Мэрия: Жарамазан айтууну кайырчылыкка айлантпоо керек

Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева

Сүрөттүн булагы, meriya.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева коомдук жана тамактануучу жайларда жарамазан айтып жүргөн балдардын коопсуздугу боюнча жыйын өткөрдү.

Шаар мэриясынын маалыматында өспүрүмдөрдүн кечки жана түнкү убакта ата-энелеринин коштоосу жок коомдук жайларда жүрүшүнө байланыштуу көзөмөлдү күчөтүү жана аларды киргизген кафе-ресторандардыни жоопкерчилигин жогорулатуу маселелери көтөрүлдү.

Ошондой эле тамактануучу жайларга жарамазан айткан балдарды киргизген учурлар аныкталган учурда мекемеге мыйзам чегинде чара көрүлөрү белгиленди.

«Акыркы учурда балдардын жарамазан айтып, көңүл ачуучу жайларга барышы, автоунаа жолдорунда жана жол кесилиштеринде жүрүшү көбөйдү. Бул алардын коопсуздугуна коркунуч жаратат. Ошондой эле балдардын QR-код аркылуу акча которууну өжөрлүк менен сураган учурлар катталууда. Биз салт-санаабызды жана маданий мурастарыбызды урматтайбыз, бирок жарамазан кайырчылыкка айланбашы керек. Балдардын коопсуздугу биринчи орунда турушу зарыл. Ата-энелерди балдарынын көзөмөлсүз көчөдө жүрүшүнө жол бербөөгө чакырабыз», — деп баса белгиледи вице-мэр.

Кеңешменин жыйынтыгында райондук акимчиликтерге жашы жете электер менен иштөө инспекциялары жана патрулдук кызматкерлердин катышуусунда биргелешкен рейддерди уюштуруу тапшырылды.

Бишкек мэриясы жүргүзүлүп жаткан иштер, биринчи кезекте, балдардын укуктарын, саламаттыгын жана коопсуздугун коргоого багытталганын белгилеп, ата-энелерди алардын кечки жана түнкү убактагы жүргөн жерине өзгөчө көңүл бурууга чакырды.