"Жети ай жер төлөдө кармашты". УКМКдан ыдык көргөнүн айткандардын иши каралабы?

Сүрөттүн булагы, courtesy

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жеке пикири үчүн кармалып, кыйноого кабылганын айткан саясатчы, акын жана журналист
    • Author, Айдай Аманкулова
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын кабарчысы
  • Окуу убактысы: 7 мүнөт

Акын Аскат Жетиген, журналист Куттумидин Базаркулов жана саясатчы Султанбай Айжигитов. Бул үч адамды бириктирген жалпылык - алардын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлеринен ыдык, кордук жана кыйноо көргөнү тууралуу билдирүүлөрү.

Бүгүнкү күндө кармоо жана камоо маалында күч түзүмдөрүнүн басым - кысымына туш болгонун айткан Кыргызстандагы бир катар жарандар Аскердик прокуратурага арыз менен кайрылышууда.

Укук коргоочулар жана журналисттер жеке пикири үчүн камалгандардын иштерин кайра карап чыгууну жана аларды толук актоону талап кылышууда.

Бул макалада биз атайын кызматтын кыйноосуна кабылдык деген Аскат Жетиген, Куттумидин Базаркулов жана Султанбай Айжигитовдун окуяларын, аларга коюлган расмий айыптарды жана адилеттик издеген аракеттеринин чоо-жайын талдайбыз.

Алар тууралуу маалыматтарды кезинде УКМК четке каккан же жөн гана үн катпай коюуну туура көргөн.

"Бир саатка жакын ток менен кыйнашкан"

Сүрөттүн булагы, courtesy

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аскат Жетиген Фейсбуктагы пикири үчүн үч жылга соттолгон

Акын жана композитор Аскат Жетиген 2024-жылы 1-июлда "бийликти басып алууга чакырык жасоо" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, үч жылга соттолгон. Кийинки инстанциялар өкүмдү күчүндө калтырган. Акын айыптоолорду четке кагып келет.

Аскат Жетиген сот отурумдарынын биринде көрсөтмө берип жатып, УКМК кызматкерлери анын башына баштык кийгизип, кыйноого алганын билдирген:

"Кыйноо УКМКда болгон. Дагы бир жолу угуп алыңыздар. УКМКнын шаардык мекемесинде бир саатка жакын ток менен кыйнашкан".

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Убагында атайын кызмат бул боюнча түшүндүрмө берген эмес.

Бул арада өнөр адамдары Аскат Жетигенди актоону, түрмөдөн тез арада чыгарууну өтүнүшүүдө. Алар өлкө жетекчилигине кайрылуу жолдоого камданышууда.

"Коррупция менен киргендер чыгып жатат. Ага караганда Аскат Жетиген кылмышкер эмес го. Жакшы эле отурду, чыгарыш керек деп ойлойм", - деди музыкант Нурболот Өмүркулов.

Акындын агасы Рысбек Жетиген да иниси акталса деген тилекте. Ал ата-энесинин абалы оор экенин, уулун чыдамсыздык менен күтүп жатышканын айтат:

"Аскатты камашкан маалда атама видео аркылуу байланышка чыккам. Кабарды укканда атам жерге кулап калды. Апам дарыгер, ага биринчи медициналык жардам көрсөттү. Аскат камалардан мурун кичүү иним жол кырсыгына кабылып, көзү өтүп кеткен. Ата-энебиз анын да күйүтүн тартып отурат. Биздин жашоо ушундай. Ата-энебизге күчтүү соккулар болду".

Аскат Жетиген - акын жана композитор. Убагында "Ордо Сахна" фольклордук ансамблинин жетекчиси болгон. Акын азыркы бийликтин саясатын сындап келген. Түз эфирде сөгүнгөн учурлары бар. Бул үчүн кийин элден кечирим сураган.

Азыр акын Молдовановкадагы №27 абакта жазасын өтөөдө. Чечим өзгөрбөсө, быйыл августта эркиндикке чыгат.

"Мен жолугушууга барганда ырдап берет. Байке, дагы укмуш чыгармалар жаралып жатат деп айтты. Түрмөдөн чыккандан кийин чоң концерт берем деп жатат. Көп чыгармалары жарыкка чыкты", -дейт агасы.

Анткен менен учурда жазасын өтөп жаткан Аскат Жетиген абакта да кыйноого дуушар болуп жатканын билдирүүдө. Анын абактагы туура эмес иштер тууралуу катын 3-мартта адвокат Нурбек Токтакунов таратты. Катта акын ушул күндөрү айып изоляторуна киргизилгенин, буга төрт күн мурун Акыйкатчынын өкүлдөрү барганда абактагылардын укуктары одондо түрдө бузулуп жатканын айтканы себеп болгонун жазган.

Ал мекемеде аёосуз ур-токмокко алуу, ар-намыска байма-бай шек келтирүү сыяктуу маалыматты ачык айткандар сабалып, бир нече күнгө изоляторго камалып, ар кандай жумуштарды кылууга мажбурланып, кыйноого алынарын белгилеген.

"Учурда ШИЗОдомун. Түшкү тамактанууга чыкпай, бир сааттан ашык сейилдөөчү бөлмөдө жаанда турдум", - деп жазган Аскат Жетиген.

Адвокат Нурбек Токтакунов акын айып изоляторуна эмне себептен киргизилгенин түшүндүрүп берүү талабы менен №27 абактын жетекчилигине кат жолдоду.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы катта айтылган билдирүүлөрдүн баарын төгүндөп, акын Аскат Жетиген эрежеге моюн сунбаганы үчүн айып изоляторуна киргизилгенин кабарлады.

"Мекеменин администрациясынын мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө чакыруу менен мекеменин ички тартибин одоно бузгандыгы, ошондой эле сактабагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 118-беренесинин негизинде, мекеменин башчысынын токтому менен А.Жетиген уулуна карата 15 суткалык мөөнөткө айып изоляторуна камоо түрүндө тартиптик жаза чарасы колдонулган", деп айтылат мекеме тараткан маалыматта.

"Жети ай жер төлөдө кармашты"

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Журналист Куттумидин Базаркулов камакта жатканда кыйноого кабылганы үчүн Аскердик прокуратурага арыз жазды

57 жаштагы Куттумидин Базаркулов 2021-жылы ноябрда "Кызматынан кыянат пайдаланууга айыпталып кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ал 2015-жылы Жалал-Абад облустук телерадиокомпаниясын жетектеп турганда сапатсыз техника сатып алганын жана мамлекетке үч миллион сомдон ашуун зыян келтиргенин маалымдаган. Бирок журналист бул жөн гана шылтоо болгонун, бийликти сындаган билдирүүлөрү үчүн куугунтукталганын айтып келет.

"Мага биринчи "Башаламандык" беренеси менен айып коюшту. Анан коррупция, алдамчылык, анан кыянаттык кошулду. Кийин үчөөнү алып салышты. Себеби мага каршы эч нерсе таба алышкан жок, анан кызматынан кыянат пайдаланган деген шылтоо менен Жалал-Абадга алып барып камашты", -дейт Куттумидин Базаркулов.

Журналист тергөөчүлөр аны коркунучтуу кылмышкердей автоматчан бир нече адамдын коштоосунда алып кеткенин айтат. Ал күндөрдү эстегенде аялы Жамиля Сыдыкованын көзүнөн жаш тегеренет:

"Үч күн тамак ичкен жокпуз, уктаган жокпуз. Көзү көрүнбөй, шишип, жашылданып турганда өлтүрүп коюшабы деп жаман абалда болдук".

Ал жети ай камалып турган. Куттумидин Базаркуловдун билдиришинче, бул аралыкта оор психологиялык кысымга туш болгон:

"Убактылуу кармоо жайына, анан эмнегедир түрмөгө алып барып туруп, мени көп жыл соттолгондордун арасында кармашты. Жалгыз отурчу камерада он күн болдум. Мени стресс абалына кептегилери келишти. Бир күнү эшикке чыгарышкан. Кайра киргизишкенде камеранын ичине жип таштап коюшуптур. Мен жипти көзүмө көрүнбөгөндөй кылып тээп салдым. Жети ай жер төлөдө кармап турушту".

Камакта отурганда ден соолугунан ажырап, кант диабети өтүшүп, аз жерден бутунан ажырап кала жаздаганын айтат:

"Бутуңду кесебиз дешти. Мен болбой койдум. Өзүмдү карап, күн сайын чуркап жатып, ошол абалдан чыгып кеттим. Мен түрмөдө жатканда 30 килограммдай салмак таштадым".

Сот аны айыптуу деп таап, бирок кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткендиктен бошотконун белгилейт:

"Соттор иштин мөөнөтү өтүп кеткен, бирок 3 миллион сомдон ашык каражатты куссун деген өкүм чыгарды. Мен күнөөлүү эмесмин, куспайм дедим".

"Базаркулов бийликтеги соңку саясий өзгөрүүлөрдөн кийин кыйноо фактыларын иликтөө өтүнүчү менен Аскердик прокуратурага жана президентке арыз менен кайрылды.

"УКМКнын имаратына жеткенде бутум баспай калды"

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мурдагы депутат Султанбай Айжигитов УКМК кызматкерлери кармоо учурунда күч колдонгонун айтып, Аскердик прокуратурага кайрадан арызданат

67 жаштагы Султанбай Айжигитов өзүн бийликтин куугунтугуна кабылган саясатчылардын бири катары эсептейт.

Ал былтыр Жогорку Кеңеште чек ара боюнча билдирүү жасагандан кийин "Ыйман Нуру" фракциясынан чыгарылган. Көп узабай, УКМКнын ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиев парламентте сөз сүйлөп, Айжигитов мандатынан ажыратыларын кыйыткан.

"Сиз 2017-жылы бир баланы уруп коюп, бир туугандарыңыз жалаң сот системасында иштейт экен, алар "бейбаштык" деген беренени өзгөртүп, мөөнөтү өттү деп, сизди кылмыш жоопкерчилигинен бошоткон турбайбы. Бирок сиз өзүңүздүн кылмыш жоопкерчилигине тартылганыңыз тууралуу маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясына бербепсиз. Мен муну карап чыктым. Эртең Султанбай Абдирашитовичтин мандатын алып койсо, таң калбаңыздар. Мен аларга өтүнүч жөнөтүп, ушундай аныктама барбы десем, аларда жок экен", - деген Ташиев.

"Баланы сабап койгонум боюнча чын болсо, кана ошол видео далилдер? Аны көгөртүп, муунтуп, тепкилеп салгандай айтып жатасыңар. Ошол экспертизанын далилдери каякта? Бул жөн эле сөздөр. Тергөөчүлөр менин мойнума эч нерсе коё албай, бир жылга жакын созуп жүрүштү. Аягында мунун мөөнөтү өтүп кетиптир деп соттон бул ишти жапкан. Тагыраагы, менде эч кандай соттуулугум жок. Каттоодо да бул тууралуу маалымат жок", - деп жооп узаткан Айжигитов.

Беш күндөн кийин БШК Айжигитовду депутаттык мандатынан ажыраткан. Кийин саясатчы жубайы менен кошо УКМКга суракка чакырылган. Атайын кызмат депутаттын аялы мыйзамсыз негизде Жогорку Кеңешке ишке орношконун, кызмат абалынан кыянат пайдалануу беренеси менен иш козголгонун кабарлаган.

"Тергөөдө Султанбай Айжигитов 2021-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлангандан кийин кызматтык турак жай жана башка жеңилдиктерди жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланып, 2022-жылдын башында жубайы Гүлзат Жолдошованы Жогорку Кеңештин аппаратына мыйзамсыз жумушка орноштурууну уюштурганы аныкталган", - деп айтылган атайын кызмат тараткан билдирүүдө.

Айжигитов айыптоолорду четке кагып, бул саясий куугунтук экенин билдирип келет. Ал УКМК тергөөчүлөрү суракка алып баратканда күч колдонгонун, ооруканага жатууга аргасыз болгонуна айтат.

"Колумду көгала кылып, булчуңдарымды үзүп салышпадыбы. Ушул күнгө чейин колум жакшы иштебейт. Бир жагы шишип турат".

Депутаттын жубайы Гүлзат Жолдошева да УКМКнын кызматкерлерим тарабынан орой мамилеге туш болгонун билдирүүдө.

"Силер менен эч жакка барбайм, адвокатым менен барам дегениме карабай, он кызматкер машинеге күч менен салып, бир саатта УКМКнын имаратына алып барышты. Жеткенче суу берип койгулачы деп сурандым, суу да беришкен жок. УКМКнын имаратына жеткенде эки бутум иштебей, баса албай калдым. Бут кийимимди да кие албай калдым".

Жубайлардын айыптоосуна УКМК ошол кезде комментарий берген эмес. Бирок Ташиевдин жакын санаалашы Өткүрбек Рахманов алардын сабалганын четке каккан.

"Султанбай Айжигитовду да, анын жубайын да УКМК кызматкерлери "сабаган" эмес жана алар аны сабашы мүмкүн да эмес болчу. Бул тууралуу Айжигитов өзү да ачык эле интервьюларында айтып жатат. Колундагы көк ала кармоо учурунда ыкчам кызматкерлерге баш ийбей каршылык көрсөтүп, машинага олтурбай жулкулдашып атканда пайда болгонун айтты", - деп жазган Өткүрбек Рахманов Фейсбуктагы баракчасына.

