Трамп өзү баштаган дүйнөлүк соода согушунан өзү утула баштадыбы?
Алексей Калмыков, Би-Би-Си

Сүрөттүн булагы, Reuters
Дональд Трамптын дүйнөлүк соода согушундагы үч айлык макулдашуусунун мөөнөтү аяктап бара жатат. Бирок анын натыйжасы АКШ президенти үчүн көңүл жубатарлык эмес. Трамп атаандаштарга жана союздаштарга деп каршы койгон кадамынын бири да ишке аша элек. Болбосо белгилеген мөөнттүн бүтөөрүнө бир айдан аз убакыт калды.
Эмнеге "чалынды"?
Акыркы эки ай Трамптын соода-сатык саясаты америкалыктарга пайдасын тийгизбей эле, тескерисинче зыянын келтирип жатканын көрсөтүүдө: азык-түлүккө баалар өсүп, дефицит азайбай, акциялар жана облигациялар арзандап, доллардын наркы түшүп жатат.
Бул кадамы менен башкаларга дагы сүр көрсөтө алган жок: бир дагы өлкө Трамптын бажы шарттарына көңүп, "багынып" жиберген жок. Трамп тарифтерди киргизгенден көп өтпөй "сүйлөшөлү деп сурангандар кезекке туруп калды" деген эле.
Корккон жок
Дональд Трамп апрель айынын башында АКШга дүйнөнүн төрт бурчунан импорттолгон товарларга жаңы бажы төлөмдөрүн киргизген, анын үч себеби бар эле. Биринчиден, импортерлордон бюджетке акча чогултуп, анын аркасы менен салыктарды азайтууну көздөгөн. Экинчиден, америкалык өнөр жайды жандандырып, кымбат бажы төлөмдөрү аркылуу чет элдик атаандаштарынан өз өндүрүшүн коргомок. Үчүнчүдөн, Американын бай рыногуна кирүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калуудан кооптонгон башка өлкөлөрдү – соода, экономикалык, саясий макулдашууга аргасыз кылууну көздөгөн.
Эбегейсиз бажы төлөмдөрү күчүнө кире элек жатып эле тык токтоду. Кескин билдирүү менен чыккан Трамп ал тарифтерди 90 күнгө жылдырганга аргасыз болгон. Анткени америкалык ишкерлер жана финансисттер мындай кадам кризиске кептээрин бир ооздон айтып чыкты. Инвесторлордун бир бөлүгү болсо АКШдан каражаттарын чыгара башташкан.
Күтүлгөндөй эле доллардын наркы өспөй, тескерисинче арзандай баштаган. Дүйнө жүзүндө доллардын баасынын арзандашы жана америкалык экономикалык жана финансылык гегемониянын "күнү бүтүп" бара жаткандыгы тууралуу сөздөр боло баштаган.
Ал арада Ак үй баарын жоошутканга аракет кылган. Трамп бажы төлөмдөрүн жогорулатам деп коркутуп-үркүткөнү чынында президенттин сүйлөшүү тактикасы экенин, дүйнөлүк сооданы жок кылууну көздөбөгөнүн айтышкан.
Анын тарапташтары Трамптын келишимге ыктоодо канчалык чебер экенин белгилешкен. Анын мындай агрессивдик сүйлөшүү тактикасы АКШнын бардык соода өнөктөштөрүн "чегинүүгө" мажбурлаарын айткан эле.
Ак үй 90 күндүк тыныгуу арасында 90 келишимди убада кылган эле.
Арадан 60 күн өттү, болбосо Улуу Британия менен гана макулдашылды. Азырынча алдын ала сүйлөшүлдү, эгер ага кол коюлбаса, анда эч кандай келишим түзүлгөн жок десе болот.
Башка өнөктөштөр сүйлөшүүлөрдү баштады, бирок алардын жүрүшүндө Трамптын убадалаганы анчалык коркунучтуу эмес экени айкын болду.
Себеби Трамп өзүнүн соода согушунда эки оор жеңилүүгө учурады. Бири кытай фронтунда. Экинчиси өз тарабынан – анын тарифтик башаламан саясатына каршы чыккан америкалыктардын тобу пайда болду.
Трамптын Кытай менен эрегиши

Сүрөттүн булагы, Reuters
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Трамп башка бир нече фронтто соода согушун токтото туруп, Кытай багытына катуу киришкен. Ал АКШнын башкы аскердик жана экономикалык атаандашына 145% бажы төлөмдөрдү киргизип жиберип нес кылганга үлгүрдү. Ошондой эле Бээжинге кайрылып, соода согушу боюнча "багынып берүүнүн" шарттарын макулдашып, Вашингтонго кол коюу үчүн атайын делегация жөнөтүүсүн талап кылган.
