Чарчап калган төрт айлык наристе: ымыркай сатууга шектүү тууралуу эмне белгилүү?

Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Ымыркай качан, кантип, кимдер аркылуу багып алган аялга жеткени толук ачыктала элек

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Укук коргоо органдары тарабынан ымыркайды сатууга шектүү кармалды. Бул кабар балдардын коопсуздугу деген маселени кабыргасынан коюп, сатылып кеткен дагы башка ымыркайлар жокпу деген беймаза суроону козгоду.

Шектелип жаткан акушер-гинеколог жеке клиниканын кызматкери болгон,- деди Би-Би-Сиге Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Раиса Асылбашова.

Айтымында, анын мамлекеттик медициналык мекемелерге эч кандай тиешеси болгон эмес.

“Ал медицина тармагында кырк жылдай иштеген акушер-гинеколог. Ким экени бизге белгилүү, бирок тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн ачыктай албайм. Учурда канча жыл мамлекетте, канча жыл жеке менчик клиникада иштегенин тактап жатабыз. Бирок окуя мамлекеттик эмес, жеке клиникада катталып жатат”,- деди ал.

Иштин чоо-жайы...

Кыргызстан балдар укугун коргоо боюнча конвенцияга кол койгон

Сүрөттүн булагы, Getty Images

11-апрелде Октябрь райондук ИИБнын Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин “Бала сатуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Шектүү катары Бишкектеги клиникалардын биринин мурдагы кызматкери, 61 жаштагы акушер-гинеколог кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кармалган дарыгер башка адамдар менен сүйлөшүп алып, бала сатууну уюштуруп, өзгөчө оор кылмыш жасаган деп айтылууда.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Прокуратура тараткан маалыматка караганда, 8-апрелде С.Н. атуу жаран багып алган төрт айлык ымыркай кызга документ алуу үчүн Октябрь районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгына кайрылган.

Ымыркайдын өздүгүн аныктоочу документ жок болгондугуна байланыштуу социалдык башкармалыктын кызматкерлери милицияга кабар берген.

Октябрь районунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери социалдык кызматкерлер менен бирге баланы Бишкектеги балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борборуна тапшырган.

“Баланын бакубат жашоосуна, жаңы төрөлгөн баланы өзгөчө кароо зарылдыгы сыяктуу ачык факторлорго карабастан, бала төрт айдан бери белгилүү бир адамдын камкордугунда болгондугун эске албастан, багып алган аялдын эркине каршы ымыркайды тартып алышып, жогоруда көрсөтүлгөн реабилитациялоо борборуна беришкен”,- деп айтылат прокуратуранын маалыматында.

Тилекке каршы 12-апрелде ымыркай чарчап калган. Прокуратура органдары текшерип, реабилитациялоо борборунун медициналык кызматкерлери ишине шалаакы мамиле жасагандыгынын кесепети деген жыйынтык чыгарган.

Бул факты боюнча, Октябрь РИИБнын, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, Бишкектеги балдарды реабилитациялоо жана колдоо борборунун жооптуу кызмат адамдарынын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин “Шалаакылык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Учурда кылмыш иш боюнча тергөө амалдары УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан жүргүзүлүүдө.

Балдарды реабилитациялоо борбору эмне дейт?

Ымыркайдын чыныгы ата-энеси ким болду экен деп суроо салгандар арбын

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Бишкектеги балдарды реабилитациялоо жана колдоо борбору берген маалыматка караганда, ымыркай 8-апрелде кечки саат 19:40 чамасында келген. Аны алып келген милиция менен социалдык кызматкер ымыркайдын эч кандай документи жок экенин, териштирүү иштери аяктаганга чейин ал борбордун кароосунда болоорун айткан.

“Милиция кызматкерлери багып жүргөн аялды балага киргизбегиле. Ал анын энеси эмес дешти. Бала келгенде абалы канааттандырарлык болчу. Температурасы жок, тамак ичкени жакшы, уйкусу деле кадимкидей болчу. Аны 12-апрелде толук текшерүүдөн өткөрүү пландалган. Бирок ага жетпей чарчап калды”,- деди мекеменин социалдык кызматкери Айнура Токтогонова.

Ал 11-апрель күнү тергөөчү баланы багып жаткан аял менен бирге келип, аны көрүп кеткенин айтат.

“12-апрелде эртең менен медайым бала кубарып калганын байкаган. Дароо дарыгерлерди чакырып келип, биринчи жардам көрсөтүп, ошол эле учурда тез жардам унаасын чакырдык. Тез жардам 11 мүнөттүн ичинде келип калды, бирок ымыркайды куткарып калганга мүмкүн болгон жок. Бала чарчап калгандан кийин тиешелүү органдардан келишти. Ошол жерде милиция кызматкерлери бала сатылып алынган деп айтышты. Өлүмдүн себеби боюнча экспертиза иш алып барып жатат”,- деп кошумчалады.

Токтогонова учурда борборду Саламаттык сактоо министрлиги текшерүүгө алып жатканын айтты. Бирок прокуратуранын “Шалаакылык” беренеси боюнча кылмыш ишин козголгону тууралуу расмий чакыруу келе элек деди.

Бала сатуу фактысы Кыргызстанда биринчи жолу катталып жаткан жок. Мындай учурлар маал-маалы менен ачыкка чыгып, кылмыш иши козголгон учурлар бар. Айрыкча 2018-жылы кылмышка шектүү катары дарыгерлердин тобу кармалганы элди дүрбөлөңгө салып, коомдо кызуу талкуу жараткан. Алар Бишкектеги №1 жана № 18- үй бүлөлүк медициналык борборлорунун кызматкерлери болгон.

Кыргызстандын мыйзамдарында, Үй-бүлө жана балдар тууралуу кодекстеринде балдардын укуктарын коргоо, алардын өнүгүп-өсүүсү үчүн зарыл шарттарды түзүү тууралуу так жазылган.

Юристтердин айтымында, Кылмыш жана жаза кодексинин “Адам сатуу” беренеси менен айыпталгандардын жазасы бир канча квалификация менен аныкталат жана кылмыштын оордугуна карата 5 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылат.