Иран АКШ жана Израилдин соккуларына «кыйратуучу» жооп берерин убада кылды

Tegeran

Сүрөттүн булагы, Reuters

Окуу убактысы: 1 мүнөт

Ирандын жогорку улуттук коопсуздук кеңеши АКШ жана Израилдин соккуларына «кыйратуучу жооп» берерин убадалап, иран эли «душманга» моюн сунбай турганын биллдирди.

Тегеран соккулар Вашингтон менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан маалда «дагы бир жолу» жасалганы баса белгиледи. Ирандын Жогорку улуттук коопсуздук кеңешинин билдирүүсүндө Израил менен АКШнын аракеттери «коркоктук», ал эми талаптары «майда» деп мүнөздөлгөн.

Иран бийлиги АКШ жана Израил Тегеранда жана башка шаарларда аскерий операциясын улантышы мүмкүн экенин эскертип, жарандарын «тынчтыкты сактоого» жана мүмкүнчүлүк болсо коопсуз аймактарга кетүүгө чакырды.

Иранда мектептер жана жогорку окуу жайлар белгисиз мөөнөткө ишин токтотту. Банктар жана мамлекеттик мекемелер кыскартылган режимде ишин улантууда.

28-февралдын таңында Израиль Иранга алдын алуучу сокку урганын өлкөнүн коргоо министри Исраэль Кац билдирди. Анын айтымында, бул соккулар Израилге карата коркунучтун алдын алуу максатында жасалды. Андан соң АКШнын операцияга катышканын президент Дональд Трамп да тастыктады.

«Израиль мамлекети мамлекетке болгон коркунучтарды жок кылуу үчүн Иранга алдын ала сокку урду», — деди Исраэль Кац.

Андан кийин АКШ президенти Дональд Трамп өзүнүн Truth социалдык тармагында 8 мүнөттүк кайрылуу жарыялап, АКШнын Иранга соккуларына түздөн-түз катышканын тастыктады.

«Америкалык аскерлер Иранда ири аскерий операция баштады. Биздин максат — Американын элин коргоо жана Иран режиминен келип жаткан түздөн-түз коркунучтарды жоюу», — деди Трамп.

Ал коркунуч - Ирандын өзөктүк программасынын уланышы жана Ирандын АКШга түздөн-түз коркунуч туудурган алыскы аралыкка атуучу ракеталарды иштеп чыгуусу экенин тактады. «Биз алардын ракеталарын жок кылабыз жана ракеталык өнөр жайын жер менен теңдейбиз», — деп билдирди Трамп.

Израилдин коргонуу күчтөрү - ЦАХАЛ билдиргендей, Израилге Иран тараптан да ракеталар атылганы аныкталды.

Иран жооп иретинде Дубай жана Дохадагы АКШга тиешелүү жайларга да сокку урганы кабарланууда.