Кытайдын төрагасы чалбады, күтүлгөн делегация дагы келбеди. Бээжиндин бийлиги, тескерисинче кескин жооп кайтарды. Алар дагы америкалык товарларга бажы төлөмдөрдү кескин көтөрүп, сейрек кездешүүчү металлдардын экспорттун чектеп салды. Тирешүү туюкка кептелип, дүйнөнүн эң ири эки экономикасынын ортосундагы соода-сатык алакалары токтоп калды. Мунун соңу Пекиндин жеңиши менен аяктагандай таасир калтырган жокпу?
"Биз бул тирешүүдө биринчи болуп көзүбүздү ирмеп жибердик", – деди АКШнын Соода департаментинин мурдагы кызматкери Билл Райнш.
Кытай коркутуп-үркүтүүлөр менен коштолгон сүйлөшүүлөргө макул болгон жок. Трамп акыры алардын үч негизги шартын аткарууга мажбур болду: чектөөчү бажы төлөмдөрдү алып салуу, бейтарап аймакта жолугушу жана Кытай бийлигине каршы кескин билдирүүлөрдү токтотуу.
Трамп унчукпай турганда, анын министрлери май айында Женевада кытайлык делегация менен жолугуп, 90 күндүк элдешүүгө кол алышкан. Трамп тарифтерди 145% дан 30% га чейин түшүрсө, Кытай бийлиги дагы ошондой эле түшүрүп, сейрек кездешүүчү металлдарга болгон чектөөнү токтоткон.
"Биз аларга көп жагынан жеңилдиктерге бардык", – деди Билл Райнш.
Бирок бул элдешүү дагы талаштуу болуп калды. Трамп Кытайга компьютердик программаларды сатууну чектеп, АКШдагы кытайлык студенттер үчүн визаларды "агрессивдүү түрдө" жокко чыгарууну убадалаган. Кытай бийлиги жооп иретинде сейрек металлдарга экспортту чектөөсүн токтотууну ооздуктатып койду.
Тирешүү күчөп, Трамп өткөн аптада Си Цзиньпинди келишимден баш тартты деп айыптады. Бээжин тарап ал айыптоолорду өзүнө каршы кайтарганда, Трамп кайрадан биринчи кадамга барды. Жума күнү ал Си Цзиньпинге чалып, аны менен бир жарым саат соода-сатык алакаларын талкуулады. Телефондук сүйлөшүү бири-бирин конокко чакыруу менен аяктап. Ошондой эле Трамп визаларды жокко чыгаруу боюнча оюн өзгөрткөнүн Кытайдын ЖМКлары жазып чыкты.
Трамп кытай багытындагы "соода согушун" ооздуктай туруп, европалык фронтко өткөн. Ал Евробиримдикке каршы "чабуулун" баштап, ал жактан келген товарларга 1-июндан баштап 50% тариф киргизүү планы менен коркуткан.
Еврокомиссия бул жаатта иш-аракеттерин тездетээрин билдирген соң, Трамп мурункудай кескин билдирүүлөрүн токтотуп, жылуу-жумшак сүйлөп калган.
Трамп айтып оозун жыйганча эле арадан үч күн өтпөй Трампка каршы күтүлбөгөн жерден чоң сокку урулду. Бул сокку сыртан эмес, Кошмо Штаттарынын өзүнөн урулду.
Мыйзамсыз кабыл алынган тарифтер

Сүрөттүн булагы, EPA
АКШнын Эл аралык соода боюнча федералдык соту Трамп глобалдык тариф саясатында өз ыйгарым укуктарынан аша чапкан деп таап, аны бөгөттөө тууралуу чечим чыгарды.
Үч судьядан турган коллегиянын чечиминде 1977-жылдагы Өзгчөчө кырдаалдагы экономикалык ыйгарым укуктар (IEEPA) тууралуу Трамп шилтеме кылган мыйзам ага дүйнө өлкөлөрүнө тариф киргизүүгө укук бербеси жазылган.
Дал ушул IEEPA мыйзамы Трамптын дүйнөлүк соода согушунун негизги куралы эле. Ал өзгөчө кырдаалды жарыялап, соода өнөктөштөрүнө жаңы бажы төлөмдөрүн киргизип жаткан.
Эми ал Мексика менен Канадага 25%, Кытайга 10% өлчөмүндө киргизген бажы алымдары мыйзамсыз деп табылды.
IEEPA мыйзамы аркылуу Трамп Конгрессти, бизнес секторду же коомдук пикирди эске албастан, санкцияларды дароо киргизчү. Ошонусу менен ал мыйзам президентке жакчу.
