Кыргыз-тажик чек арасы: маалыматтык тиреш күчөдү
Кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуялар үчүн тараптар бирин-бири айыптоодо. Ал арада фейк маалыматтар жана аккаунттар интернеттке жайнап, маалыматтардын аныктыгы, тактыгы тууралуу маселе күн тартибине чыкты.
Аза күтүү күнүндө элге кайрылган Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров дагы бул маселеге көңүл бурду.

Сүрөттүн булагы, Official
“Урматтуу кыргызстандыктар, ата-бабаларыбыз эзелтен сөз баккан эл. Интернет желесинде аралаган чагымчыл маалыматтарды ылгай билели. “Ачуу душман – акыл дос” дейт, ачууга алдырып, божомолдонгон, такталбаган маалыматтарга ишенип, ортого от жаккандардын торуна түшүп калбасаңыздар. Жүзү кара чагымчылдардын тилине кирип, стратегиялык өнөктөш, дос өлкөлөрдүн, бизге тилектеш элдердин дарегине жөн жерден жалаа жаап албайлы”, - деди Садыр Жапаров.
“Куралдуу агрессия” жана “душман” риторикасы
Кыргызстан өз аймагында болгон окуяларды Тажикстан тарабынан алдын ала пландалган куралдуу агрессия актысы катары баалайт. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта айтылат:
“Тажик тараптын “Тажикстан Республикасына куралдуу агрессия жасалды” деген негизсиз айыптоолору жоопкерчиликти жана күнөөнү Кыргыз Республикасына жүктөө максатындагы ыплас аракет деп эсептейбиз. Тажик тарап Кыргыз Республикасынын коргонуу аракеттерин дискредитациялоого багытталган, кеңири жайылган дезинформациялык кампанияны баштады”.
Кыргызстан Тажикстандын ТИМинин жана башка компетенттүү органдарынын маалыматы чындыкка дал келбесин жана буга далилдери бар экенин билдирди.
“Кыргыз тарапта тажик аскерлеринин Кыргыз Республикасынын аймагындагы агрессиянын башталышы, ошондой эле бардык мыкаачылыктары жана кылмыштары чагылдырылган толук далилдер (фото жана видео материалдар) бар. Керек болгон учурда кыргыз тарап аталган далилдерди берүүгө даяр”.
Тажикстандын ТИМи буга чейин Кыргызстанды "куралдуу агрессия" үчүн айыптаган.

Сүрөттүн булагы, official
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
18-сентябрда Тажикстандын ТИМинин басма сөз катчысы Шохин Самади “Кыргызстан Тажикстанга карата эч себепсиз агрессиялык акт жазады” деп айтканын тажик “Ховар” улуттук маалыматтык агенттиги жазып чыккан эле.
Самади Кыргызстандын чек ара күчтөрү кагылыштарды биринчи баштаган деп эсептейт.
Бирок кан төгүлгөн куралдуу кагылыштар кайсы жерде өттү, Кыргызстан тарап кол салса, өз аймагында ушундай кыйроолор болот беле деп суроо салгандар жок эмес. Буга Көк-Таш - Ак-Сай унаа жолунун 7-километринде 36 метрлик көпүрөнүн тажик аскерлери тарабынан жардырылышы да жүйө келтирилип жатат.
Ушул эле тажик ТИМинин өкүлү Шохин Самади Садыр Жапаровдун 17-сентябрда кайрылуусуна да токтолгон.
“...кыргыз тарап соңку күндөрү коңшусун “агрессор” кылып көрсөтүү үчүн каратып туруп калп айтып, Тажикстанга каршы маалыматтык кампаниясын улантып жатат, ошону менен чек арадагы кырдаалды чыңалтып жатат”, - деди тажик аткаминери.
Ал Кыргызстандын президенти элге болгон кайрылуусунда Тажикстанга карата “душман” деген сөздү колдонду, бул достук жана коңшулукка жатпайт деген. Мындан сырткары “Ховар” агенттиги бүгүн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин бейнесине токтолуп, Тажикстандын мурунку Тышкы иштер министри Хамрохон Зарифинин былтыркы макаласын кайра кайталап жазды.
Ошол эле учурда кыргыз расмийлери кырдаалды курчутпоо үчүн зарыл болгон кадамдардын баарын аткарып жатканын, кызыл кандуулукка алдырбоо керектигин байма-бай жарыялап жатканын байкоого болот.
Кыргыз-тажик ММКлары
Кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар эки өлкөдө эки башка өңүттө чагылдырылып жатат.
Кыргызстан тараптан “Factchek.kg”, “МедиаХаб”, “Темиров LIVE”, “Политклиника”, “Булак”, “Баштан башта” ресурстары чек арада тажик тарап биринчи кол салганын фото-видео факттар, космостон алынган сүрөттөр менен далилдеген иликтөөлөрдү даярдады.
Ал тургай “Политклиника” Баткенге мурдагы талаа командири делген тажик генералы “Шох” жетектеген согушкерлер кол салганын бир канча видеолорду анализдеп, таап чыкканын билдирди.

