АКШ сенаторлору шатдаунду токтотууга макул болушту

конгресс

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Окуу убактысы: 1 мүнөт

АКШ сенаторлору өлкөнүн тарыхындагы эң узакка созулган шатдаунду токтотууга мүмкүндүк берген эки партиянын ортосундагы макулдашууга жетишти. Өкмөттүн ишинде тарыхтагы эң узакка созулган тыныгуу 40 күнгө созулду.

Конгресс мамлекеттик кызматтарды каржылоо боюнча мунаса таба албагандыктан, бир айдан ашык убакыт бою АКШ өкмөтү жарым-жартылай режимде иштеп келди.

Буга чейинки рекорд 35 күндү түзүп, Дональд Трамптын президент катары биринчи мөөнөтүнө туура келип, 2019-жылдын январында аяктаган.

"Биз шатдаунду жыйынтыктоого жакындап калдык окшойт. Бул тууралуу жакында угасыңар", - деп айткан эле журналисттерге АКШнын президенти Дональд Трамп.

Сенаторлордун макулдашуусу – шатдаунду токтотууга карай жасалган биринчи кадам. Сенаттан өткөндөн кийин мыйзам долбоорун республикачылар көзөмөлдөгөн Өкүлдөр палатасы жактырып, андан кийин Трамп кол коюуга тийиш. Бул процесс бир нече күнгө созулушу ыктымал.

Шатдаунга эмне себеп болду?

Конгресс каржылоо маселесинде мунаса таба алган жок, себеби демократтар Medicaid программасын кыскартпоону жана жылдын аягында мөөнөтү бүтө турган медициналык камсыздандырууга салык жеңилдиктерин узартууну талап кылса, республикачылар бул маселеде ийге келүүдөн баш тартышкан.

Сенаттагы көпчүлүктүн лидери Жон Тюн шатдаун токтосо, демократтар декабрда медициналык субсидияларды узартуу боюнча добуш бере аларын убада кылды. Макулдашуу ошондой эле шатдаун маалында иштен бошотулган федералдык кызматчыларды жумуш ордуна кайтарууну жана аларга компенсация төлөп берүүнү караштырат.

1-октябрдан бери мамлекеттик кызматчылар жана аскер кызматкерлери акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүнө жиберилген же маяна албай иштөөгө мажбур болушкан – бул дээрлик 1,5 миллионго жакын адамды түзөт.

Федералдык кызматтардын көпчүлүк кызматкерлери белгисиз мөөнөткө акы төлөнбөгөн өргүүгө чыгышкан.

Шатдаун "жабуу" же "өчүрүү" деп которулат. Зарыл болгон жумушчулар (анын ичинде аба диспетчерлери) маяна албастан ишти уланта беришет. Буга чейин шатдаундар аяктагандан кийин кызматкерлерге маяна өткөн дата менен төлөнүп келчү.

Каржылоонун жоктугунан улам азык-түлүк жардамына (мисалы, азык-түлүккө талондор түрүндө) муктаж болгон АКШнын жашоочуларына берилген колдоо да кыскартылган.

Ушул аптада авиакомпанияларга федералдык өкмөттүн иши убактылуу токтотулган маалда тейлөөнүн көлөмүн кыскартуу керектиги айтылгандан кийин ишемби күнү АКШда 1 400дөн ашык ички жана эл аралык каттамдар токтотулган болчу. (ZMa)