Бирок сот АКШнын Конституциясы башка мамлекеттер менен соода-сатык алака-катышты жүргүзүү укугун Конгресске гана бергенин, экономиканы коргоо президенттик ыйгарым укугу эмес экенин билдирди.
"Трамптын администрациясы өлкөнүн тышкы саясий санкциялар мыйзамын универсалдуу куралга айлантты. Буга чейин бир дагы президент IEEPA мыйзамын союздаштарга жана соода өнөктөштөрүнө ири тарифтерди киргизүү үчүн колдонгон эмес", – деди Cato Institute уюмунун экспертти Жин Хили.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Соттун чечими азырынча күчүнө кирелек, анткени ал чыгар замат Трамптын администрациясы ага каршы аппеляциялык арыз жазган. Бул иш акыры Жогорку Сотко чейин жетиши мүмкүн.
"Өз ичинен" мындай сокку ансыз деле чоң залакасын тийгизеерин ачык-айкын. Өз өлкөсүнүн соту тарифтерди мыйзамсыз деп тапкандан кийин, Трамп сүйлөшүүлөрдү өзүнө ылайыктуу позициядан жүргүзүүсү кыйын болоорун экспеттер белгилешет.
"Америкалык соттор акыры Трамптын өзгөчө кырдаал шылтоосу менен киргизген тариф саясатын түп-тамырынан бери өзгөртүп, анын мындай иш-аракеттерин чектеше мүмкүн деп чет элдиктер кыйыр көз салууда", – деп тышкы байланыштар боюнча америкалык кеңешменин (Council on Foreign Relations) эксперти Брэд Сетсер жазды.
Трамп согуш саясатына байланыштуу чулгандуу ар бир билдирүүдөн кийин, кайра чегинип калган жайы бар. Муну эске алуу менен соода согушунун эртенки күнү туңгуякка кептелгендей.
"Трамп азыр ар дайым чегинүүгө даяр репутацияга ээ болуп калды, ал эми дүйнөнүн төрт бурчунда анын соода согушундагы "эң башкы куралынан" ажырап калаарын байкашууда", – деди Сетсер.
Соода согушунун убактылуу жыйынтыгы
Трамптын азыркы тапта чегинүүгө эч кандай ниети жок. Ал баштаган соода жаңжалы азырынча өлкөнүн экономикасына залакасын тийгизип, АКШнын союздаштары жана негизги соода өнөктөштөрү менен мамилесин чыңалтты. Жаңы тарифтер ал убадалаган дивиденддерди дагы алып келген жок – Трамптын администрациясы кийинчерээк пайдасын алып келээрин айтышууда.
Ушул аптада Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюму (OECD) тарифтик чектөөлөр дүйнө жүзүн жакырчылыкка жакындатаарын эскерткен. Ал эми анын кесепетин эң көп АКШ тартаарын билдирген.
OECD глобалдык экономикалык өнүгүүнү 3,1%дан 2,9%га чейин түшөөрүн божомолдосо, ал эми Американыкын – 2,2%дан 1,6%га чейин төмөндөткөн.
Бул багыттагы иштер араңдан-зорго кетип бараткандай. Алдын ала статистикага ылайык, АКШ экономикасынын өсүшү токтоп, COVID кризисинен бери биринчи жолу төмөн көрсөткүчтү көргөзгөн.
Ишканалар кызматтарына жана продукцияларына бааларды көтөрүп, сатып алуучулардын кирешесин кыскартып жатат.
Эгерде Жогорку сот төмөнкү инстанциядагы соттордун чечимдерин жокко чыгарып салбасале жаңы тарифтердин алкагында бюджетке чогулган каражаттар кайра кайтарылышы мүмкүн.
Трамп баштаган соода согушунун башкы максаттарынын бири дагы ишке ашалек. Тарифтик кирешелер күмөн жаратып, ишканалар өсүп-өнүкпөй эле нааразы болууда. Ал эми өлкөнүн соода өнөктөштөрү сүйлөөшүү учурунда эк кандай эпке келбей жатат.
"Трамп администрациясынын соода саясатындагы ыкмасы дагы эле үрөй учуруучу жана коркунучтуу. Баардык тарапты туңгуякка кептеди. Андай кырдаалды эч кандай соода келишими чечалбайт, анткени АКШ бийлиги аларды бир тараптуу бузуп салбайт деген кепилдик жок", – деди ECIPE изилдөө борборунун эксперти Дэвид Хениг. (КВ)





























