1989-жылы анын мурунку башчысы, 1979-жылдагы Ислам революциясынын лидери аятолла Рухолла Хомейни каза болгон күнү эле дайындалган.
Бирок Иран АКШ менен Израилдин чабуулдарына дуушар болуп жаткан учурда, коопсуздук себептеринен улам Ассамблеянын бардык мүчөлөрүн тез арада чогултуу оңойго турбашы мүмкүн экенин Би-Би-Синин Перс кызматынын кабарчысы Бехран Тадждин белгилейт.
Али Хаменеи Иранды 1989-жылдан бери башкарып келген жана анын жетекчилиги астында өлкө азыркы биз билген абалга келген: сырткы дүйнөгө жабык, милитаризацияланган, бийликке болгон нааразычылыктарды катуу жана ырайымсыздык менен баскан мамлекетке айланган.
Ишемби бою АКШ менен Израиль Иранга каршы биргелешкен аба операциясын баштап, анын ичинде Хаменеинин резиденциясы жайгашкан Тегерандын районуна да сокку урушкан. Бирок иран өкмөтүнүн жогорку кызмат адамдары 28-февралда журналисттерге Хаменеи борбор калаада эмес, балким, өлкөдө да жоктугун жана ал толук коопсуздукта экенин билдирип жатышкан.
Хаменеинин тарапташтары жана каршылаштары көчөгө чыгышканы кабарланды
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ал арада жалпыга маалымдоо каражаттары Хаменеинин тарапташтары жана каршылаштары Тегерандын көчөлөрүнө чыгышканын маалымдашууда.
Мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары Ирандын жогорку башкаруучусу Али Хаменеинин каза болгонун жарыялагандан кийин, Тегерандын жана Ирандын башка шаарларынын көчөлөрүнө аятолланын өлүмүнө кайгырган, ошондой эле бул кабарга сүйүнгөн тургундар чыгышты. Бул тууралуу батыш маалымат каражаттары кабарлоодо.
AFP агенттигинин кабарчысы жазгандай, колдоруна Хаменеинин сүрөттөрүн кармаган миңдеген кайгырган адамдар Ирандын борбор калаасынын борборуна чогулушту. Ирандын IRNA агенттигинин оператору тарткан видеодон Тегерандын борбордук Энгелаб аянтына Хаменеини эскерүү митингине жыйналган бир нече миң адамды көрүүгө болот.
Ошол эле учурда, Ирандагы окуяларды чагылдырган New York Times гезитинин кабарчысы Фарназ Фассихи билдиргендей, шаар көчөлөрүндө Хаменеинин башкаруусунун аяктаганын майрамдагандарды да көрүүгө болот.
NYT кабарлагандай, Тегерандын үч тургуну видеочалуу аркылуу журналисттерге өз райондорундагы учурдагы абалды көрсөтүп беришкен: эркектер менен аялдардын чоң топтору бийлеп, кыйкырып жатышат.
"Өтүп бара жаткан айдоочулар унааларынын сигналдарын берип жатышты. Фейерверктер асманды жарыктандырып, көчөлөрдө катуу жаңырган перс бий музыкасы угулуп жатты. Көптөгөн тургундар терезелеринен жана балкондорунан "Эркиндик, эркиндик!" деп кыйкырып, аларга кошулушту", — деп жазат басылма.
Би-Би-Си мындай билдирүүлөрдү ыкчам түрдө тастыктоого мүмкүнчүлүк жок экенин белгилейт.
АКШ менен Израилдин Иранга каршы аскердик операциясы кантип башталды?
Алгач Израилдин коргоо министри Исраэль Кац "алдын алуучу сокку урганын" жарыялагандан көп өтпөй операцияга АКШ да катышып жатканын президент Дональд Трамп тастыктады.
Кацтын айтымында, сокку "Израиль мамлекетине коркунучтарды жок кылуу максатында" урулган.
Акыркы жумаларда Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аракеттеринин фонунда АКШ Иранга сокку урушу ыктымал деген божомолдор ортодогу чыңалууну күчөтүп жаткан. Мунун алдында Трамп Иранга байланыштуу "татаал чечимди" кабыл алышы мүмкүн экенин эскерткен.
Тегерандагы жарылуулар тууралуу кабарлар жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:30 (Гринвич убактысы боюнча 06:00) чамасында пайда болду. Шаардан тартылган сүрөттөрдөн борбор калаанын үстүнөн калың көк түтүн чыгып жатканын көрүүгө болот.
