Трамп Европаны көзөмөлү жок иммиграция жана климатка каршы күрөшү үчүн сындады

Окуу убактысы: 1 мүнөт

АКШ президенти Дональд Трамп БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-жыйынында Европа ачык чек ара саясатынан баш тартышы керектигин, болбосо ал анын түбүнө жетерин айтты.

АКШ президенти Дональд Трамп

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШ президенти Дональд Трамп

АКШ президенти Дональд Трамп иммигранттардын маданияты, дини башка экенин белгилеп, алар жергиликтүү маданиятты, экономиканы жана тартипти жок кылып жатат деп, келгиндерге каршы карапайым адамдардын жүйөлөрүн тизмектеп, анын администрациясы АКШга болгон мыйзамсыз миграцияны бөгөттөй алганын кыстара кетти.

Бир саатка созулган өз сөзүндө Трамп дүйнө лидерлерин сөз эркиндиги жана дин тутуу эркиндигин коргоого чакырды. Трамп өзгөчө христиан дини коргоого муктаж экенин баса белгилеп, азыр ал эң эле куугунтукка алынып жаткан дин экенин айтты.

Кошмо штаттарынын президенти мигранттардын массалык агымын ооздуктоого карата Европа эч аракет кылбай жатат деген пикирде:

"Иммиграция жана энергетика тууралуу өзүнө-өзү кол салчудай болгон идеялар, эгер тезинен чара көрүлбөсө Батыш Европаны талкалайт".

Трамп айласыздан өз өлкөсүнөн чыгып кетүүгө мажбур болгон качкындарга боору ооруса болорун, бирок АКШ менен Европа качкындар көйгөйүн чечүү үчүн өз өлкөлөрүндө маселе жаратпай, алардын өлкөлөрүн тартипке келтириши керек дейт.

Европа кайрадан жаралуу энергетикасына басым жасап жатканы да Трампка жакпай, шамал электростанцияларын ал "болбогон нерсе "жана өтө кымбатка турат деп сындады. Климаттын өзгөрүүсү тууралуу БУУда соңку кырк жылдан бери жаңырып келе жаткан апокалипсттик жоромолдорду ал "эң ири көз боемочулукка" теңеди.