Султанбай Айжигитов УКМКнын кызматкерлерине каршы Аскердик прокуратурага арыз жазганын белгилеп өттү:

"Бирок үч ай өткөндөн кийин сизди мыйзам чегинде эле сабашкан деген сыяктуу үч сап кат келиптир. Ошондо шарт өзгөрмөйүн, арыздануу деле бекер экен деп токтоп калдым. Он берене менен негиздеп, бийликти узурпациялап жатат деп, Ташиевдин үстүнөн Башкы Прокуратурага да, президентке да арыз жазгам, жооп келе элек".

Саясатчы азыр шарт өзгөрдү деп, Аскердик прокуратурага кайрадан арызданганы турат.

"Саясий иштерди атайын комиссия карап чыгышы керек"

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Адвокат Нурбек Токтакунов

Айжигитов жалгыз эмес. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кызматтан алынгандан кийин атайын кызматтын мыйзамсыз аракеттерине каршы Аскердик прокуратурага даттангандар көбөйгөнү айтылууда.

Жогорку Кеңештин 26-февралдагы жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева даттануулар көп түшүп жатканын билдирип, Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаевага саясий өңүтү бар чуулгандуу иштер кайра каралашы мүмкүнбү деген суроо узаткан:

"Жалпысынан болуп жаткан окуялардын баарын эске алганда, кандайдыр бир саясий жактан жумшарууну байкайбызбы? Кандайдыр бир чечимдер кайра каралабы?"- деген депутат.

Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева жарандын арызы боюнча же жаңы жагдайлар аныкталса гана иш кайра каралышы мүмкүн экенин, мыйзам бардык иштерди кароого жол бербей турганын айткан.

Бул арада адвокат Нурбек Токтакунов саясий боёгу бар иштерди атайын комиссия кайра карап чыгышы керек деп эсептейт.

"Мен Аскердик прокуратурага бардым, алар Башкы прокуратурага жөнөтүштү. Нары-бери жолдоп коюп отурушат. Мыйзам бузуу учурлары толтура. Эгер саясий иштерди атайын комиссия карабаса, президенттин кызыкчылыгы болгон иштер мурдагыдай эле кала берет. Президент пикири үчүн соттолгонду бошотсо, саясий туруктуулук ошондо орнойт".

Президент Садыр Жапаров Ташиевди отставкага кетиргенден кийин УКМК реформа болорун, чалгындоо иштери менен гана алектенип калаарын билдирген.

Ал укук коргоо органдарына кайрылып, бизнес өкүлдөрүнө кысым көрсөтүүнү токтотууну талап кылган. Бирок пикири үчүн кармалып, камалып УКМК кызматкерлери тарабынан кыйноого кабылдык дегендер боюнча Ынтымак-Ордонун позициясы жумшардыбы-жокпу айтуу кыйын.

Президент тандем ыдырай электе, 29-январда "Кабар" агенттигине чукул маек куруп, Кыргызстанда сөз эркиндиги жана демократия бар экенин айткан:

"Сөз эркиндиги жана демократия деген биринчи кезекте жоопкерчилик экенин эстен чыгарбасак. Укук коргоо органдары сүйлөп же сындап койгондорду кармап жаткан жери жок. Кармалгандар сөз эркиндигине жамынып алышып, өлкөдө башаламандык болуп кетсе деп тымызын иш алып баргандар. Же ачыктан-ачык эле конституциялык түзүлүштү бузууга чакырык жасагандар. Аларды башынан сылап отуруш керекпи? Адамды камап коюш оюнчук эмес. Органдар соттун санкциясы менен атайын иш-чараларды жүргүзөт. Аудио, видео далилдерди чогултушат".

Сөз соңунда Фейсбуктагы пикири үчүн алты жылга кесилген басма сөз кызматкери Эрнис Жээнтаев жөнүндө учкай айта кетели. Ага "Жапырт башаламандыктар" беренеси менен айып коюлуп, саясий тандемдин ыдырашы катуу талкууланып жаткан маалда, тактап айтканда 13-февралда өкүм чыккан. Бирок коомчулукка кабар 24-февралда гана жеткен. Көп узабай, апасы оорудан көз жумду. Журналист ага конвойдун коштоосунда топурак салып келди.

Гезит дизайнеринин апасы кайтыш болгондон кийин "Акипресс" агенттиги Ынтымак-Ордодогу өз булагына таянуу менен президент Эрнис Жээнтаевдин иши тууралуу кабардар болбогонун жана ушундай жаза сураган аткаминерлерди сындаганын жазды.

Эл аралык Human Rights Watch уюмунун 4-февралдагы жылдык баяндамасында 2025-жылы Кыргызстанда жарандардын сөз эркиндигине жана маалыматка жетүү укугуна олуттуу чектөөлөр киргизилгени айтылат.