Ошондой эле Исфахан, Кум, Кереж жана Керманшах сыяктуу дагы бир катар шаарларда да жарыруулар болгону кабарланып жатат.
Жергиликтүү маалымат каражаттары Иран аба мейкиндигин жапканын кабарлашууда.
Мындан тышкары Ирандын жогорку лидери Али Хаменеинин кеңсесине жана Тегерандагы президенттик администрацияга да сокку урулганы кабарланды.
Хаменеинин өкүлү буга чейин Reuters агенттигине жогорку лидер өлкөдө болбогонун, ал коопсуз жерде экенин айткан.
NetBlock мониторинг агенттигинин маалыматы боюнча, Иранда интернет дээрлик толугу менен өчүрүлдү.
Өлкөнүн Улуттук коопсуздук кеңеши мектептер жана университеттер жабылганын, банктар ишин улантып жатканын, ал эми мамлекеттик мекемелер толук эмес иш күнүнө өткөнүн билдирди.
Кеңеш ошондой эле Израил менен АКШнын чабуулдарына Иран "кыйратуучу жооп" кайтарарын билдирди.
Улуттук коопсуздук кеңеши жарандарды дүрбөлөңгө түшпөөгө, эл көп чогулган жерлерден оолак болууга жана мүмкүн болушунча коопсуз жерде жүрүүгө чакырды.
Ирандагы жоготуулар
Буга чейин Ирандын IRNA мамлекеттик агенттиги өлкөнүн Билим берүү министрлигине таянуу менен Ирандын түштүгүндөгү Минаб шаарындагы кыздардын башталгыч мектебине жасалган ракеталык соккудан 85 адам каза болгонун кабарлаган. Кийинчерээк Ирандын Кызыл Жарым Ай коому такталган маалыматтар боюнча мектеп имаратында 108 адам набыт болгонун билдирди.
Ошондой эле, IRNA өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Ламерд шаарында (Фарс провинциясы) 15 адам каза болгонун кабарлоодо. Жергиликтүү бийликтердин билдиришинче, соккулар спорттук комплекске, эки турак жай районуна жана мектепке чектеш залга тийген.
IRNA агенттигинин маалыматын тастыктаган көз карандысыз булактар азырынча жок жана Кызыл Жарым Ай коому өзүнүн эсебинде бул маалыматтарды эске алган-албаганы белгисиз.
Соккулардын натыйжасында ошондой эле бир нече жогорку кызматтагы саясатчылар жана Ислам революциясынын сакчылар корпусунун командирлери каза болгонун Reuters агенттиги ирандык булакка таянуу менен билдирди.
АКШ менен Израилдин жүйөсү
Президент Трамп Truth Social соцтармагына сегиз мүнөттүк кайрылуусун жарыялап, анда АКШ "Иранда ири аскердик операцияны" баштаганын билдирди.
"Биздин максатыбыз – Ирандын режими жараткан тикелей коркунучтарды жок кылуу менен Америка элин коргоп калуу", - деди Трамп.
Трамп Ирандын өзөктүк программасын улантуусун жана алыс аралыкка учуучу ракеталарды жасап жатканын АКШга үчүн коркунуч деп атады.
"Биз алардын ракеталарын жок кылып, ракеталык өнөр жайын жер менен жексен кылабыз", - деп билдирди Трамп. Мындан тышкары, Трамп Ирандын алдыңкы аскердик-саясий түзүмү болгон Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусун куралдарын таштоого чакырып, багынып бергендерге толук кол тийбестик кепилденерин айтты.
Израилдин коргонуу күчтөрүнүн (ЦАХАЛ) билдирүүсүндө ондогон аскерий объектилерге сокку урулганы айтылат.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху элге кайрылып, Трампка "тарыхый лидерлиги" жана чогуу операция баштаганы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ал элди сабырдуу болуп, бийликтин көрсөтмөлөрүн так аткарууга чакырды.
Нетаньяху ошондой эле Тегерандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол берилбеши керектигин айтып, Иран элин режимге каршы көтөрүлүүгө үндөдү.
Reuters агенттигинин Израилдин Коргоо министрлигиндеги булагы операция көп ай мурун пландалганын, ал эми кайсы күнү башталары бир нече апта мурда чечилгенин айтты.
