Россия 9-майда Одессаны бомбалады. Акыркы сокку Москвадагы майрамдык салюттан кийин урулду ФОТО

9-майдын кечинде Москвада жана башка орус шаарларында майрамдык салюттар атылып жаткан чакта, Украинадагы Одесса шаарына ракеталык сокку урулду. Андан бир адам каза тапты. Адам өлүмүнө алып келген бул ракеталык соккунун алдында дагы бир абадан чабуул орун алып, ал Одессага Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишель келген маалга туш келди.
10-майдын таңында Өзгөчө кырдаалдар боюнча Украинанын мамлекеттик кызматы жана Одессанын шаардык кеңеши ракеталык соккулардын кесепети тууралуу сүрөттөрдү жарыялады.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы
Куткаруучулар 22:35те алгачкы ракета Одесса районундагы Фонтанка айылындагы көңүл ачуучу жайга келип түшкөнүн айтып жатышат.
Дагы үч ракета Суворов районундагы кампалардын үстүнө түшкөн. Андан бир адам мерт кетип, экөө жарадар болгон. Ал эми Фонтанкада үч киши жараат алганы тастыкталды.
Ракетадан кийинки өрттү түнкү саат бирден өтүп араң өчүрүшкөн.

Сүрөттүн булагы, THE STATE EMERGENCY SERVICE OF UKRAIN
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн "Юг" ыкчам башкаруусу орус аскерлери Одессага авиациядан сокку урганын айтып жатышат. Алардын маалыматына караганда баш-аягы жети ракета Украинаны көздөй кое берилген.
Украин аскерлери ракеталар соода үйү жана кампалардын үстүнө түшүп жатканынан улам бул эскирген ракеталар болушу мүмкүн, ошондуктан алар бутага жетпей түшкөн деп болжоп жатышат.
Ошондой эле украин тарап мындай жарандык инфраструктурага болгон "айкырык кол салуу" жөн гана психологиялык басым үчүн жасалашы мүмкүн деген пикирде.

Сүрөттүн булагы, THE STATE EMERGENCY SERVICE OF UKRAINE
Россиянын Коргоонуу министрлиги февралдан бери алар жалаң гана аскердик объектилерди жана Украина үчүн согушканы келишкен чет элдик жарандарды гана бутага аларын айтып келет.
Орус аскерлери Одессага болгон түнкү кол салуу боюнча комментарий беришкен эмес. Бирок орус тарап бүгүн эртең менен Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн "Юг" ыкчам командасы тараткан маалыматты тастыкташты. Ал маалыматта орус тарап жогорку таамайлыктагы "Оникс" ракеталарын колдонгону айтылат.
Орус аскерлери Одессадагы Арциз аймагында жайгашкан украиналык тик учактарды бутага алган деген ойдо.

Сүрөттүн булагы, T.ME/ODESACITYOFFICIAL
9-майда "Юг" командачылыгы Одессага түндөгү чабуулга чейин, күндүз дагы башка чабуул болгонун маалымдайт. Бул жолу алыска иштеген Ту-22 борбардири үч "Кинжал" ракеталарын чыгарган. Россиянын Коргоонуу министрлиги бул маалыматка комментарий берген жок.
Бул маалда шаарда Европа кеңешинин төрагасы болгон.
"Орус ракеталары Одессага дээрлик күн сайын атылат, мына бүгүн дагы Шарль Мишельдин сапары маалында ракета атылды", - деп жазды өзүнүн телеграм каналында украин премьер-министри Денис Шмыгаль.
Бомбалоо убагында Мишель жана Шмыгаль жер төлөдө баш калкалашкан.
Орус аскерлери Одессаны буга чейин Пасха майрамында да аткылап, анда канаттуу жети ракета атылган. Алардын экөө көп кабаттуу үйлөргө туура келген. Анда үч айлык кыз, анын апасы жана чоң энеси каза тапкан. Алардын өлүмү ММКларда чоң резонанс жараткан. (EK)





























