Украина: Байден Путин менен саммит өткөрүүгө негизинен макул

Сүрөттүн булагы, MAXAR VIA REUTERS
АКШнын президенти Жо Байден Украинада жаралган кризисти талкуулоо үчүн Орусиянын президенти Владимир Путин менен саммит өткөрүүгө “негизинен” макул экенин билдирди.
Ак үйдөн билдиришкендей, Франция тарабынан сунушталган саммит эгерде Орусия кошунасына кол салбаса гана ишке ашмакчы.
Бул сүйлөшүүлөр Европадагы соңку он жылдагы эң курч коопсуздук кризисине ыктымал дипломатиялык чечим табууну көздөйт.
АКШнын расмийлеринин айтымында, алардын маалыматы боюнча Орусия аскердик операцияны баштоого даяр турат. Мындай маалыматты Москва четке кагууда.
Ал сунуш тууралуу Франциянын президенти жар салды. Президенттер Эммануэль Макрон менен Путин эки жолу телефон аркылуу сүйлөшүп, ал жалпысынан үч саатка созулган.
Андан кийинки Макрон менен Байдендин 15 мүнөттүк сүйлөшүүсү Москва убактысы менен дүйшөмбү күнү таң эрте болуп өткөн.
Франция президентинин администрациясынан кабарлашкандай, ыктымал саммиттин деталдары АКШнын мамкатчысы Энтони Блинкен менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун бейшембидеги жолугушуусунда талкууланмакчы.
Ошондой эле Ак үйдөн билдиришкендей, Орусия “жакын арада Украинага толук кандуу чабуул коюуга даярдык көрүүнү улантып” жаткандай болууда жана эгерде ал ишке ашып кетчү болсо, анда АКШ “ыкчам жана катаал санкцияларды” киргизүүгө даяр турат.
АКШнын Максар (Maxar) компаниясы маалымдагандай, спутниктен тартылган жаңы сүрөттөрдөн Украинанын чек арасына жакын аймактарда Орусиянын гарнизондорунан жаңы аскердик жабдуулар жана күчтөр тартылып жатканын көрүүгө болот. Бул аскердик даярдык күчөтүлүп жатканынан кабар берет.

Байдендин администрациясынын божомолу боюнча, Орусия Украинанын айланасына 190 миңдей аскерин алып келип жайгаштырган.
Макрон менен болгон биринчи телефон сүйлөшүүдө Путин кризисти жөнгө салуу үчүн “дипломатиялык чечимге басым жасоо” муктаждыгы бар экенине макул болгонун кабарлашты Франциянын президенттик администрациясынан.
Кремлден билдиришкендей, Путин кырдаалды курчутуп жатат деп Украинанын аскердик күчтөрүн айыптаган. Мындай билдирүүнү Украина четке кагып, Москва бастырып кирүү үчүн шылтоо издеп, провокациялык өнөктүккө аралашып жатканын айтты.
Бирок Франциянын президенти эки тараптын лидерлери тең “Нормандия форматында” сүйлөшүү жүргүзүүгө макул болгонун билдирди. Ал Донбастагы жаңжалды чечүү үчүн Орусия, Украина, Франция жана Германия кирген топ.
Британиянын премьер-министри Борис Жонсондун айтымында, Путиндин Макрондун алдындагы милдеттенмелери “жакшы жышаан”. Бирок Жонсон Путинди “азыркы коркутууларын токтотуп, Украинанын чек арасынан аскерлерин артка тартууга” чакырды.
Мурдараак Орусия Беларуста аскердик машыгуулардын мөөнөтү узарганын жар салган. Ага 30 миң орус аскери тартылып, машыгуулар жекшембиде аякташы керек болчу. Машыгууларды узартууга бир себеп катары Беларус Украинанын чыгышында “кырдаалды курчутууну” айыптаган.
CNN телеканалында сүйлөп жатып, АКШнын мамкатчысы Блинкен “биз көрүп жаткандын баары өтө олутуу” жана “биз кол салуунун босогосунда турабыз” деп билдирди.
“Танктар кыймылга келип, учактар ордунан козголгонго чейин дипломатия президент Путинди аны ишке ашырбоосу үчүн биз бардык мүмкүнчүлүктү жана колубузда болгон ар бир мүнөттү колдонобуз”, — деп кошумчалады ал.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
CBS News телеканалы маалымдагандай, АКШда Орусиянын командирлери бастырып кирүү боюнча жеринде буйрук алганы жана кол салуу боюнча так-даана согуш планын түзүп жатканы боюнча маалымат болгон.
Кабарда айтылгандай, бастырып кирүү кибер чабуул менен башталып, ракета жана учактар менен кол салуу уланмак. Ага чейин болсо жердеги аскердик бөлүктөр борбор Киевди алууга аракет кылмак.
Аты-жөнү айтылбаган чалгын кызматкери CNN телеканалына айткандай, Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн болжолдуу 75% учурда Украинанын чек арасында турушат. Булактын айтымында, орус күчтөрүнүн Украинага өтө жакын жайгашканы адаттан тыш көрүнүш.
Бирок Украинанын коргоо министри Алексей Резников билдиргендей, “эртеңби же бүрсүгүнүбү” чабуул ыктымалдыгы төмөн, анткени Орусиянын “чабуул топтору” азырынча Украинанын чек арасына жакын аймакка келе элек.
Дагы башка соңку маалыматтар:
- Жекшембиде эки украин аскери каза болгондон кийин козголоңчулар менен өкмөттүк күчтөр ок атышуу келишимин бузду деп бирин-бири айыпташты
- Бир нече миллион калктын арасынан миңдеген жарандар сепаратисттер көзөмөлдөгөн аймактардан Орусияга эвакуацияланууда, ал эми согушка жарамдуу жашы жеткен эркек балдар мобилизацияланып жатат
- АКШнын Москвадагы элчилиги америкалыктарды Орусиянын коомдук жайларында, андан тышкары Украина менен чек арасы жакта чабуул ыктымалдыгы жөнүндө эскертти
Путин НАТОдон Украинаны мүчөлүккө кабыл албоо боюнча кепилдиктерди талап кылып келатат. Ал эми Батыш альянсы мындай кадам Орусияга эч кандай коркунуч туудурбай турганын айтууда.
Орусиянын аскердик кийлигишүүсүнүн натыйжасында 2014-жылдан берки жаңжалдан дагы катуураак кандуу согуш башталып кетет деген коркунуч бар. (EA)





