Иран кантип жооп кайтарды?
Израилдин бардык жеринде өзгөчө кырдаал жарыяланып, өлкөнүн жашоочуларына бомбадан коргонуучу жайларга жакын болуу көрсөтмөсү берилди. Израилдин аскер жетекчилери Иран жооп иретинде учурган ракеталарды атып түшүрүп жатканын билдирди.
Израилдиктерге эл көп чогулган жерлерден алыс жүрүү жана мүмкүн болсо жумушка же мектепке барбоо сунушталды. Медиа каражаттарынын маалымдашынча, аба мейкиндиги жарандык учактар үчүн жабылды.
Ошол эле маалда Бахрейндин мамлекеттик агенттиги өлкөнүн аймагында жайгашкан АКШнын деңиз-аскер күчтөрүнүн Бешинчи флотунун базасына сокку урулганын билдирди.
Катардын Коргоо министрлиги "өлкө боюнча бир нече чабуулду ийгиликтүү токтотуу мүмкүн болгонун" билдирди. Борбор калаа Дохада жарылуулардын үнү чыгып жатат.
Катарда АКШнын Жакынкы Чыгыштагы ири аскерий базасы – Ал-Удейд аскер-аба күчтөрүнүн базасы орун алган.
БАЭнин Коргоо министрлиги Ирандын соккусунун натыйжасында баллистикалык ракетанын сыныктары Абу-Дабидеги райондордун бирине түшүп, бир адам каза болгонун билдирди.
Иранга урулган соккуларга жана Тегерандын жооп чабуулдарына байланыштуу көптөгөн авиакомпаниялар бул чөлкөмгө аба каттамдарын токтотконун жарыялашты.
Биринчи соккунун мааниси. Би-Би-Синин Орус кызматынын аскерий серепчиси Павел Аксеновдун талдоосу
Ар кандай согушта биринчи аба соккусунун маанилүү бир артыкчылыгы бар – ага алдын ала даярдануу өтө оор. Бул чөлкөмдө жайгаштырылган кайсы америкалык күчтөр сокку урууга тартылары, ага Израилдин авиациясы катышары белгилүү болгон күндө да, биринчи сокку эң натыйжалуу. Биринчи соккуну урган тарап алдын ала даярдана алат, ал эми коргонууга аргасыз болгон тарап чарчап-чаалыгып, кыраакылыгын жоготуп, бир нече жуманы уттуруп коет.
Ошондуктан биринчи сокку адатта абадан коргоо системаларына урулат, бул аракеттер авиациянын андан аркы ишин жеңилдетет. Ошондой эле башкаруу чынжырын талкалаш үчүн да штабдарга жана байланыш түйүндөрүнө сокку урулат.
Баллистикалык ракеталарга тиешеси бардын баарына сокку урулат – Израил менен АКШ Ирандын жооп соккусунан кооптонушууда. Өлкөнүн ракеталык программасы бул өлкөлөрдү өзөктүк программага караганда көбүрөөк тынчсыздандырып жатат – Ирандын ракеталары Израилдин шаарларына жана АКШнын аскерий базаларына коркунуч жаратууда. Буга Иран алдын ала даярданып алган, атүгүл жооп иретинде Израилди аткылай баштаган, бирок АКШ менен Израилдин биринчи соккусунан улам Ирандын мүмкүнчүлүктөрү көп жакшы болгон жок.
Кабарларга караганда, саясий жана аскердик жетекчилик жүргөн болушу мүмкүн деген жерлердин баары бутага алынып, соккунун алдында калды. Ушундай жол менен америкалыктар жана израилдиктер өлкөнүн башкаруусун бузуп, ирандыктарды демилгеден ажыратып, ката кетирип алууга мажбурлагысы келүүдө.
Биринчи соккунун ийгилиги чалгын кызматтарынын маалыматтарына жана ошол маалыматты иштетүүгө көз каранды болот. Бирок кандай болгон күндө да даярдыкка көбүрөөк убакыт кетти. Мындан аркы соккулардын натыйжалуулугу союздаштар Ирандагы өзгөрүүлөр тууралуу маалыматты канчалык тез жана так аларына жараша болот. (ZMa)
Башкы кабарлар
Редактордун тандоосу
Көп окулгандар
Баракча ачылбайт