Сүрөттүн булагы, Politklinika
“Дүйнөлүк коомчулукка, ошол эле карапайым тажик элине чындыкты жеткирүүгө аракет кылып жатабыз. Коомдук сайттарда тажик тараптан уюушулган топ иштеп жактанын байкасак болот. Ал ортодо башка күчтөр да бар экенин да баарыбыз түшүнүп калдык. Кээ бир аккаунттар тигил, бул тарапка дагы маалымат таратып, каршылаштырууну күчөтүүнү максат кылганы байкалып калды”, -деп билдирди Би-Би-Сиге жарандык активист Атай Бейшенбек.
Белгилей кетчү жагдай, чек арада курман болгондордун жана жарадарлардын саны боюнча маалымат биринчи Кыргызстан тараптан ачыкталып, ал өлкөдөгү ондогон эркин басылмалар аркылуу бат тароодо.
Бул жагынан алганда Тажикстан курман болгон жана жарадарлар тууралуу маалыматтарды расмий деңгээлде бир топ убакыт ачыктабай келди.
Чек арадагы кырдаал боюнча маалымат негизинен Тажикстанда улуттук “Ховар” маалымат агенттиги, эркин “Азия-Плюс” онлайн басылмасы, “Диер” ТВ каналы, жана Эркин Европа/Азаттык үналгысынын “Озоди” тажик кызматы тарабынан чагылдырылууда.
Белгилей кетчү жагдай, “Ховар” маалымат агенттиги эл аралык мамилелер боюнча эксперт деп, жергиликтүү журналист Негматулло Мирсаидовдун пикирин жарыялады.
“Тажикстандын Бободжон Гафуров районуна караштуу Овчи Калъача айылындагы мечитке намаз маалында учкучсуз учактар менен аткылоону ырайымсыз террордук акт деп атоого болот”,- деген Мирсаидов.
Тажикстан жарандары социалдык тармактар аркылуу өрттөлдү делген ал мечиттин сүрөтүн таратып, Кыргызстан талкалап салганын жазып чыгышты.
Кыргызстандагы "Марал" радиосунун журналисттери бул маалыматтын чын-төгүнүн текшерип, ал Сириянын Алеппо шаарындагы "Омейяд" мечити экенин тактады.

Сүрөттүн булагы, Social media
Мечит демекчи, Баткен районунун Жаңы-Жер айылындагы мечитке да сокку болгонун кыргыз басылмалары жарыялады.

Сүрөттүн булагы, Kaktus
Ал арада ошол эле “Ховар” Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров чек арада атышууну кыргыздар баштады деп Facebook баракчасында билдирүү жазганын басып чыкты.
Бирок Мадумаров кыргызстандык "Кактус" басылмасына бул маалыматты четке кагып, ал фейк аккаунт экенин тактады:.
"Бизде аудитория, тилекке каршы, кайсынысы чын же жалган экенин айырмалай албайт. Алар так ушуга басым жасап жатат. Бул тажик атайын кызматтарынын кылган иши, алар кандай колунан келсе ошондой күрөшүп жатышат".
“Маалыматтык согуш эмес, коргоонуу”
Чек арада чыңалуу салыштырмалуу тынчыганы менен Интернет айдыңында тараптардын талаш-тартышы басылбай, ар ким өз чындыгын сүрөп жаткан чагы.
“Бул окуяларды маалыматтык согуш деп атабайт элем, кыргыз тараптан бул маалыматтык коргоону, каршы туруу аракети болду. Бул окуяларда эки тараптын тең аракетине байкоо салсак, окшош жагдайлары көп болду. Эки тарап тең бирин-бири “агрессор”, “тышкы душман” деген айыптарды коюп жатат. Бирок кыргыз тарап бул жаатта бир топ эле тажрыйба алып калгандай көрүндү. Мисалы, маалыматтык агым мурдагыдай болбой бир топ эле ыраттуу жүрдү”, -деди Би-Би-Сиге медиа эксперт Алмаз Турдумаматов.
Белгилеп кетчү дагы бир жагдай, чек арадагы кырдаал боюнча тажик расмийлеринин позициясы жарыяланып жаткан “Ховар” улуттук агенттигинин бир катар шилтемелери кыргызстандык окурмандар үчүн ачылбай жатат. EK





























